Путин аскерге чакыруу жарлыгына кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин күз айында аскерге чакыруу жарлыгына кол койду. Буга байланыштуу документ укуктук маалымат интернет-порталына жарыяланды. Ага ылайык, аскерге 120 миң жоокер чакырылат.

Башкы штабдан билдиришкендей, жаңы чакырылган жоокерлер Укрианадага согушка жиберилбейт, алар демобилизациядан кийин үйүнө жөнөтүлөт.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан.

“Новая газета. Европа” басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды. “Медузанын” маалыматына караганда, кеп 1,2 млн. адам тууралуу болуп жатат.

Комментарий жиберүү