Казакстан Кыргызстанга жардам иретинде 10 миң тонна ун жөнөтөт

Казакстан Кыргызстанга жардам иретинде 10 миң тонна ун жөнөтөт

Казакстан Республикасынын президенти Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Берик Уали маалымдады. “Кыргыз Республикасы менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, Президент Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине Казакстан элинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Коңшу өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт. Өкмөт мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткара баштады”, – деп жазды Берик Уали Фейсбук баракчасына.  Буга чейин, 1-майда Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент…

Прочитайте больше

Зеличенко: Бул чыныгы атайылап жасалган аскердик агрессия болду

Зеличенко: Бул чыныгы атайылап жасалган аскердик агрессия болду

“Борбор-Азиялык баңги саясаты борбору” коомдук фондунун директору Александр Зеличенко “Баткен-2021: ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек?” атту тегерек столдун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар чыныгы ойлонулуп жасалган аскердик агрессия болгонун билдирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги жазды. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя ар кайсы деңгээлде дагы көпкө чейин талкууланат. Азыр башкы милдет – чындыкты табуу жана мындай окуя алдыда дагы кайталанбашы үчүн бул маселени биротоло жабуу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эксперттик…

Прочитайте больше

Бишкекте «Кудс күнүнө» карата тегерек стол өтүүдө

Бишкекте «Кудс күнүнө» карата тегерек стол өтүүдө

Бүгүн, 7-май Бишкектеги “Eurasia Today” маалымат агенттигинин кеңсесинде “Кудс күнү” темасында тегерек стол өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Касеми, Иран элчисинин саясий иштер боюнча кеңешчиси Жавад Таги Рустамион, саясат таануучу Уран Усенов жана онлайн форматта дин аалымы Кадыр Маликов катышууда. Иш-чаранын максаты – Палестина элинин укуктарын коргоо, аларга тилектештик билдирүү жана Кудс маселесин дагы бир жолу көтөрүп, эл аралык коомчулукка жеткирүү. Тегерек столдо Палестина элинин көйгөйү…

Прочитайте больше

Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди

Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде, 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан билдиришти. Шарият боюнча Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 29, кээде 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен бул күнү кыргызстандыктар эс алышат. Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн.

Прочитайте больше

Парвиз Гасеми: «Кудс күнү – мусулман өлкөлөрүнүн биримдигинин символу»

Парвиз Гасеми: «Кудс күнү – мусулман өлкөлөрүнүн биримдигинин символу»

Бүгүн, 7-май Бишкектеги “Eurasia Today” маалымат агенттигинин кеңсесинде “Кудс күнү” темасында тегерек стол өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Касеми, Иран элчисинин саясий иштер боюнча кеңешчиси Жавад Таги Рустамион, саясат таануучу Уран Усенов жана онлайн форматта дин аалымы Кадыр Маликов катышып, өз докладдарын окушту. Анын жүрүшүндө Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүн жетекчиси Парвиз Гасеми Ирандын руханий лидери Имам Хомейни Эл аралык стратегиянын негизинде Палестина көйгөйүн көп кырдуу стратегияга айландырганын билдирди. Ал…

Прочитайте больше

Марс Сариев: Москва иш жүзүндө Рахмонду суракка чакырып жатат

Марс Сариев: Москва иш жүзүндө Рахмонду суракка чакырып жатат

Саясат таануучу Марс Сариев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 9-майды майрамдоого Москвага барары боюнча  өз пикирин билдирди. “Менин көз карашымда, Рахмондун 9-майды майрамдоого баратканы – иш жүзүнө келгенде, Казанда ЕАЭБдин кеңешмеси, Дүйшөмбүдө ЖККУнун кеңешмеси (ЖККУга Тажикстан төрагалык кылууда) өтүп жаткан кезде Тажикстандын президентинин демаршы, чагылгандай тез согуш жасоого кылган аракети үчүн аны суракка чакырып жатат.  Тажикстандын согуштук демаршынын айынан Москванын репутациясы чоң жоготууларга дуушар болгонун алар түшүнүп турат. Иш жүзүнө келгенде бул деген суракка чакырып жатканын…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Баткенге барды

Садыр Жапаров Баткенге барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мамлекет башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган. Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон. …

Прочитайте больше

Эртең – Дүйнөлүк Кудс күнү

Эртең – Дүйнөлүк Кудс күнү

Мындан 42 жыл мурда Иран Ислам Республикасынын орнотуучусу имам Хомейни (а.р.б) аркылуу Ыйык Рамазан айыныны акыркы жума күнү Дүйнөлүк Кудс күнү катары белгиленүүсү бекитилген. Бул жылы ал күн 7-майга туш болууда. Дүйнөлүк Кудс күнүнө карата бүгүнтөн баштап Ирандын бардык шаарларында палестиналыктарга тилектештик катары Палестинанын байрактары илинди. Белгилей кетсек, Палестина жерлери 73 жылдан бери сионисттер режими аркылуу басып алынууда. Андан бери Палестина дүйнөдөгү адам укуктары бузулган өлкөнүн туу белгиси болду. Эч бир эл аралык коом, эч…

Прочитайте больше

БУУ: Биз Палестинанын 1967-жылдагы чек аралык өзгөрүүлөрүн тааныбайбыз

БУУ: Биз Палестинанын 1967-жылдагы чек аралык өзгөрүүлөрүн тааныбайбыз

Бирикке Улуттар Уюму Эл аралык Кудс күнүнө карата билдирүү жасады. Белгилей кетсек,  БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, уюм 1967-жылдагы чек аралардагы, анын ичинде Кудс менен байланышкан өзгөрүүлөрдү эч качан тааныбайт – деп билдирди. Ал, “Al-Arabi Al-Jadeed” каналына берген маегинде ондогон палестиналык үй-бүлөлөрдүн “Шейх Жаррах” аймагынан басып алынган Кудска көчүрүлүшү жана Израиль соттору тарабынан өкүм чыгарылышы, ошондой эле палестиналыктардын үйлөрүнүн басып алынышы жөнүндө суроолорго жооп берди. “Бириккен Улуттар Уюму эл аралык мыйзамдарга ылайык, ар кандай…

Прочитайте больше

Кадыр түн кантип тосулат?

Кадыр түн кантип тосулат?

Кадыр түн бул – Ыйык Рамазан айы ичиндеги касиеттүү түн. Кыргызстанда быйылкы Кадыр түн 8нен 9-майга караган түнү белгиленет. Кээ бир аалымдар Мавлид түнүнөн кийин эң кадырлуу түн деп эсептешет. Кадыр түн мусулмандар үммөтүнө тийиштүү. Башка диндегилерге мындай берекелүү түн берилген эмес. Хадисте: “Кадыр түнү сеники жана үммөтүңдүкү”, – деп Аллах Таала пайгамбарына айтты. (И.Малик) Кадыр түнү Кудайга ибадат кылуу менен өткөрүү башка күндөрдөн жана түндөрдөн да сообу артыгыраак, Куран Карим: “Кадыр түнү миң айдан…

Прочитайте больше

Мусулмандык – ынтымак дини

Мусулмандык – ынтымак дини

Кылымдар бою ишенимдери, улуттары ар түрдүү болгон калктар мусулман өлкөлөрүндө эч кандай кысым көрбөй эркин өмүр сүрүшкөн. Жада калса, өзгө өлкөлөрдө кысым көргөн башка ишенимдегилер мусулмандардан башпаанек издеп келген учурлар көп болгон. Анткени, мусулман маданиятында конокжандуулук, башпаанек сурап келгендерге камкор болуу, аны душмандардан коргоо, конокко кызмат кылуу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен колуна курал алып, кезек менен түнү бою үйдүн тегерегин күзөтүп, коногун коргогондор көп болгон. 8 кылымдай мусулмандардын бийлигинде болгон Андалусия эли христиандар тарабынан басып…

Прочитайте больше

Тажикстан Жерге-Тал районунан кыргыздарды депортация кылууда

Тажикстан Жерге-Тал районунан кыргыздарды депортация кылууда

Тажикстан Жерге-Тал районундагы кыргыз паспорттуу жарандарын депортациялай баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдиргенин 24.kg сайты жарыялады. Тургундардын айтымдарында, акыркы жумада тажик бийлиги паспорттук көзөмөлдү күчөттү. «Кимде Кыргызстандын жарандыгы болсо, текшерип, аларды шарт эле район борборуна алып кетишүүдө. Анан алар кыргыз жарандыгынан баш тартып, токтоосуз тажик жарандыгын алууну талап кыла башташты. Мындай талапка көнбөгөндөрдү Ош обулсунун Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” өткөрүү пункту аркылуу депортация кыла баштады. Алар буюмдарын алганга да жетишпей жатышат”,- дейт тургун. Анын кошумчалаганындай, Жерге-Тал…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду. Ошондой эле мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.

Прочитайте больше

Меккеге баруу үчүн эми кандай шарттар талап кылынат?

Меккеге баруу үчүн эми кандай шарттар талап кылынат?

Сауд Аравия зыяратчыларды коронавирустан камсыздандыруусу жок кабыл албайт.  Белгилей кетсек, зыяратчылар мындан ары ажылыкка коронавирустук дарылоону камтыган медициналык камсыздандыруусу болгондо гана катыша алышат. Тийиштүү чечим Сауд Аравия падышалыгынын бийлиги тарабынан кабыл алынган. Жаңы белгиленген шарттардын ичинде коронавирусту түздөн-түз дарылоо күбөлүгүнөн тышкары, эгер адам ооруп калган болсо, карантинден өтүшүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалда үйүнө жеткирүү боюнча камсыздандыруу дагы камтылышы керек. Эске салсак, быйыл Мекке жана Мединадагы ыйык жерлерине ажылык сапары июль айынын экинчи жарымына туш келүүдө….

Прочитайте больше

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда  Москвада жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты талкуулашат.  Бул тууралуу РИА Новостиге Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Тажикстандын президенти ошондой эле Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышып, андан соң Душанбеге жөнөп кетет. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жергиликтүү тургундарынын ортосундагы жаңжал 28-апрелде башталып, 29-апрелде куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Чек арадагы кагылышууда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 190го жакын адам жаракат алды.

Прочитайте больше
1 103 104 105 106 107 133