Кадыр ажы Маликов: Аалымдар мусулман жаштар менен архаикалык эмес, заманбап түшүнүктө сүйлөшүүлөрү керек

Кадыр ажы Маликов: Аалымдар мусулман жаштар менен архаикалык эмес, заманбап түшүнүктө сүйлөшүүлөрү керек

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын (муфтият) Уламалар Кеңешинин мүчөсү, экс-муфтийдин орун басары, аалым, Кадыр ажы Маликов Кыргызстандагы мусулмандардын диний-руханий абалы тууралуу “Eurasia Today” агенттигине маек берди.  – Кадыр ажы, жакында Уламалар Кеңешинин кезектеги курултайы өткөрүлөт, анда жаңы муфтий жана Уламалар Кеңешинин жаңы мүчөлөрү шайланышмакчы. Сиздин оюңуз боюнча, Кыргыз Республикасынын жаңы муфтийи кандай критерийлер менен шайланууга тийиш? – Ассалому алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху. Менин оюмча, жаңы муфтий светтик жогорку билимге жана диний жогорку билимге ээ, мурда…

Прочитайте больше

Орозо айы 13-апрелде башталат

Орозо айы 13-апрелде башталат

Кыргызстанда Орозо айы 13-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, муфтият Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде 2021-жылдагы ыйык Рамазан айынын биринчи күнү деп 13-апрель белгиленди. Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Прочитайте больше

Уурдалган сөз – “Аллаху акбар!”

Уурдалган сөз – “Аллаху акбар!”

Динден анча түшүнүгү болбогон адамдар “Аллаху акбар” деген сөздөн коркушат. Муну сиздер дос-тууган, кошунаңардан деле байкап көрсөңөр болот. Анткени исламды жамынган душмандардын айынан дүйнөдөгү көпчүлүк адамдарда “Аллаху Акбар” сөзүн зордук-зомбулук, киши өлтүрүү, курал-жарактар менен байланыштырышат. Бул жарык дүйнөгө жаңы гана келген ымыркай эң биринчиден болуп “Аллаху акбар” деген сөздү угат, мусулмандар 5 убак намазда бир нече жолу “Аллаху акбар” деп айтышат. Эмне себептен Аллахты улуктаган бул сөз зордук-зомбулуктун символуна айланды? Эмне үчүн биз өзүбүзгө таандык…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). 1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши. Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала…

Прочитайте больше

8 хадис: Кошунага мамиле

8 хадис: Кошунага мамиле

Аллах Таала Ыйык Куранда пенделерин кошунасына жакшы мамиле кылууга буюрган. Кошунанын акысы, аларга болгон мамиле тууралуу ишенимдүү (сахих) хадистерде кенен баяндалат: Кошунаңызга жакшы мамиле кылыңыз 1- Ибн Умар менен Айша (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлашат: “Жабраил мага кошунага жакшы мамиле кылуу тууралуу насыяттарын токтотпогондуктан, мен аны (кошунаны) ал тургай мураскорлордун катарына кошот окшойт деп ойлогом” (Бухарий; Муслим). Оокат-ашыңызды кошунаңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз 2- Абу Заррдын…

Прочитайте больше

Рамазанга чейин 5 карыздан кутулуңуз

Рамазанга чейин 5 карыздан кутулуңуз

Бир жылда бир келчү Ыйык Рамазан айына 1 айга жетпеген убакыт калды. Бул айда сансыз күнөөлөр кечирилип, амалдардын сообу бир канча эсеге көбөйтүлөт. Ар бир мусулман бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кармап калууга аракет кылат. Бул берекелүү айды жакшы даярдык менен тосуп алуу үчүн эмне кылуу керек? Албетте, биринчиден, карыздардан кутулуудан баштоо зарыл. Эскерте кетсек, карыздардан Рамазан айына чейин кутулуп, даярдык көргөн жакшы, а эгер мындай кыла албай калса, ал күнөө катары эсептелбейт. 1 – карыз. Күнөөлөрдүн…

Прочитайте больше

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы майайына жылдырылды

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы майайына жылдырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши кечээ, 30-мартта чукул жыйынга чогулду. Анда Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылып, толук эки айдан кийин өткөрүү чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, буга чейин Курултай 4-апрелге белгиленген болчу. Анда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жаңы дайындоолор болмок. Бирок Аалымдар Кеңеши талапкерлердин тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү…

Прочитайте больше

Туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова багымдатка жеңил ойгонуунун сырлары менен бөлүштү

Туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова багымдатка жеңил ойгонуунун сырлары менен бөлүштү

Багымдат намазына уктап калбай сергек ойгонуу үчүн эмне кылуу керек? Уйкунун сапаттуу жана организмибизге пайдалуу болушуна кандай факторлор таасир этет? Бул суроолорго туура уйку боюнча адис жана аялдарды өнүктүрүү жаатында тренер Назгүл Сулайманова жооп берди. – Ассалам алейкум, Назгүл айым. Маегибиздин негизги темасы – багымдат намазына кантип жеңил ойгонсо болот. Бирок алгач уйку тууралуу сөз кылсак… – Валейкум ассалам. Туура айтасыз, багымдат намазына жеңил ойгонуу үчүн уйку режимин жөнгө салып, калыбына келтирүү керек. Уйку- бул…

Прочитайте больше

Иранда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстан 3-орунду алды

Иранда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстан 3-орунду алды

Кыргызстандык Куран каарысы Мухаммедали Умаров Иран мамлекети уюштурган Дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу Eurasia Today маалымат порталы UMMA журналына шилтеме берип маалымдайт.Белгилей кетсек, 17-февралда онлайн форматта өткөн Дүйнөлүк Куран жарышына 46га чукул өлкө катышкан. Жарыштын натыйжалары жарыяланып, анда кыргызстандык 22 жаштагы Мухаммедали Умаров 3-орунга татыктуу болгону жарыяланды. Ал эми Иран биринчи орунду, Египет экинчи орунду алышкан.Эске салсак, Дүйнөлүк Куран жарышы апрель айында өтмөк, бирок пандемияга жараша февралда онлайн форматта өткөрүлдү.Мекендешибиз Мухаммедали Умаров Ыйык Куранды жатка айтуу…

Прочитайте больше

Муса алейхиссалам

Муса алейхиссалам

Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Пайгамбарлар арасында үстөмдүктөрү болгон жана «улу’л-азм» деп аталган алты пайгамбардын үчүнчүсү. Аллаху таала менен сүйлөшкөндүгү үчүн «Калимуллах» делген. Бани Исраилге келген. Якуб алейхиссаламдын урпагынан чыккан. Харун алейхиссаламдын бир тууганы. Атасынын аты Имран. Энесинин аты Нужайб же Нажия же Юхабил. Хазрети Юсуфтан кийин Мысырда Исраил уулдары абдан көбөйүштү. Булар Хазрети Якуб жана Хазрети Юсуф билдирген динге ишенишип, буйруктарын орундап жашашчу эле. Мысырдын жергиликтүү эли Кыбти коому болсо жылдыздарга, буттарга сыйынышчу жана Исраил…

Прочитайте больше

Адам алейхиссалам

Адам алейхиссалам

Жер бетинде жаратылган алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар, бүткүл адамзаттын атасы. Адам алейхиссалам жаратылуудан мурда бүткүл ааламдар жана ал ааламдардагы нерселер “Алам-и малакут” делген бүткүл рухтар, “Алам-и мүлк” делген материалдык ааламында да Арш азам, курси, Жаннат, Жаханнам, жети кабат асман жана башка барлыктар, периштелер жана жиндер жаратылган эле. Аллаху таала периштелерине асманды, жиндерге болсо жер жүзүн мекен кылды. Жиндер жер бетинде көп убакыттар жашашты (бир риваят боюнча алтымыш миң жыл). Кийин араларында көралбастык жана азгындоо…

Прочитайте больше

Эне-атага кызмат

Эне-атага кызмат

Ыймандан кийинки биринчи вазыйпабыз – эне-атанын көңүлүн оорутпоо. Алар канчалык жаман болсо дагы бардык нерсенин үстүндө акылары бар. Алардын көңүлүн ооруткан адамдын ибадаты кабыл болбойт. Мусулман болуп туулуубузга жана мусулман болуп чоңойуубузга себепчи болгон эне-атабыздын көңүлүн оорутсак Жаннатка кирүүнү ойлой алабызбы? Мусулман эне-атабыз бизден ыраазы болмоюнча Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуубуз өтө кыйын. Жакшылык кылып, алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек! Аллаху таала: «Эне-атага жакшылык кылгыла», – деп буюрууда. (Ниса 36, Энам 151, Анкебут 8) Хадиси шарифтерде дагы буюрулду:  «Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү…

Прочитайте больше

Мусулман айымдар Муфтиятта аялдар бөлүмүн ачууну талап кылышууда

Мусулман айымдар Муфтиятта аялдар бөлүмүн ачууну талап кылышууда

Кыргызстан мусулмандар аялдар коому КМДБнан жана аалымдар кеңешинен орун талап кылышууда. “Eurasia Today” маалымат порталыныны кабарчылар тобу билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мусулман аялдар жамааты өлкөнүн Мусулмандар Диний Башкармалыгында жана Аалымдар кеңешинде аялдар бөлүмүн  ачуу маселесин кызуу талкуулашууда.Албетте, бул талкууда маселени колдогондор көп болгону менен кескин каршы чыккандар да жок эмес. Ал эми КМДБда аялдардын бөлүмү канчалык зарыл? -деген маселеге көптөгөн аялдар өз ой-пикирлерин билдиришти.Дегеле коомубузда кыз-келиндердин, үй-бүлөлүү аялдардын көйгөйлүү маселелери жок эмес. Мисалы, калктын аярлуу…

Прочитайте больше

Жактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар

Жактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар

Суроо: Жакындарыбыздан бири кайтыш болсо башыбызга каза келет. Сабыр кылбоо күнөөбүү? ЖООП Дүнүйө кыйынчылыктардын үстүнө курулган. Сабыр кылуудан башка чарасы жок. Үч сабыр өтө сүйүктүү: күнөө кылбоого сабыр, азап жана кайгыларга сабыр. Баласынын өлүүсү, мал-мүлкүнүн колунан чыгуусу жана көз, кулак сыяктуу органдардын көрбөөсү жана укпоосу сыяктуу адамдын каалоосу менен башланышы болбогон кайгыларга сабыр кылуудан да жогору сабыр жок. Азаптарга сабыр кылуу – бул сыддыктардын даражасы. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле: “Йа, Рабби, азаптар…

Прочитайте больше

Орозо айынын болжолдуу датасы белгилүү болду

Орозо айынын болжолдуу датасы белгилүү болду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мусулмандардын Орозо күнүнүн болжолдуу башталыш күнүн аныктады.  Бул тууралуу Kaktus Media порталы КМДБнын басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, быйыл ыйык Рамазан айы 13-14-апрелде башталат.КМДБ ошондой эле болжолдонгон күн өзгөрүшү мүмкүн деп белгиледи. Акыркы чечим дин кызматкерлери айдын жаңыруу абалын белгилегенден кийин кабыл алынат.Рамазан – мусулмандар үчүн ыйык орозо айы жана исламдын беш түркүгүнүн бири. Орозодо күндүзү орозо кармагандар жегенден, суу ичкенден жана башка суусундуктардан, тамеки жана жыныстык жакындык…

Прочитайте больше
1 10 11 12 13 14