Орусияда коронавируска каршы вакцина сагыз түрүндө чыгарылат

Орусияда коронавируска каршы вакцина сагыз түрүндө чыгарылат

Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук илимий-изилдөө институту коронавирустук инфекцияга каршы препаратты сагыз түрүндө иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу РБК агенттигине ведомствого жакын булак билдирди. Булактын айтымында, ишти Коргоо министрлигинин № 48 Борбордук илимий-изилдөө институту жүргүзүп жатат. Буга чейин, бул аскердик институт Гамалея атындагы илимий-изилдөө борбору менен биргеликте COVID-19га каршы “Спутник V” вакцинасын иштеп чыгууга катышкан. Бул маалыматты Борбордук илимий-изилдөө институтунун директору полковник Сергей Борисевич РБКга тастыктады.“Ооба, бул багытта иш жүрүп жатат”, – деди ал РБКга. Булактын…

Прочитайте больше

Кыргызстанда 2023-жылга чейин 5G технологиясы ишке киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда 2023-жылга чейин 5G технологиясы ишке киргизилиши мүмкүн

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылга чейин 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик экономикасынын 2021-2023-жылдардагы консепциясында айтылат. Ведомство ушул тапта 4G түйүндөрүн өнүктүрүү тиешелүү чегине жете электигин, ага карабай улуттук телекоммуникациялык тармак 5G технологиясын ишке киргизүү алдында турганын белгилеген. “Жаңы технологиялар маалыматты берүүдө кечигүүнүн алдын алып, жасалма интеллектти ишке киргизүүгө жана жайылтууга жардам берет. Анын жардамы менен “акылдуу шаарларды” жана “үйлөрдү” куруу, аралыктан башкарылуучу автоунааларды пайдалануу, мындан тышкары өндүрүштө, кеңселерде, соода борборлорунда, социалдык жана…

Прочитайте больше

Малайзияда температурасы жогору адамдарды атайын дрондор издешет

Малайзияда температурасы жогору адамдарды атайын дрондор издешет

Малайзия бийлиги дене табы жогору адамдарды табуу үчүн дрондорду колдоно баштайт.  Белгилей кетсек, инфракызыл датчиктер менен жабдылган дрон-сканерлер адамдардын температурасын 20 метрге чейинки бийиктиктен аныктап, дене табы бар экендигин эскертет.Эске салсак,буга чейин өлкө бийлиги коронавируска каршы иш-чаралардын кеңири сакталышын камсыздоо максатында пилотсуз учактарды колдонушу мүмкүн экендигин эскерткен.Пандемия башталгандан бери Малайзияда 616,8 миңден ашуун COVID-19 инфекциясы аныкталды жана 3,3 миңден ашуун бейтап каза болду.

Прочитайте больше

Инсультту алдын алуучу чип ойлоп табылды

Инсультту алдын алуучу чип ойлоп табылды

Гарвард университетинин окумуштуулары инсульт коркунучун алдын ала билүү үчүн теринин астына коюла турган кичинекей чипти ойлоп табышты. Atrial fibrillation менен ооруган адамдар тез-тез инсульт болуп, кээде диагноз коюлбай, өз убагында дарыланбай калышат. Ушуга байланыштуу илимпоздор инсульттун кайталанышы ыктымал бейтаптарды аныктоонун жолдорун издеп жатышат.  Гарвард университетинин окумуштуулары азыр чакан микросхеманы иштеп чыгышты, ал тери астына түшкөндө инсульттун кайталанышын аныктай алат. Жүрөктүн кагышын жана ритмин көзөмөлдөө менен, чип дарыгерлерге криптогендик инсультту башынан өткөргөн бейтаптардагы фибрилляцияны аныктоого жардам…

Прочитайте больше

Финляндияда көчө тазалоочу робот-чаң соргуч пайда болду (видео)

Финляндияда көчө тазалоочу робот-чаң соргуч пайда болду (видео)

Эгер мурун биз робот-чаң соргучтарды үйдөн гана көргөн болсок, эми ал Финляндиянын ири шаарынын көчөлөрүндө пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Автоматташтырылган машина жолдорду бир нече саат катары менен тазалай алат. Ал жолдогу таштандыларды тазалоо үчүн айланып турган щеткаларды колдонот. Робот-чаң соргучту финляндиялык “Trombia Technologies” компаниясы жасап чыгарган. Учурда толук автоматташтырылган “Trombia Free” робот чаң-соргучу Хельсинкинин  көчөлөрүн тазалап жатат. Машинанын узундугу 3,52 метр жана туурасы 2,3 метр. Кошумча тазалоочу щеткалар орнотулса, анын туурасы…

Прочитайте больше

Келечек жөнүндө ойлонгондо, мээде кандай өзгөрүүлөр болот?

Келечек жөнүндө ойлонгондо, мээде кандай өзгөрүүлөр болот?

Пенсильвания университетинин окумуштуулар тобу келечек жөнүндө ойлонуп жатканда адамдын мээсинде пайда болгон нерв процесстери боюнча изилдешти. Белгилей кетсек, илимпоздор буга чейин мээдеги нейрон түйүндөрүнүн маанилүү ролу жөнүндө билишкен эле, бирок алардын иштөө принциби тууралуу толук түшүнө элек болчу. Эми америкалык нейробиологдор көптөгөн суроолорго жооп издей башташты. Мисалга, илим нейрон тармагы келечек жөнүндө ой жүгүртүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын илгертен эле билип келген, бирок эксперттер анын иштешин эч качан изилдешкен эмес. Ал эми жакында америкалык окумуштуулар…

Прочитайте больше

Дүйнөдө дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат

Дүйнөдө дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат

Америкалык илимпоздордун айтымында, дүйнө жүзү боюнча дээрлик жарым млрд. адам 2-типтеги диабет менен оорушат жана алардын көпчүлүгү кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдүн жашоочулары. Мунун себеби, жакыр өлкөлөрдүн көпчүлүк бейтаптары тиешелүү медициналык жардам алышпайт.Белгилей кетсек, акыркы он жылдыктарда кант диабетине чалдыккандардын саны төрт эсе көбөйдү.Алардын айрымдары гана жетиштүү дарыланышса, ал эми диабет менен ооругандардын жарымынан көбү өз диагнозу жөнүндө билишпейт, деп Мичиган университетинин адистери The Lancet гезитине билдиришкен.Эске салсак, 2-типтеги кант диабети – бул өнөкөт оору…

Прочитайте больше

Astra Zeneca вакцинасы канчалык коопсуз?

Astra Zeneca вакцинасы канчалык коопсуз?

AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин тхэквондонун экс-чемпиону бутунан айрылды, ал эми Сейшел аралдарынын тургундары кайрадан коронавируска чалдыгышты; бул вакцина канчалык коопсуз экени белгисиз бойдон калууда. Билдирүүлөргө ылайык, Улуу Британиянын тхэквондо боюнча экс-чемпиону, 58 жаштагы Дейв Мейерс, AstraZeneca вакцинасын алгандан бир канча саат өткөндөн кийин буту катуу ооруп, тизесинен ылдый кестирип салганга аргасыз болгон. Дарыгерлер ага “белгисиз инфекция” деген диагноз коюшкан. Дейв Мейерстин айтымында, ал  AstraZeneca вакцинасын агандан кийин абалы начарлап кеткен. Британдык-шведдик бул вакцинанын терс натыйжалары 30-апрелде Германияда…

Прочитайте больше

Дарыгер аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолун атады

Дарыгер аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолун атады

Бак-дарактардын жана узак гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн чанчаларына сезгичтик астмага алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу аллерголог Елена Щупляк “РИА новостиге” билдирип, аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун айтты. Аллергологдун айтымында, апрель-май айларында гүлдөгөн бак-дарактардын чаңына аллергиясы барларга адатта дары-дармек, спрейлер жардам берет. Мындан сырткары, аллергиясы барлар, үйгө барары менен жуунуп, кийимин алмаштырышы шарт. Ошондой эле чаңдар кургак болуп, буюмдардын бетинде сакталбашы үчүн аба нымдоочу жабдууларды орнотуу, күн сайын нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп туруу зарыл. Аллерголог узак убакытка чейин гүлдөгөн өсүмдүктөргө…

Прочитайте больше

Иранда коронавирусту аныктап, жок кылуучу спрей жасалды

Иранда коронавирусту аныктап, жок кылуучу спрей жасалды

Ирандык окумуштуулар коронавирусту жок кылган спрей жасашты. ИРНА агенттиги билдиргендей, бул дары-дармектин бет ачары Тегеранда өттү. Белгилей кетсек, спрейди маскага же кийимге чачкандан кийин коронавирус аныкталып, атайын жол менен вирус жок кылынат. Жакын арада дармек Ислам Республикасынын аймагында массалык түрдө өндүрүлүп, жайыла баштайт деп күтүлүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, Иранда пандемия башталгандан бери 2,4 миллиондон ашуун коронавирустук инфекция учуру аныкталып, 71 миңден ашуун адам каза болду.  Ошол эле учурда өлкөдө дээрлик 800 миң адам коронавирустук вакцинанын…

Прочитайте больше

Эксперт: Кондиционерлер корнавирустун жугуу коркунучун жогорулатат

Эксперт: Кондиционерлер корнавирустун жугуу коркунучун жогорулатат

Соода борборлору, мейманканаларда, коомдук транспорттордо, ооруканаларда жана банктардагы кондиционерлер коронавирус эпидемиясынын көбөйүшүнө себеп болууда. Түркиянын Медицина илимдер университетинин Жугуштуу оорулар жана клиникалык микробиология бөлүмүнүн башчысы, профессор Ильяс Дёкметаш адамдар кондиционердин ордуна үйлөрдү, айрыкча эл көп чогулган жабык имараттарды тез-тез желдетип турушу керек экенин Haberturk сайтына билдирди. Адистин айтымында, көптөгөн оорулар кондиционер аркылуу жугушу мүмкүн. “Аба ырайы жылуу боло баштаганда, адамдар кондиционерлерди көп колдонушат. Вирустук инфекциялардын көпчүлүгү кондиционерлер жана вентиляция тутумдары аркылуу жугушу мүмкүн. Үйдө, жумуш ордунда, адамдардын…

Прочитайте больше

Парацетамолдун кооптуу экени айтылды

Парацетамолдун кооптуу экени айтылды

Изилдөөчүлөр тобу популярдуу ооруну басандатуучу парацетамолдун бир аз ашыкча дозасы жагымсыз реакцияларга алып келиши мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Ашыкча дозанын эң көп кездешкен белгилери – жүрөк айлануу жана кусуу. Алар адатта гепатотоксикалык дозаны алгандан кийин бир нече сааттын ичинде пайда болот, бул өз кезегинде боорго зыян келтириши мүмкүн. Мындан тышкары, препараттын ашыкча дозасы уйкуга, сарыкка жана курсактын оң жагынын жогору жагын оорутууга алып келиши мүмкүн. Буга…

Прочитайте больше

Инфарктын алгачкы белгилерин кантип билсе болот?

Инфарктын алгачкы белгилерин кантип билсе болот?

Жүрөк оорусунун алгачкы белгилерин башка оорулар менен оңой эле чаташтырып алууга мүмкүн. Express Британиянын жүрөк фондунун маалыматтарына шилтеме берүү менен өмүргө коркунуч туудурган абалды кантип билүү керектигин айтып берди. Бул тууралуу  РИА Новости жазды. Негизги факторлордун бири – көкүрөк жактагы ыңгайсыздык кетпейт жана ал бир аз убакыт өткөндөн кийин дененин башка бөлүктөрүнө, мисалы, моюн, жаак, бел, ашказан, колдорго жайылат. Ушул белгилер гана дарыгерге токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берет. Жүрөк жана баш айлануу же демдин кысылуусу…

Прочитайте больше

Нидерландыда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктай башташты

Нидерландыда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктай башташты

Нидерландыда 1-февралдан баштап COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктоочу экспресс-тесттер колдонула баштады. Анын жыйынтыгын бир нече мүнөттөн кийин билүүгө болот. Бул тууралуу “Slovoidilo” аналитикалык порталы “NOS” басылмасына шилтеме берип жазды. Маалыматта белгилегендей, Амстердамда 1-февралдан баштап күнүнө 600гө жакын тест жүргүзүү мүмкүн болот. Жакынкы апталарда бул көрсөткүч 2500гө жетет деп пландалууда. Басылманын маалыматына караганда, жакынкы айларда мындай экспресс-тесттер башка шаарлардын жашоочулары үчүн дагы жеткиликтүү болот.

Прочитайте больше
1 2 3