Кыйынчылык келген учурда эмне кылышыбыз керек? Маанилүү 8 кеңеш

Кыйынчылык келген учурда эмне кылышыбыз керек? Маанилүү 8 кеңеш

Аллах Таала айтты:«Кандай гана кыйынчылык келбесин – ал Аллахтын буйругу менен келет. Ким Аллахка ыйман келтирсе анын жүрөгүнө хидаят [Туура Жол] берет. Аллах бардык нерсени Билүүчү» (Куран, 64:11). Бул материалда башынан оор мезгилди өткөрүп жаткан бир туугандарыбызга кеңештерди сунуштайбыз. 1. Түйшүк келер замат сабыр кылуу Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Сабыр деп кыйынчылык келери менен кылынган сабырды гана айтат” (Бухари). 2. Кыйынчылыктын себебинен сооптун келүүсүн үмүт кылуу Пайгамбарыбыз ﷺ башына кыйынчылык түшкөн бир аялга минтип айткан: “Сабыр…

Прочитайте больше

Дуба кылуунун 10 адеби

Дуба кылуунун 10 адеби

Пайгамбарыбыз ﷺ: «Дуба – момундун куралы, диндин түркүгү жана асман менен жердин нуру», – деген. Бул макалабызда дуба кылуунун адептерин сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Жакшы, кененчилик абалда да дубаны көп кылуу Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Кимде-ким кыйынчылык жана кыжалатчылык учурда Аллах анын дубасын кабыл кылуусун кааласа, жеңилчиликте дубаны көп кылсын” (Тирмизи) Дүйнө жана акыреттин бардык нерселерин Аллах Тааладан гана суроо Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Албетте, ким Аллахтан сурабаса, Аллах андан нааразы болот” (Тирмизи). Дубанын кабыл…

Прочитайте больше

Кийинүүгө байланыштуу 10 адеп

Кийинүүгө байланыштуу 10 адеп

Ислам – адам жашоосунун бардык тарабын камтып, жол көрсөтүүчү дин. Динибизде кийинүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, таза жана тыкан кийинүүгө үндөйт. Бул материалда кийинүүгө байланыштуу адептер тууралуу биле аласыз. 1. Таза кийим кийүү Аллах Таала айтты: “Жана кийимиңди тазала!” (Муддассир,4) 2. Кийимди Аллахтын белеги деп кабыл алуу Аллах Таала айтты: “Оо, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк” (Аъроф, 26). 3. Ак түстөгү кийимди кийүү Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Ак кийим…

Прочитайте больше

Имам Хомейнини таануу:

Имам Хомейнини таануу:

Аты-жөнү:  Сайид Рухолла Фамилиясы:  Mostafavi Санжырасы:  Мусави Хомейни Атасынын аты: Сейед Мустафа  Апасынын аты:  Ажар  Туулган жылы:  1-октябрь, 1281-жыл  (күн календары)  Туулган жери:  Хомейн  Үйлөнгөн жылы:  27 жаш 1308ж  Жубайы:  Хадиже айым – Аятолла Мырза Мохаммад Сагафинин кызы Балдар:  2 уул-5 кыз (Мустафа.Садика.Фариде.Сайдех.Латифех.Фахимех.Ахмад)  Даражасы:  Улуу Аятолла Теологиялык билим:  Ижтихад  Адистиги:  Юриспруденция жана принциптер. Философия. Кесиптери:  Кум тууроо органынын семинариясынын мугалими.  Кандуу көтөрүлүш 6-июнь, 1342-жыл: 61 жашта Түркияга сүргүн 1343: Капитуляция маселесине каршы чыккандыктан  Нажафка иммиграция…

Прочитайте больше

Умра

Умра

Умра ажылык заманы болгон беш күндөн башка жылдын ар күнү ихрам менен орундалган, таваф жана сай кылуу жана чач кырдыруу же кесүү болуп саналат. Умранын парзы эки. Ихрам жана таваф. Ихрам умранын шарты, таваф болсо рукну. Сай жана чач алдыруу болсо важиб. Умра өмүрдө бир жолу Ханафи жана Маликиде сүннөт, Шафии жана Ханбалиде парз. Ихрамга кирүү жерлери: Меккеге микат чегинин тышындагы жерлерден келгендер жолундагы микаттардын биринде ихрамга киришет. Меккеде болгон кезде умра кылууну кааласа Меккеликтер…

Прочитайте больше

Ашказандын туткуну болуу

Ашказандын туткуну болуу

Ким дайыма тамакты ойлосо акылын напсине туткун кылат. Ашказанга туткун болуу акылды жана аң-сезимди кетирет. Ким аз жеш менен жарышса олуяларга кошулат. Көп жеген семиз болот, жүрөк үйү мазар болот. Сени көтөрө турганчалык тамак же, сен аны көтөрө турганчалык жебе! Муну жакшы билип кой, тамакты сен жейсиң, тамак сени жебесин! Эгер сен аны жесең, баары дарман болот. Эгер тамак сени жесе, баары дарт жана түтүн болот. Мен адаммын деш керек, жеш үчүн жашабаш керек, жашоо…

Прочитайте больше

Хазрети Исанын сүйүнчүсү

Хазрети Исанын сүйүнчүсү

Суроо: Инжилде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын келе тургандыгы билдирилгенби? ЖООП Иса алейхиссаламдан кийин соңку бир Пайгамбар (алейхиссалату вассалам) келе тургандыгы Инжилде билдирилген эле. Бул кабар бүлкүл бузуп өзгөртүүлөргө карабастан бүгүнкү өзгөртүлгөн бузук Инжилдерде да бар. Юханна (Иоанна) Инжилинин 14.бабынын 16.аятында Иса алейхиссалам; «Аллах силерге силер менен бирге кала турчу бир сооротуучу жиберет», – деген. 26.аятында болсо: «Бул чыныгы сооротуучу силерге бардык нерсени үйрөтөт жана силерге менин үйрөткөндөрүмдү да эскертет», – деген. 16.бабынын 13.аятында болсо: «Ал силерге ар акыйкатка жол көрсөтөт. Себеби, Ал…

Прочитайте больше

43 жылдагы революциянын жетишкендиктери

43 жылдагы революциянын жетишкендиктери

Революциядан кийинки окуяларды Батыш Азербайжанда көрүш керек. Иран Ислам революциясынын жеңиши ар кандай тармактарда олуттуу айырмачылыктарды жаратты, бул айырмачылыктарды жана өнүгүүлөрдү адамдар жакшы билишет. Урмиядан Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, өзгөчө географиялык жайгашуусу жана Түркия, Ирак жана Нахчыван Автономдук Республикасына жакын жайгашкан Батыш Азербайжан облусу өлкөнүн эң сезимтал жана маанилүү аймактарынын бири болуп, өзгөчө жана кайталангыс өзгөчөлүгү бар. Бул провинция көп кылымдар бою шииттер жана суннилер христиандык диний азчылыктар, анын ичинде ассирийлер жана армяндар жана аз…

Прочитайте больше

Рагаиб түнү

Рагаиб түнү

Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…

Прочитайте больше

Ражаб айы

Ражаб айы

Суроо: Ражаб айы тууралуу маалымат бересизби? ЖООП: Ражаб – касиеттүү үч айдын бири. Бул ай тообо кылуунун, сый-урматтын жана ибадаттын айы болсо, Рамазан айы жакындык менен немат айы. Зуннун Мисри: “Ражаб – үрөн себүү, Шабан айы – сугаруу айы, Рамазан болсо – түшүм жыйноо айы”, – деди. Ражаб айы кечирим айы, Шаабан айы шапаат жана Рамазан айы сооптор көп эсе бериле турган ай экени айтылды. Бул айларды урматтоо күнөөлөрдөн сактануу жана ибадат кылуу аркылуу ишке…

Прочитайте больше

Кылган дубаңыз текке кетпейт

Кылган дубаңыз текке кетпейт

Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: “Дуба кылгыла, кабыл кылайын”, – деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде? ЖООП: Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси: “Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд] “Аллаху таала айтты: “Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо…

Прочитайте больше

Мусулман социалдык тармакта өзүн кандай алып жүрүш керек?

Мусулман социалдык тармакта өзүн кандай алып жүрүш керек?

Бүгүн жашообузду социалдык тармактарсыз элестете албай калдык. Албетте, интернеттин адам жашоосун жеңилдеткен бир пайдалуу жагы бар. Биз ал аркылуу мыкты мугалимдерди таап, онлайн илим-билим алабыз. Жакындарыбыз жана туугандарыбыз менен байланышып, мамилени бекемдейбиз. Бирок социалдык тармактардын тескери жактары да бар экенин унутпашыбыз керек. Күнөөдөн алыс болуу үчүн мусулман коммуникациянын бул куралын абайлап колдонуусу зарыл. Бул жолу окурмандарыбызга социалдык тармакты пайдалануу эрежелерин сунуштайбыз. 1) Жакшы кулк-мүнөз Мусулман бардык жерде, жадагалса виртуалдык дүйнөдө да өзүн татыктуу алып жүрүш…

Прочитайте больше

Баланы кантип тарбиялоо керек

Баланы кантип тарбиялоо керек

Суроо: Балдарыбызды кантип тарбиялашыбыз керек? Тарбияда кайсы нерселерге маани беришибиз керек? Жооп: Тарбияда “мындай кыл, муну кылба” дегендин ордуна жүрүм-турумубуз менен балага үлгү болушубуз керек. Анткени,кыймыл-аракеттерибиз айтыла турчу сөзгө караганда көбүрөөк таасирин тийгизет. Мисалы: Бир соода кербени түнгө жуук Медина шаарынын четине конуш алат. Абдан чарчаган жолоочулар катуу уктап калышат. Аларды көргөн халифа Хазрети Омар Абдуррахман бин Авфка: “Бүгүн түнү бир кербен келди. Баары капыр экен. Бирок, бизге ишенип келишкен экен. Алардын оокаттары баалуу жана көп экен….

Прочитайте больше

Наристеге кылына турчу диний милдеттер

Наристеге кылына турчу диний милдеттер

Ислам маданиятында өмүр сүрүү салтын жөнгө салган, мусулмандын дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуусун камсыз кылган турмуштук билимдер «Илимхал» деп аталат. Бул билимдер мусулман адамдын туулгандан баштап кайтыш болгонго чейин кармануусу керек болгон эрежелерди үйрөтөт. Балдар биздин бактыбыз. Ата-эне боло турган жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар наристенин төрөлүү күнүн чыдамсыздык менен күтүшөт. Динибиз жаңы төрөлгөн наристеге карата орундообуз керек болгон амалдарды мындайча көрсөткөн: 1) Жаңы туулган баланын кулагына дароо азан менен комат айтуу керек. Ушундай кылуу аркылуу жин менен шайтандын…

Прочитайте больше

Балдарга динин сүйдүрүү

Балдарга динин сүйдүрүү

Суроо: Кичинекей балдарга динибизди кантип сүйдүрө алабыз, кантип тарбия кылуубуз керек? Жооп: “Мындай кыл, мындай кылба” дегендин ордуна абалыбыз менен үлгү болушубуз керек. Анткени, абалыбыз, иш-аракеттерибиз сөзгө караганда көбүрөөк таасирлүү болот. Өзүбүз абалыбыз менен, кыймыл-аракеттерибиз менен жакшы үлгү, өрнөк боло алсак тарбия ишинин жартысы аткарылган болот. Анан Пайгамбарыбыздын, сахабалардын, дин улууларынын, олуялардын өмүр баяндарын, ибреттүү окуяларын айтып берип, аларга карата сүйүүсүн ойготуу керек. Бул сүйүү балага берилсе алардын атын айтып, Аллаху тааланы түшүндүрүү, динибиздин буйруктары менен тыюуларына…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6 12