Индонезияда жер титирөөдөн курман болгондордун саны 162ге жетти

  Кечээ, 21-ноябрда Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен катуу жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 162ге жетти. Бул тууралуу Батыш Яванын губернатору Ридван Камил билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, көз жумгандардын көбү балдар. “Индонезиянын метеорология агенттигинин чалуу борборуна 162 адам каза тапканы тууралуу маалымат түштү. Алардын басымдуу бөлүгү балдар болгондуктан абдан тынчсызданып жатабыз. Бул аймакта мектеп-интернат көп. Ошол себептен жашы жетелектер арасында өлүм көп катталган”, – деген ал. Губернатор 326 тургун оор жаракат алганын белгилеп,…

Прочитайте больше

Ооганстанда кышында гуманитардык катастрофа болушу мүмкүн

Ооганстанда кышында гуманитардык катастрофа болушу мүмкүн

 Ооганстан келе жаткан кышта гуманитардык катастрофага кабылышы ыктымал. Мындай пикирин Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун операциялар боюнча директору Мартин Шупп The Washington Post гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, оогандар күн санап жашоо үчүн жана үйлөрүн жылытууга жок дегенде отун сатып алуу үчүн болгон мүлкүн сатууга барган сайын аргасыз болушууда. Мындан тышкары, өлкөдө азык-түлүккө жана негизги керектелүүчү товарларга болгон баалар тынымсыз жогорулап жатат. Шупп Ооганстан Талибандын бийлиги астында экинчи кышты сырттан жардам албастан өткөргөнү жатканын жана өлкөдө…

Прочитайте больше

Түркиянын Каркамыш шаарына ракета атылып, 9 киши жабыркады

Түркиянын Каркамыш шаарына ракета атылып, 9 киши жабыркады

 Сириядагы Күртстан жумушчу партиясынын (ПКК) согушкерлери тарабынан Түркиянын Сирия менен чектешкен Каркамыш шаарына төрт ракета атылып, алардын бири мектепке тийди. Кээ бир снаряддар шаардын борборунда жарылган. Ракеталык чабуулдан үч адам каза таап, алты киши жаракат алганын Milliyet басылмасы жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазды. Каза болгондордун арасында бир бала бар экенин Түркиянын ички иштер министрлигинин башчысы билдирди. Газиантеп провинциясынын губернатору Давут Гюль жаракат алгандардын экөөсүнүн абалы оор деп бааланып жатканын айтты. “YPG/ПКК мүчөлөрү тарабынан атылган төрт ракета райондун…

Прочитайте больше

Эрдоган АКШны күрд согушкерлерин курал менен камсыздоодо деп айыптады

Эрдоган АКШны күрд согушкерлерин курал менен камсыздоодо деп айыптады

 Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарын акыркы жылдары Сириядагы күрд топторуна миңдеген жүк ташуучу унаалар менен ок-дарыларды жеткирген деп айыптады. Бул тууралуу Анадолу агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды. Эрдоган Түркиянын НАТОдогу өнөктөшү Сириядагы акыркы жылдары террорчулар баш калкалаган аймактарга ок-дары жана курал-жарак жеткирип келгенине нааразы экенин билдирип, Барак Обаманын убагынан бери уланып келе жаткан “салт” Дональд Трамптын, Жо Байдендин тушунда да өзгөрүүсүз келе жатканын сынга алды. Ошондой эле, ал Анкара Сирия маселеси боюнча тынчсызданып жатканын Вашингтонго кабарлаганын айтты….

Прочитайте больше

ЕБ Борбор Азия аркылуу Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрөт

ЕБ Борбор Азия аркылуу Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрөт

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Борбор Азия өлкөлөрү Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдикти “эң ылайыктуу өнөктөш” деп эсептейт. Өз кезегинде ЕБ чөлкөмдөгү мамлекеттер менен мамилесин бекемдөөгө кызыкдар. Боррелль ЕБ менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер чың эмес экенин белгиледи. “Борбор Азия өлкөлөрү Европанын жана дүйнөнүн базарларына Россиянын аймагы аркылуу гана чыгуу мүмкүнчүлүгүнө…

Прочитайте больше