5-августта Иран президентинин инаугурациясы өтөт

5-августта Иран президентинин инаугурациясы өтөт

Иран Ислам Республикасынын 13-президенти Сайед Ибрахим Реисинин инаугурациясы 73 штаттын 115 өкүлүнүн катышуусунда 5-августта өтмөкчү. Белгилей кетсек, Реиси 18-июнда өткөн шайлоодо 17,9 млн. добушка (62%га жакын) ээ болгон.Ал эми кечэ, 3-августта Сейед Ибрахим Реисинин президенттик кызматын бекитүү аземи болуп өттү. Аземде Иран Ислам Республикасыныны Руханий лидери Аятолла Хаменеи жаңы президенттин кызматын тастыктаган грамота тапшырган. Аятолла Хаменеи аземде сөз сүйлөп: Президент улуттук биримдиктин элеси болушу керек, эл менен чынчыл сүйлөшүп, коррупция жана коррупциялашкан элементтер менен ырайымсыз күрөшүшү керек”.- деп баса белгиледи.“Реиси…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Иран президентинин кызматка кирүүсүн кандай чагылдырышты?

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Иран президентинин кызматка кирүүсүн кандай чагылдырышты?

Иран президентинин кызматка кирүү аземин дүйнө жүзүндө түрдүү маалымат каражаттары кеңири чагылдырып беришти. Билдирүүгө ылайык, Ливандын “Аль-Манар” агенттиги Иран Ислам Республикасынын президентинин инаугурациясын түз эфирлеринде көрсөтүп, мындай деп жарыялаган: Иран Ислам революциясынын руханий лидери аземде сөз сүйлөп, келечектеги маанилүү миссияларга басым жасады.“ Аль-Маядин” агенттиги Иран Ислам Республикасынын Президенттик кызматына киришүү аземин көрсөтүүдө, Ислам революциясынын Жогорку Жетекчисинин сөзүн келтирди: “Жаңы өкмөттүн курулушу кечиктирилбеши керек. Мурдараак, шайлоону бойкоттоо үчүн кутум Ислам Республикасынын душмандарынын саясий чөйрөлөрүндө иштелип чыккан.” Ал эми, Russia…

Прочитайте больше

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул «Талибандын» шартын кабыл алды

Кабул өкмөтү бийликти талибандар менен бөлүшүүгө даяр экенин жарыялады.  “Ооган бийлиги талибандар менен тынчтыкка бийликти бөлүшүүгө даяр, бирок талибандар белгилүү шарттарды сактоосу шарт” – бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар “Известия” гезитине берген маегинде билдирди.Ал ошондой эле, талибандар менен иштешүүгө жана аларды өкмөткө алууга, ошондой эле алар менен элдешүүгө жана бийликти бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.“Ал эми бизде бул үчүн көп шарттар жок, чындыгында бир гана нерсе бар – өлкөнүн ичинде Ооганстандын келечегин ооган эли…

Прочитайте больше

УКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)

УКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)

Издөөгө алынган мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында мурдагы президент Аскар Акаев дагы бар экенин билдирген эле.Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы Камеко менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.Маалыматка ылайык, УКМК тергөө учурунда…

Прочитайте больше

«Талибан» бийликке келсе, Орусияаны тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарабы?

«Талибан» бийликке келсе, Орусияаны тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарабы?

“Талибан” (Орусияда тыюу салынган) радикалдуу кыймылынын  өкүлдөрүнүн Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышууларынан соң, Орусия аткаминерлери ой-пикирлерин билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров “Орусиянын тышкы саясаты: ийгиликтер, чакырыктар, милдеттер жана келечектер” вебинары учурунда сүйлөп жатып, талибандар деле акыл-эси жайында адамдар экенин айтты. “Жакында Талибандын жетекчилиги Москвада болгондуктан, биздин өкүл алар менен жолугушту. Алар Ооганстандагы, Борбордук Азиядагы коңшулар үчүн көйгөйлөрдү жаратуу ойлору жок экендигин, бир гана ИШИМ менен күрөштү мындан ары дагы токтотпостон улантышаарын жана башка оогандыктар менен саясий структурасын талкуулоого…

Прочитайте больше

Алиев менен Путин Карабак маселесин талкуулашты

Алиев менен Путин Карабак маселесин талкуулашты

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Орусияга болгон расмий иш сапарында өлкөнүн президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Түштүк Кавказдагы кырдаалды талкуулады. Белгилей кетсек, бул жолугушуу 20-июлда Москвада өткөн.Путиндин айтымында, Орусия менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык мамилелер пандемияга байланыштуу кризистен жигердүү түрдө калыбына келүүдө.“Биздин мамилелер коронавирустан кийин калыбына келе баштады, айрыкча экономика жааты. 2020-жылы белгилүү бир төмөндөө байкалган, эми туруктуу өсүш, калыбына келүү байкалууда. Орусия ишенимдүү түрдө экономикалык чөйрөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт, өкмөттөр аралык комиссия жигердүү иштеп жатат », – деп Кремлдин…

Прочитайте больше

Ооганстан өкмөтү: Кабул Талибандын катышуусу менен өкмөттү түзүүгө аргасыз

Ооганстан өкмөтү: Кабул Талибандын катышуусу менен өкмөттү түзүүгө аргасыз

Ооганстандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухеб, өкмөт Талибан менен коалициялык өкмөт түзүүгө бел байлаганын билдирди. Ал кошумчалагандай, ооган эли талиптердин өкмөткө киришине каршы эмес, бирок топтун башкаруусуна каршы болушуп, аргасыздан колуна курал алып, талиптерге каршы күрөшкөн. “Ооганстандыктар талиптер бүт өлкөнү башкарып, ооган эли кандайча жашаш керектигин буйрук кылышын каалашпайт”,- деди Хамдулла Мухиб.Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жакында өлкөдөгү жаңжалдын курчушуна токтолуп, Талибан согушу легитимдүү эмес жана бул топ бийликке жетүүгө аракет кылып жатат деп билдирди.Мухеб…

Прочитайте больше

UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

3-август күнү UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет. Бул тууралуу мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.UFC чемпионатын уюштурган уюм Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда аралаш мушташ (ММА) боюнча “Eagle Fighting Championship” лигасын өткөрөт.Уюмдун маалыматы боюнча, Eagle FC Кыргызстанда биринчи жолу өтөт.Лигада Руслан Яманбаевдин атаандашы Бусурманкул Абдибаит уулу менен чемпиондук наамын коргоосу негизги күрөш болот.Нурмагомедов буга чейин Кыргызстанга 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен. Мушкер Бишкекте өткөн жолугушуудан кийин, кыргыз эли менен дагестан элинин окшоштугу – мырзалардын балбандыгында экендигин билдирген…

Прочитайте больше

АКШ өз президенттеринин рейтингин жарыялады

АКШ өз президенттеринин рейтингин жарыялады

Америкалык тарыхчылар Дональд Трампты, айрыкча анын адеп-ахлактык сапаттары жана административдик жөндөмдөрү үчүн өлкөнүн эң начар президенттеринин бири деп аташты. Белгилей кетсек, бул изилдөөнү АКШнын C-SPAN каналы жүргүзгөн. Бул боюнча 2000-жылдан бери төртүнчү жолу басылма түзгөн рейтингдин үстүнөн АКШнын  142 эксперт-тарыхчылары иштеди. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Трамп рейтингдеги 44 катышуучунун арасынан 41-орунду ээледи.Ал эми, АКШнын алдыңкы үч президенттин катарына Авраам Линкольн, Джордж Вашингтон жана Франклин Рузвельт кирди.Ошондой эле, Джон Кеннеди сегизинчи орунду ээледи, андан кийин республикачылардын президенти Рональд Рейган жана алдыңкы ондукка 44-президент Барак Обама кирди.Демократ Билл Клинтон 19-орунда, Буш улуусу 21-орунда, Президент Жордж Буш 29-орунда…

Прочитайте больше

Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү 5 сааттан ашты

Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү 5 сааттан ашты

Тажикстан менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусу көп убакытка созулду. Бүгүн, 29-июнда, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун ортосундагы сүйлөшүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 10:20дө жабык эшик артында башталган. Андан кийин беш сааттан ашык убакыт өткөнүнө карабай, өлкө жетекчилеринин жолугушуусу соңуна чыккан эмес. Бул тууралуу “Спутника-Тажикстан” сайты жергиликтүү журналисттерге шилтеме берип жарыялады. Анда айтылгандай, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу белгиленген убакыттан 3 саатка чейин ашып кеткен. Регламентке ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 12ден кийин республикалардын министрлери менен…

Прочитайте больше

Жапаров Бердымухамедов менен жолугушту

Жапаров Бердымухамедов менен жолугушту

Бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды. Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу  Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды. Бул Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти катары Тажикстанга жасаган биринчи сапары болмокчу. Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары маалымдалган жок. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу боюнча макулдашуу 30-апрелде телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда жетишилген. Анда Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жакынкы ыңгайлуу учурда Тажикстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырган. Иш сапардын конкреттүү даталары дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылмак. Баарлашуунун жүрүшүндө,…

Прочитайте больше

Мирзиёев менен Рахмон Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты

Мирзиёев менен Рахмон Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты

Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери кечээ, 23-июнда телефон аркылуу сүйлөшүп, Борбор Азиядагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Бул тууралуу тажик президентинин маалымат кызматы билдирди. “Лидерлер аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, коңшулаштыкты чыңдоо максатында тыгыз диалогду жана аракеттерди координациялоону улантуу зарылдыгын баса белгилешти”, – деп айтылат билдирүүдө.Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга жана анын курчуп кетишинин кооптуу тенденцияларына өзгөчө көңүл бурушту.Эске салсак, 21-июнда Талибан Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы “Шерхон-Бандар” өткөрүү пунктун басып алып, 134 ооган…

Прочитайте больше

Путин Ирандын жаңы шайланган президентин куттуктады

Путин Ирандын жаңы шайланган президентин куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын жаңы шайланган президенти  Сейед Ибрагим Реисини куттуктады. Орусия Федерациясынын Президенти  Иран Ислам Республикасынын жаңы шайланган президентин куттуктап, мындай деп кайрылды: “Урматтуу Сейед Ибрахим Раиси мырза! Сизди Иран Ислам Республикасынын Президенти болуп шайланышыңыз менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер илгертен бери достук жана жакшы коңшулук мүнөздө болуп келген. Сиздин Улуу Даражалуу кызматтагы ишмердүүлүгүңүз ар кандай тармактарда конструктивдүү өсүшүнө, ошондой эле эл аралык мамилелердеги өз ара кызматташууга өбөлгө болот деп ишенем. Бул маселе толугу менен Орусия жана…

Прочитайте больше

Ирандын руханий лидери: Иран эли шайлоодо өлкөнүн жакынкы жылдардагы тагдырын аныкташты

Ирандын руханий лидери: Иран эли шайлоодо өлкөнүн жакынкы жылдардагы тагдырын аныкташты

Ислам Революциясынын Руханий лидери Аятолла Хаменеи 18-июнда өткөн президенттик шайлоодо добуш бергенден кийин: “Бүгүнкү күндө элдер сахнадагы негизги башкаруучулар. Дал ушул адамдар шайлоого катышып, бюллетендерин урналарга таштап, өлкөнүн жакынкы жылдардагы жалпы жана негизги багытын аныкташты”, -деп билдирди. Белгилей кетсек, Ислам Революциясынын Руханий лидери Аятолла Хаменеи  18-июнда өткөн 13-президенттик шайлоого, Исламдык шаардык жана айылдык кеңештердин 6-шайланышына, 5-Шариат Эксперттер Кеңешинин аралык шайлоосуна жана 11-чакырылыштагы Ортоңку парламенттик шайлоого катышып, бюллетендерин урналарга таштады. Добуш бергенден кийин, ал Азирети мындай…

Прочитайте больше
1 23 24 25 26 27 36