Иран парламенти Евробиримдик өлкөлөрүнүн армиясын террордук уюм катары тааныганы жатат.
Иран парламенти Евробиримдик өлкөлөрүнүн армияларын террордук уюм деп тааныган учурдагы мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизгени жатат. Бул Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Евробиримдиктин террордук уюмдардын тизмесине киргизилгенине жооп болмокчу.
Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Ахмад Надери билдирди.
“Парламентте “АКШнын Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм катары таануусуна жооп кайтаруу чаралары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалды. Бул долбоор Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизген Европа Биримдигине кирген бардык мамлекеттерге, ошондой эле алардын куралдуу күчтөрүнө, уюмдарына жана институттарына тиешелүү болот”, – деди Надери.
19-январда Европарламент Евробиримдиктин жетекчилигин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүүгө чакырган резолюцияны жактырган.
Буга байланыштуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелл менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Европарламент бул ойлонбогон иш аракети менен өзүнө зыян келтирерин эске салды. Ал Европаны импульсивдүү ниетинин терс кесепеттери жөнүндө ойлонууга жана Иран менен конструктивдүү алакага өтүүгө чакырды.