Түркия Стамбулдагы жардырууну уюштургандарга «катаал жооп» берет

Түркия Стамбулдагы жардырууну уюштургандарга «катаал жооп» берет

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууну уюштургандар катаал жооп аларын билдирди. Кечээ, 13-ноябрда Стамбулдун эл көп жүргөн Истиклал көчөсүндө жарылуу болуп, 6 киши каза таап, кеминде 53 киши жаракат алган.  Кийинчерээк Түркиянын вице-президенти Фуат Октай окуядан 81 адам жабыркаганын айтып, өлкө бийлиги жардырууну теракт катары баалап, аны аял жасаганын белгиледи. “Бизде из бар. Буйрук Кобаниден (Сириядагы шаар) түшкөн деген шек бар, кылмышкер Африн аркылуу өткөн. Учурда мунун баары такталууда”, — деди Сойлу журналисттерге….

Прочитайте больше

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна толук кандуу мүчө боло алган жок

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна  толук кандуу мүчө боло алган жок

 Өзбекстандын Самарканд шаарында 11-ноябрда өткөн Түрк мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын кеңешинин саммитинин жыйынтыгында Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчөлүгү жарыяланган жок. Буга чейин, 29-сентябрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Самаркандда өтө турган саммитте Түркмөнстан уюмга толук кандуу мүчө болору күтүлүп жатканын билдирген эле. “Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин байкоочу болгон Түркмөнстан Түрк мамлекеттери уюмунун толук кандуу мүчөсү болот.  Муну менен түрк тилдүү үй-бүлөбүздү толуктайбыз”, – деп айткан ал. Бирок бул жолку жыйында Түркмөнстандын мүчөлүгү жөнүндө…

Прочитайте больше