Иранда күчү 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды (видео)

Иранда күчү 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды (видео)

Ирандын түштүгүндөгү жер титирөөдөн эки адам каза таап, 98 киши жаракат алды. Кечээ, 14-ноябрда түштөн кийин катталган биринчи жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетсе, экинчи жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткен. Жер силкинүүнүн очогу Бендер-Аббас шаарынан (Хормозган провинциясы) болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймакта электр энергиясы жана телекоммуникация системалары үзгүлтүккө учураган. Жабыркагандардын бири электр берүү линиясынын мамысынын кулашынан улам каза болгон. Жер титирөө Хормозган провинциясынын түндүгүндө жайгашкан коңшулаш Керман жана Фарс провинцияларында да сезилди.

Прочитайте больше

Орусияда курулуш объектисиндеги өрттөн төрт өзбек жараны каза болду

Орусияда курулуш объектисиндеги өрттөн төрт өзбек жараны каза болду

Москва облусунун Солнечногорск районундагы курулуш объектисинде чыккан өрттөн төрт киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча 10:30дарда башталып, 15:40та толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Өзбекстандын Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиги өрттөн өлкөнүн төрт жараны каза болгонун кабарлады. “Кырдаал көзөмөлгө алынып, биздин жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чаралар көрүлүп жатат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Прочитайте больше

Жо Байден Беларусия – Польша чек арасындагы мигранттар тууралуу билдирди

Жо Байден Беларусия – Польша чек арасындагы мигранттар тууралуу билдирди

АКШнын президенти Жо Байден жуманын акырында эс алуу үчүн Камп Дэвидге барардан мурда Ак үйдүн кабарчыларынын Беларусия  –  Польша чек арасындагы кризис тууралуу суроолоруна жооп берди. АКШнын президенти Жо Байден Беларусия  –  Польша чек арасындагы мигранттар киризисинен тынчсызданып жаткандыгын жана тынчсызданууларын Россия менен Беларусияга билдиргендигин айтты. АКШнын президенти Жо Байден жуманын акырында эс алуу үчүн Камп Дэвидге барардан мурда Ак үйдүн кабарчыларынын Беларусия  –  Польша чек арасындагы кризис тууралуу суроолоруна жооп берди. Байден процесстин чоң тынчсыздануу булагы…

Прочитайте больше

ДССУ: Ооганстанда ачкалыктан улам 1 миллион бала өлүшү мүмкүн

ДССУ: Ооганстанда ачкалыктан улам 1 миллион бала өлүшү мүмкүн

Ооганстанда ушул жылдын аягына чейин жетишсиз тамактануудан улам кеминде 1 миллион бала өлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Харрис жума күнү брифингде билдирди. “Ооганстанда жетишсиз тамактануу өсүп жаткан көйгөй бойдон калууда. Ушул жылдын аягына чейин беш жашка чейинки 3,2 миллион бала өтө жетишсиз  тамактануудан улам жапа чегиши мүмкүн. Алардын ичинен кеминде 1 миллиону тез арада дарыланбаса, өлүп калуу коркунучунда турат”, – деди учурда Ооганстанда жүргөн Харрис. Анын айтымында, ДССУ Ооганстандын…

Прочитайте больше

Жапаров менен Эрдоган Стамбулда жолугушту

Жапаров менен Эрдоган Стамбулда жолугушту

Президент Садыр Жапаров 12-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) катышуучу Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Түркия менен Кыргызстандын стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин үстүбүздөгү жылдын июнь айында өткөн жыйыны эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошумча дем бергенин белгиледи. Ал үстүбүздөгү жылдын 8 айында эки өлкөнүн ортосундагы…

Прочитайте больше

Акыйкатчы дайынсыз болуп жаткан Лейлектинэки тургуну боюнча Тажикстанга кайрылуу жасады

Акыйкатчы дайынсыз болуп жаткан Лейлектинэки тургуну боюнча Тажикстанга кайрылуу жасады

Кыргызстандын акыйкатчысы тажикстандык кесиптешине кайрылып, кыргызстандык жарандардын укугун коргоону өтүнүп, кат жөнөттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппараты Тажикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозодго 11-ноябрда расмий кат жөнөткөн. Анда быйыл сентябрь айында Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган Лейлек районунун тургундары Саидахмед Артиков жана Нооман Самадовдун укуктарынын бузулуп жатканын айтып, буга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Саидахмед Артиковдун жубайы Наргиза Артикова күйөөсү жана күйөө баласы – Нооман Самадов үйлөрүнө келе электигин, алардан эч кандай кабар ала албай жатышканын, бирок алар Хужантта тергөө абагында…

Прочитайте больше

БУУ: Дүйнөдө 84 миллион адам качкын болууга аргасыз болгон

БУУ: Дүйнөдө 84 миллион адам качкын болууга аргасыз болгон

Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы (UNHCR) жер которгондордун санынын өсүү тенденциясы 2021-жылы да сакталганын билдирди. Бул тууралуу БУУнун сайтында айтылат. БУУнун эсептөөлөрү боюнча, 2020-жылдын аягынан 2021-жылдын июнь айына чейин дүйнөдө качкындардын саны 82,4 миллиондон 84 миллионго чейин өскөн. Алардын ичинен 51 миллиону өз өлкөсүнүн чегинин ичинде жер которгон, алардын көбү Конго менен Эфиопиянын жарандары. Мындан тышкары, Мьянма жана Ооганстандагы кырдаал да 2021-жылдын январь-июнь айлары аралыгында адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур кылган. “Эл…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Стамбулда Азербайжандын жана Өзбекстандын президенттери менен жолугушту

Садыр Жапаров Стамбулда Азербайжандын жана Өзбекстандын президенттери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Садыр Жапаров алгач Шавкат Мирзиёевди Өзбекстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Ал анын жетекчилиги астында өлкө мындан ары да мамлекеттик өнүгүүдө маанилүү ийгиликтерге жетишерине ишеним артты. Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку потенциалын колдоо жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары комплекстүү өнүктүрүү максатында өзбек кесиптешин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. Өз…

Прочитайте больше

Планетанын эң ири мегаполистеринин бири жакында суу астында калат

Планетанын эң ири мегаполистеринин бири жакында суу астында калат

Глобалдык жылуулуктан улам Түштүк-Чыгыш Азиядагы Индонезиянын борбору 2050-жылга чейин суу алдында калат. Изилдөө жана инновация боюнча улуттук агенттик 2050-жылга чейин Индонезиянын борбор шаары жана анын эң ири мегаполиси Жакарта суу астында калышы мүмкүн экенин билдирди. Эксперттердин айтымында, глобалдык жылуулуктун кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл чаралар көрүлбөсө, кылымдын ортосуна чейин шаардын кеминде 25%ын суу каптайт. Глобалдык жылуу планетанын үч мөңгү аймагы: Антарктида, Гренландия жана Гималайдын эрип кетишине алып келет. Бул акырындык менен Дүйнөлүк океандын деңгээлин жогорулатып, Жердин…

Прочитайте больше

Иранда 700 миң жыл мурда жасалган куралдар табылды

Иранда 700 миң жыл мурда жасалган куралдар табылды

Окумуштуулар бул куралдар эрте палеолит дооруна таандык болушу мүмкүн деп алдын ала божомолдошууда. Ирандык археологдор батыштагы Керманшах провинциясында казуу иштеринин жүрүшүндө ондогон таш куралдарды табышкан, ал буюмдар болжолдуу түрдө 1 миллион жыл мурун эчак жок болуп кеткен адам түрү Homo erectus өкүлдөрү тарабынан жасалган. “Tehran Times” гезитинин жазганына караганда, археологдор бир жумалык изилдөөнүн жүрүшүндө ондогон таш балталарды жана бычактарды, ошондой эле байыркы усталар өздөрүнүн куралына айландырууга жетишпей калган таш буюмдарынын сыныктарын табышкан. Алдын ала талдоолор…

Прочитайте больше

Иран менен Кыргызстан эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Иран менен Кыргызстан эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Индияда өткөн Ооганстан боюнча Дели Аймактык коопсуздук диалогунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Шамхани Иран өз мүмкүнчүлүктөрүн аймактын өнүгүшү жана өсүшү үчүн колдоно аларын жана колдонууну кааларын билдирди. Ал Тегеран Бишкек менен эл аралык, аймактык жана эки тараптуу багытта кызматташа аларын айтып, Иран көптөгөн илимий, техникалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин жана Кыргызстан менен бул тармактарда кызматташа аларын баса белгиледи. Мындан…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Түркияга барат

Садыр Жапаров Түркияга барат

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугары күтүлүүдө. Президент Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин “Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар” аттуу сегизинчи жыйынына катышат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө. “Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040” стратегиялык документин,…

Прочитайте больше

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кечээ, 10-ноябрда саат 23:41де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдиргенин ӨКМнын маалымат кызматы жазды. Жер титирөө Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Толук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана  кыйроолор катталган жок.

Прочитайте больше

Кыргызстанга «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет

Кыргызстанга «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет

Эртең, 12-ноябрда Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы россиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматта Россия өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө акысыз жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөнү айтылат. Республикалык штабдын маалыматы боюнча Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 12 миң 924 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5 миң 325 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 599 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө…

Прочитайте больше

Жоолук

Жоолук

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын Тасаттур – сөздүк маниси «оронуу», «жамынуу»; «өзү менен башкалардын ортосуна перде коюу», «бир нерсенин ичинде же аркасында жашынуу» деген маанилерге келет. Ал эми терминдик мааниси талаптары жана өлчөмдөрү диний жактан белгиленген жамынуу милдеттүүлүгү деп түшүнсөк болот.[1] Оронуунун синоними катары хижаб (хиджаб), жоолук, оромрол, паранжы сыяктуу сөздөр аралаш колдонулса, антоними – жылаңачтык. Тагыраагы, исламда табарружга – көңүл бурдуруу жана өзүн көрсөтүүгө тыюу салынган. Биз макалабызда оронуу деп жалпылап колдонууну эп…

Прочитайте больше
1 64 65 66 67 68 133