Орусия Украинаны НАТОго киргизбеш үчүн согуш ачабы?

Орусия Украинаны НАТОго киргизбеш үчүн согуш ачабы?

Орусия менен НАТОнун аскердик багыттагы тиреши уланып жатат. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, тиреш күчөдү. Негизги маселе Орусиянын аскерлери Украинанын чек арасына жакын жерде машыгууларын өткөрүүсүнөн кийин АКШ баштаган Европадагы өнөктөштөр кол салууга даярданып жатат деген айып коюшту. Бул Киевдин НАТОго кошулуу тууралуу аракетине Орусиянын каршылыгынын реалдуу көрүнүшү катары бааланууда. Эгер Украина аскердик алянска мүчө болсо, НАТОнун аймагы кеңейип, Орусияга кооптонуу жаратат деп, “коопсуздук боюнча кепилдик” талап кылууда. Эмесе сөз башынан болсун. Өткөн жылдын күз айларында…

Прочитайте больше

БУУ сегиз өлкөнү добуш берүү укугунан ажыратты

БУУ сегиз өлкөнү добуш берүү укугунан ажыратты

БУУнун өкүлдөрү 8 мамлекетти уюмдун бюджетине керектүү салым кошпогондугу үчүн Башкы Ассамблеяда добуш берүү укугунан ажыратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин тиешелуу катына таянуу менен жазышты. Алар Иран, Венесуэла, Судан, Антигуа жана Барбуда, Конго, Гвинея, Папуа-Жаңы Гвинея жана Вануату өлкөлөрү. Уюмдун уставына ылайык, эгерде уюмга мүчө бир мамлекеттин карызы мурунку эки жыл үчүн төлөшү керек болгон төгүмдөрдүн суммасына барабар же андан ашса, анда өлкөнүн добуш берүү укугу токтотулат. Бирок, эгерде төлөнбөгөн…

Прочитайте больше

Н. Назарбаев Кытайда экендиги айтылууда

Н. Назарбаев Кытайда экендиги айтылууда

Бүгүнкү күндө Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана анын жакын туугандарынын кайда экендиги көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Самат Абиш Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматынан кетпегени кабарланды. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси (каза болуп калган агасы Сатыбалдынын уулу) Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматын сактап калды. Бул тууралуу мекеме 14-январда жарыялаган билдирүүдө айтылат. Буга чейин жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып, Самат Абиш Алматыда кармалганын кабарлашкан. Бирок атайын кызмат бул маалыматты дароо четке какты. “Суроолор…

Прочитайте больше

Саясат таануучу: Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлүшү мүмкүн

Саясат таануучу: Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлүшү мүмкүн

Казакстандагы башаламандыктардан кийин өлкө бийлиги республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин мурасын текшерүүнү сөзсүз баштайт. Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан кайрадан Астана деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындай көз карашты Саясий эксперттик топтун жетекчиси Константин Калачев билдирди.  “Менин оюмча, бул тез арада болот. Нур-Султан кайрадан Астана болот”, — деди саясат таануучу Lenta.ru сайтына берген маегинде. Саясат таануучу учурда расмий маалыматтарда борбор шаар Нур-Султан деп аталбастан, жөн эле “Казакстандын борбору” деп аталып жатканын эске салды. Экс-президент Назарбаев бүгүнкү күнгө чейин…

Прочитайте больше

Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Казакстанда Алихан Смаилов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Ал мурдагы премьер-министрдин биринчи орун басары болгон. 5-январда Казакстандын президентинин жарлыгы менен премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин көпчүлүк мүчөлөрү өз орундарын сактап калышкан же кызматтынан көтөрүлүшкөн. Жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 11-январь күнү кечке маал кол койду. Премьер-министрдин мурдагы орун басары Роман Скляр өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Вице-премьер Ералы Тугжанов мурдагы кызматында калды. Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов да өз кызматында калтырылды…

Прочитайте больше

Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берди

Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берди

Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берип, Ооганстанга тиешелүү учактарды тез арада кайтарып берүүлөрү керектигин билдирди. “Өзбекстан менен Тажикстан биздин сабырыбызды сынабай учактарды өздөрү өткөрүп бергени жакшы. Болбосо бул өлкөлөр терс кесепеттерге дуушар болот”, – деп билдирди өлкөнүн Коргоо министринин милдетин аткаруучу мулла Якуб. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басыламалар жазып чыгышты. Ошондой эле, билдирүүдө талиптер чет өлкөгө качып кеткен аскер кызматкерлерин жана учкучтарын мекенине кайтып келүүгө чакырары жазылган. Маалыматка караганда, Талибан мурдагы  өкмөткө караганда аларга жакшы…

Прочитайте больше

Өзбекстан Орусияга газ жеткирүүнү толугу менен токтотту

Өзбекстан Орусияга газ жеткирүүнү толугу менен токтотту

Өзбекстан бийлиги коңшу өлкөлөргө жана Орусияга жаратылыш газын экспорттоону толугу менен токтотту. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттигине Өзбекстан Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Бул кабар орус маалымат агенттигинин сайтында Казакстанда газдын баасынын жогорулаганына байланыштуу болгон митингдерден кийин жарыяланды.“Ушул тапта Орусияга газ жөнөтүлгөн жок жана 2022-жылы пландар өзгөрбөйт”,– деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.“Интерфакс” кабарлагандай, азыркы учурда Өзбекстан газды негизинен Кытайга жөнөтүүдө.2020-жылы Кытайга 3,277 млрд куб метр газ, 2021-жылдын он айында 4,020 млрд куб метр газ экспорттолгон.

Прочитайте больше

Le Monde: 2022-жылы дүйнөнүн үч аймагында согуш чыгышы мүмкүн

Le Monde: 2022-жылы дүйнөнүн үч аймагында согуш чыгышы мүмкүн

2022-жылы согуш башталышы мүмкүн болгон аймактар ​​аталды. Француз журналисти Ален Фрашон Le Monde гезитиндеги макаласында 2022-жылы куралдуу кагылыш чыгышы мүмкүн болгон аймактардын тизмесин түзгөн. Автордун айтымында, ошондой аймактардын бири Иран. Өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр бир аз жылыш менен кайра жанданды, бирок компромисс үчүн орун кыскаргандан кыскарып баратат. Ошондой эле, Тегеран келишимден бир тараптуу чыгып кеткен АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын саясатын унуткан жок, ошондуктан азыр алдын ала шарттарды коюп жатат. Бүгүнкү күндө Иран уранды байытуу деңгээли 60%га жеткирди, ал эми…

Прочитайте больше

Касым-Жомарт Токаев аскерлерге ок чыгарууга уруксат берди

Касым-Жомарт Токаев аскерлерге ок чыгарууга уруксат берди

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев армияга, укук коргоо органдарына эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берди. “Бизди тынчтык жолу менен келишимге барууга чакырышууда. Кандай акмакчылык. Адам өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн? Террористтер өлтүрүлүшү керек! Бул иш жакында толугу менен аткарылат!”, – деди ал. Өлкө башчысы террористтер мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөргө зыян келтирип, жарандарга каршы курал-жарак колдонуп жатышканын, ошол себептүү укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууну буйруганын түшүндүрдү. Ошондой эле, Токаев Казакстандагы мыйзамдык тартипти камсыздоодо жардам көрсөткөнү…

Прочитайте больше

Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

Орусиянын маалымат каражаттары Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери киргенин маалымдашты. Маалыматта Орусиянын аскер кызматкерлери Казакстандын аймагына киргени, алар атышуу болуп жаткан Алматы шаарына барышы мүмкүн экени айтылат. Учурда Алматынын борборунда атышуу уланууда. Буга чейин, Жамааттык коопсуздук келишими уюму өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтөрү маалымдалган. Бул тууралуу уюмду жетектеген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Фейсбукта билдирген. Эскерте кетсек, кечээ, шаршемби күнү кечинде Токаев ЖККУ өлкөлөрүнөн аскердик колдоо сураган эле. Белгилей кетсек, ЖККУга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана…

Прочитайте больше

Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча Иран менен Ирактын биргелешкен билдирүүсүн

Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча Иран менен Ирактын биргелешкен билдирүүсүн

Тегеранда Иран Ислам Республикасы менен Ирак Республикасы шейит кеткен командирлери Касем Сулеймани, Абу Махди ал-Мохандес жана анын кесиптештерине каршы кылмыш иши жана террордук актыларды иликтөө боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин эл аралык иштер боюнча министринин орун басары Казем Гарибабади билдирди. Ал Иран менен Ирактын биргелешкен комитетинин экинчи жыйынында: «Тергөө боюнча комитеттин биринчи жыйыны 2021-жылдын 24-25-ноябрында Багдадда өткөн, экинчи жыйыны 21-22-декабрда Тегеранда өттү», – деди. Ал эки тарап билдирүүсүндө, Багдад эл аралык аэропортунда генерал Касем Сулеймани менен Абу Махди аль-Мохандеске каршы жасалган кылмыштуу…

Прочитайте больше

Иран Перс булуңундагы чыңалуунун курчушуна Батыш өлкөлөрүн айыптады

Иран Перс булуңундагы чыңалуунун курчушуна Батыш өлкөлөрүн айыптады

Батыш өлкөлөрү Перс булуңундагы чыңалууну ар дайым күчөтүп келген. Мындай пикирди кечээ, шаршемби күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жана Улуу Британиянын Иранга каршы биргелешкен билдирүүсүнө карата берген комментарийинде жазды. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс дүйшөмбү күнү Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар биргелешкен билдирүү жасап, анда Ирандын аймактагы ишмердүүлүгү жана алар атагандай «өзөктүк эскалация» «олуттуу…

Прочитайте больше

Орусия: Өзөктүк келишимдин көйгөйлөрүнүн негизги себеби Иран эмес, АКШнын Коопсуздук кеңешинин жыйынында

Орусия: Өзөктүк келишимдин көйгөйлөрүнүн негизги себеби Иран эмес, АКШнын Коопсуздук кеңешинин жыйынында

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары сөз сүйлөдү. Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Коопсуздук кеңешинин жыйынында Комплекстүү Биргелешкен Аракеттер Планы деп аталган Ирандын өзөктүк келишимине байланыштуу учурдагы көйгөйлөрдү Ирандын аракеттерин эмес, АКШнын мамилесин айыптады. “Комплекстүү биргелешкен аракеттер планы өттү жана аны жаңыртылышы жана кеңейтилиши керек деген билдирүүлөрдү кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп эсептейбиз”, – деди Дмитрий Полянский Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Ал кошумчалагандай: “Бул келишим 2015-жылы Коопсуздук Кеңеши тарабынан бекитилгендей кылдаттык менен макулдашылган жана…

Прочитайте больше

Францияда Хашегчинин өлүмүнө шектүүнүн кармалышына Эр-Рияддын жообу

Францияда Хашегчинин өлүмүнө шектүүнүн кармалышына Эр-Рияддын жообу

Саудиялык маалымат каражаттары Саудиянын расмий өкүлүнө шилтеме жасап, Хашегчинин өлүмүнө шектүү киши Францияда кармалганын кабарлады. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Саудиянын расмий өкүлү шейшемби күнү саудиялык оппозициячыл журналист Жамал Хашегжинин өлтүрүлүшүнө шектүүлөрдүн биринин камакка алынышы тууралуу француз маалымат каражаттарында жарыяланган кабардын чындыгын четке какты. Саулиялык расмий өкүл: «Парижде Хашегжинин өлтүрүлүшүнө шектүүнүн кармалганы тууралуу маалымат каражаттарында чыккан туура эмес идентификация жасалганын айтуу керек»,-деди.Сауд Арабиясынын расмий өкүлү андан ары Хашгежинин өлүмү боюнча соттолгондор Сауд Аравияда жазасын өтөп…

Прочитайте больше

Эл аралык коалиция Ирактан аскерлерин чыгара баштады

Эл аралык коалиция Ирактан аскерлерин чыгара баштады

Эл аралык коалициянын Ирактагы согуштук миссиясы аяктады.Бул тууралуу Ирактын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Касем ал-Аражи Twitter баракчасына билдирди. “Бүгүн биз өткөн жылы коалициялык күчтөрдүн аскердик миссиясы аяктаганын жана Ирактан чыгып кеткенин расмий жарыялоо үчүн баштаган эл аралык коалиция менен диалогдун акыркы раундун аяктадык”, – деди расмий өкүл. Анын айтымында, эл аралык коалиция менен алака окутуу жана консультация берүү жаатында уланат. 2020-жылдын 5-январында Ирак парламенти көпчүлүк добуш менен чет элдик аскерлерди чыгарып кетүүгө добуш берген. Мындай…

Прочитайте больше
1 16 17 18 19 20 36