22-июнга карата өлкө боюнча коронавирус дагы 931 адамдан аныкталганын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бир сутка ичинде Бишкек шаарында – 435, Ош шаарында – 147, Чүй облусунда – 129, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 41 адамдан вирус табылган.
Ошол эле учурда сутка ичинде оорудан 522 адам айыгып чыкты.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 436 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 173 адам дарыланууда.
Ошондой эле бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Пандемия башталгандан бери 5 миң 156 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 776 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 116 миң 546га жетип, алардын ичинен 105 миң 932 киши айыгып, 1 миң 945 адам каза тапты.