Кыргызстанда эл аралык жоолук күнү өтүүдө (фото)

Кыргызстанда эл аралык жоолук күнү өтүүдө (фото)

Бишкекте Дүйнөлүк “жоолук” күнүнө карата атайын азем өткөрүлдү. Euroasia today агенттигинин кабарчылар тобу билдиргендей, Бишкектин Hayat резиденциясында 1-2 февралдарда  Umma журналы уюштурган “эл аралык жоолук” күнү өткөрүлдү.Белгилей кетсек, быйыл “Дүйнөлүк жоолук күнүнүн” өкүлү дайындалган “Умма” журналы, аялзатынын ыйык баш кийими болгон эл аралык жоолук күнүнө карата атайын жөрөлгөлөрдү уюштурду.Аземге Кыргызстан муфтийинин орун басары, белгилүү теолог Кадыр ажы Маликов жана Умма журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Саттарова, жана ардактуу коноктор катышышты.Аземге ошондой эле муфтияттын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов катышып, аял заттын…

Прочитайте больше

Иерусалим (аль Кудус) тууралуу маанилүү 10 факт

Иерусалим (аль Кудус) тууралуу маанилүү 10 факт

Иерусалим жана андагы Аль-Акса мечити тууралуу билесизби? Алар ыйык шаар жана ыйык мечит саналып, исламдын маанилүү символдорун түзөт. Төмөндө Иерусалим жана Аль-Акса тууралуу маанилүү жана кызыктуу 10 фактыны сунуштайбыз. 1- Иерусалимдеги аль-Акса мечити – Исламдын маанилүү символдорунун бири. 2- Аль-Акса – мусулмандардын биринчи кыбыласы. Аллахтан кабар келгенге чейин мусулмандар 16-17 ай бою бул мечитти карай түздөнүп намаз окушкан. 3- Аль-Акса -жердеги 2-мечит. “О, пайгамбарыбыз! Кайсы мечит жер жүзүндө биринчилерден болуп салынган?”, – деп сурашканда, ал:…

Прочитайте больше

Намаз – улуу буйрук

Намаз – улуу буйрук

Адам алейхиссаламдын заманынан бери ар бир динде бир маал намаз бар эле. Бардыгы чогултулуп, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө фарз кылынды. Намаз окуу ыймандын шарты эмес, бирок, намаздын фарз экенине ынануу ыймандын шарты. Намаз –  диндин тиреги. Намазын үзгүлтүксүз, так жана толук окуган адам динин, Ислам имаратын түптөн тургузган болот, ал эми намаз окубаган адам Ислам имаратын, динин кулаткан болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Динибиздин башы – намаз». Башсыз адам болбогон сыяктуу эле, намазсыз да дин болбойт. Намаз – Ислам…

Прочитайте больше

Кадыр ажы Маликов окурмандардын үй-бүлө тууралуу актуалдуу суроолоруна жооп берди

Кадыр ажы Маликов окурмандардын үй-бүлө тууралуу актуалдуу суроолоруна жооп берди

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов “Дело №” гезитинин окурмандарынан түшкөн суроолорго кенен жооп берди. Окурмандарды көбүнчө учурда өтө актуалдуу болуп жаткан үй-бүлө мамилелери боюнча суроолор кызыктырган. Материал толугу менен “Дело№” гезитинен которулду. Карантин убагында үй-бүлөлүк зордук –зомбулук күчөп кеткенин байкадык. Аялдарга кол көтөрүүгө ислам дини уруксат береби? Ислам дининде аялдарга кол көтөрүп, зулумдук кылууга уруксат берилген эмес. Негизи эле Ислам боорукердикке, кечиримдүүлүккө жана мээримдүүлүккө чакырат. Шарият боюнча, эркек киши үйлөнгөндө, ага үй-…

Прочитайте больше

Пайгамбарсыз дин болбойт

Пайгамбарсыз дин болбойт

Пайгамбарсыз дин болбойт Суроо: Куранда жок экенине карабастан намаздарда “субаханака”, “аттахыййату”, “салли-барик” дубалары эмнеге окулат? Эгер хадистерде бар десеңер мен хадистерге ишенбейм. Себеби, аларды Амавилер ойлоп тапкан. Салли барик окуу менен Расулга сыйынган болуп жатпайбы? Жооп Курани карим Расулуллахка түшкөн эмес беле? Расулуллах намаз окуган жок беле? Өмүрү боюнча окуган намазы таватур менен, б.а., ижма менен билдирилген эмес беле? Ал окуган намаз сыяктуу намаз окуу эмнеге жаңылыш болсун? Намаздын кантип окула тургандыгы, канча рекет экендиги, кайсыл убакыттарда окула…

Прочитайте больше

Эмгектенүү ибадат

Эмгектенүү ибадат

Суроо: Эмгектенүү ибадатпы? ЖООП Момундун эмгек кылуусу ибадат болуп саналат. Бирок, ыймансыз болсо ал адамдын эмгектенүүсү ибадат болбойт. Мен намаз окубайм, бирок, эмгектенип жатам, бул дагы ибадат деп айтуу жаңылыш. Намаз окубаган адамдын дагы эмгектенүүсү ибадат болбойт. Эч кимге муктаж болбоо үчүн эмгектенүү өтө жакшы. Пайгамбарыбыз Хазрети Муаз менен мусафаха кылган (кол алышкан) кезде буюрду: -Йа, Муаз, колдоруң жооруп калыптыр. -Ооба, йа Расулаллах, жер казыр иштейм, ушинтип бала-чакамдын нафакасын таап жатам. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”…

Прочитайте больше

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Мен Бруней-Даруссалам султандыгында жашап жүргөн кезимде бейшемби күндөрү кимдир-бирөөнү көчөгө алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Качан болбосун бардыгы : “Бүгүн жума түнү, үй-бүлөбүз менен бирге “Кахф” сүрөсүн окуйбуз”,- деп жооп беришет эле. Жума күнү Ыйык Курандын он сегизинчи сүрөсүн окуу сүннөт болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, исламга ылайык, Шам намазынан кийин жаңы күн башталат. Ошондуктан, бейшемби күнкү кечти – “Кахф” сүрөсүн окууга арноо керек. “Кахф” сүрөсү сегиз бөлүккө бөлүнгөн, аларга көз салып көрөлү. Жума күндөрү “Кахф”…

Прочитайте больше

Тарыхка чоң из калтырган Мухаммед аттуу 5 улуу инсан

Тарыхка чоң из калтырган Мухаммед аттуу 5 улуу инсан

Мухаммед деген ысымды укканда алгач эле оюңузга ким келет? Албетте, көпчүлүгү сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедди ﷺ эстешет, андан кийин белгилүү боксчу, өз доорунун легендасы Мухаммед Али эске түшөт. Бирок ушул асыл ысымга ээ дагы башка инсандарды билебизби? Сиздерге Мухаммед деген ысымды алып жүргөн 5 улуу адамдын кыскача өмүр таржымалын сунуштайбыз. 1) Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми Алардын алгачкылары – алгебранын атасы катары таанымал Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми. Бул инсан 780-850- жылдары жашап өткөн. Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми…

Прочитайте больше

Исламга каршы “Динде реформа” кыймылы жана анын өкүлдөрү

Исламга каршы “Динде реформа” кыймылы жана анын өкүлдөрү

Табиин жана кийинки доорлордо Хазрети Пайгамбардын мурасчылары болгон Мужтахид аалымдар Ислам дининин өзгөчө Акаид жана Фыкыхка байланыштуу рукун жана негиздерин аныктап, түшүндүрүшкөн. Бирок, түрдүү себептер менен бул негиздерди кабыл кылбаган же буларга терс түшкөн фырка жана уюшмалар пайда болгон. Хадиси шарифтерде баяндалгандай булардын Исламды жаңылыш түшүнгөн, бузган жана накыл кылган кишилер менен топтор экендиги белгилүү. Ахли сүннөт аалымдары хадистерге таянып «бидат жана далалат» топтор деп сыпаттаган бул «акыйда жана амал жагынан адашкан топтор» заманыбызда түркүн аттар менен мусулмандардын ыйман жана ибадаттарын…

Прочитайте больше

Кээ бир дубалардын маанилери

Кээ бир дубалардын маанилери

Таңда жана кечте 100 жолу окулса бардык күнөөлөр кечириле турчу таспих: (Субханаллахи ва би-хамдихи, субханаллахил азим) Мааниси: Кемал сыфаттар менен сыпаттанган жана кемчилик сыпаттардан бери болгон Аллахты хамд менен таспих кылам. Намазда таспихтерди тарткандан кийин дуага колдорду көтөрүп жатканда окулганда күнөөлөр кечириле турган дуа: (Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шерике лех лахулмулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шейин кадир) Мааниси: Аллахтан башка илах жок. Ибадатка ылайык жалгыз Аллах, Ал бир, ортогу жок, аалам Анын…

Прочитайте больше

Салам берүү

Салам берүү

Суроо: Салам берип жатканда эл арасында: «Салавалейким» – деп жатабыз. Бир-эки адам болсо: «Салавалейкимдер» дей салабыз. Ушул сөз туурабы? Мааниси кандай? ЖООП: Салам бергенде “Ассаламу алейкум” деп айтылат. Саламды алганда “Ва алейкум ассалам” деп айтылат. “Салавалейким” деген сөздүн эч кандай мааниси жок бош сөз. Артына көптүк түрдүн мүчөсүн улоо да туура болбойт. Көп адамга да, бир адамга да “Ассаламу алейкум” деп салам берилет. Салам берүү сүннөт, ал эми саламды алик алуу парз. Салам берээрде саламдын сүннөт экендигин ойлонуу керек жана ал адамга…

Прочитайте больше

Сүйлөө адеби

Сүйлөө адеби

Сүйлөө адептеринин биринчиси – көп сүйлөбөө. «Көп сөз жалгансыз болбойт, көп мал арамсыз болбойт» деген сөз бар. Көп сүйлөө – зээндин кемчилигинин жана акылдын аздыгынын белгиси. Адамдын урматын, кадырын кетирет. Хазрети Айша энебиз мындай деген: «Эч бир сөзү бош болбогон Расулуллах алейхиссалам аз жана орундуу, так-даана сүйлөчү. Бир мажилисте сөз сүйлөсө мубарек оозунан чыккан сөздөрүн саноого болор эле.» Бирөө сага карап сүйлөсө ал сөзүн бүтүрө электе жооп берүүнү баштаба. Акылдуу киши суроону көңүл коюп угат, суроо коюлуп…

Прочитайте больше
1 12 13 14