Россияда “Коомдук пикир” фондунун сурамжылоосу өлкө жарандарынын 75%ы өлкө президенти Владимир Путинге ишенишерин көрсөттү.Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сурамжылоого катышкандарын 14%ы ишенбей турганын билдирсе, дагы 11%ы жооп берүүдө кыйналышкан.
Ошондой эле, сурамжылоодо россиялыктардын 77%ы өлкө президенти өз кызматында жакшы иштеп жатат деп айтышса, 10%ы начар иштеп жатат деп эсептешерин билдиришкен.
“Коомдук пикир” фондунун сурамжылоосу 18-20-ноябрда РФ 53 аймагындагы 104 калктуу конушта 18 жана андан жогорку жаштагы 1,5 миң респондент арасында жүргүзүлгөн.