Ирандагы Ислам ыңкылабына 43 жыл. Сүрөттөр

Ирандагы Ислам ыңкылабына 43 жыл. Сүрөттөр

11-февралда Иран Ислам Ыңкылабынын жеңишинин 43 жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленди. Жума күнү Ирандын бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди. Миңдеген адамдар Ирандын желегин колго алышып, өлкөнүн Ислам өкмөтүн колдой тургандыктарын жана душмандарга каршы бирдиктүү турушаарын көрсөтүштү. Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран…

Прочитайте больше

Бишкекте Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды (фото)

Бишкекте Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды (фото)

10-февралда Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде “Иран: кечээ жана бүгүн. Ислам революциясынын жетишкендиктери” аттуу фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул иш чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү тарабынан Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына карата уюштурулду. Фотокөргөзмөнүн ачылышына Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, аталган элчиликтин алдындагы Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми баш болгон дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, Кыргызстандагы ирандык мекеме, уюмдардын кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары менен студенттери жана…

Прочитайте больше

Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын буга чейин жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү

Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын буга чейин жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү

Иранда быйыл Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленет. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган. Ирандын “Fars News” маалымат агенттиги Ислам революциясынын 43 жылдыгына карата биринчи жолу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Зенжан шаарында тартылган революциянын башталышынын сүрөттөрүн жарыялады. Аталган шаар революциянын оор жана маанилүү күндөрүн башынан өткөргөн. Ак-кара кадрлардын автору маркум сүрөтчү Исмаил Пуржам болсо, түстүү сүрөттөрдү Нематулла Саффори тарткан. Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн кийин мекенине кайтып…

Прочитайте больше

Иранда Имам Хомейнинин мекенине кайтып келиши белгиленди. Сүрөттөр

Иранда Имам Хомейнинин мекенине кайтып келиши белгиленди. Сүрөттөр

Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган. Бул күн Иран календарында Фажр декадасынын башталышы катары белгиленген. Ал күнү Аятолла Хомейни “Air France” авиакомпаниясынын 4721 чартердик рейси менен “Boeing 747” учагы менен Тегерандагы Мехрабад аэропортуна эртең мененки саат 9:27де конгон. Имам Хомейнинин уулу Ахмад жана ишенимдүү шериги Мортаза Мотаххаринин коштоосунда учактан түшүп жаткан тарыхый учурдун сүрөтү бүт…

Прочитайте больше

«Фараондор жолу» менен сейилдөө: Египетте сфинкстердин аллеясы ачылды (фото)

«Фараондор жолу» менен сейилдөө: Египетте сфинкстердин аллеясы ачылды (фото)

Египеттин Луксор шаарында Сфинкстер аллеясынын ачылыш аземи болуп өттү. Музей он жылдан ашык убакытка созулган реставрациядан кийин кайрадан конокторду кабыл ала баштады.  Сфинкстер аллеясы байыркы мезгилден бери биринчи жолу Луксор менен Карнак храмдарын бириктирди. Эми ал туристтер үчүн сейилдөө аймагына айланат. Казуу учурунда археологдор кочкор баштуу 250 сфинксти жана адам баштуу 807 сфинксти табышкан. Сфинкстер аллеясынын калыбына келтирилгенден кийинки узундугу үч километрге жетет. Азыр 1057 айкел бар. Байыркы убакта аллеяда айкелдер үч эсе көп болгон….

Прочитайте больше

Абу-Дабиде Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум ачылды (фото)

Абу-Дабиде Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум ачылды (фото)

Бириккен Араб Эмираттарында Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум – Абу-Дабинин Улуттук аквариуму ачылды. Анда 33 миңге жакын деңиз жаныбарлары жашайт. Аквариум аянты жети миң чарчы метрди түзөт. Бул жерге жыл сайын бир миллионго чейин коноктор келе алышат. Комплексте Жакынкы Чыгышта эң узун суу астындагы туннел бар. Бул жерде 80ден ашык деңиз биологдору жана башка адистер эмгектенишет. Алар деңиз жашоочуларына көз салып, деңиз фаунасынын жандыктарын изилдешет. Мындан тышкары, Улуттук аквариумда билм берүү бөлүмү ачылып, анда жылына…

Прочитайте больше

Ысык-Көлдө 100 миң долларга курулган паркты суу каптады (Фото)

Ысык-Көлдө 100 миң долларга курулган паркты суу каптады (Фото)

Каракол шаарында дарыядагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында «Ривер Парк» жабыркагандыгын Turmush басылмасы билдирет. Маалыматка караганда, парктын аймагын суу каптагандыктан көпүрөлөр, беседкалар, спорттук тренажерлор талкаланган. «Ривер Парк» Ысык-Көл облусундагы жээкте курулган жалгыз парк болуп эсептелет. Парктын аймагы бир нече эс алуу жайларына бөлүнгөн. Ошондой эле эки бөлүгү көпүрө аркылуу туташкан. «Ривер Парк» 2017-жылдын 9-сентябрында ачылган. Шаар мэри Данияр Арпачиевдин айтымында, сейил бактын курулушунун сметалык баасы 7 миллион сомду түзгөн (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 102 миң…

Прочитайте больше

Түркияда кургап калган көлдө жүздөгөн фламинголор өлдү (фото)

Түркияда кургап калган көлдө жүздөгөн фламинголор өлдү (фото)

Акыркы жумада Түркиянын борбордук Конья провинциясындагы Туз көлүнүн кургап калган бөлүгүндө жүздөгөн фламингонун өлүгү табылды, бул бийликтин кургакчылыктын экосистемага тийгизген таасирине кайрадан көңүл бурууга түрттү.  Түркиядагы экинчи чоң жана дүйнөдөгү эң ири туздуу көлдөрдүн бири болгон Туз көлү – көчүп жүргөн жаныбарлардын эң жакшы көргөн жерлеринин бири жана фламинголордун жашаган жери  болуп келген. Көл тайыз жана жыл ичинде жаан-чачын аз болсо да, анын туздуу болушу келгин куштардын уялоосуна өбөлгө түзөт. Бирок, климаттын өзгөрүшүнөн улам келип…

Прочитайте больше

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайдын Сычуань провинциясында чөкпөй турган “Титаник” кемесинин көчүрмөсү курулууда. Кеме “Чөкпөй турган Титаник” деп аталган.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Кеме легендарлуу Титаник кемесинин так өзүндөй болуп курулууда. Анын узундугу 269,06 метр, туурасы 28,19 метрге жетет, ал эми ички жасалгасы чөгүп кеткен “Титаник” кемесинин жасалгасындай жасалат. Кемеде аянтчалар, бассейн жана банкет залдары болот. Кытайлыктар ошондой эле кемеде сахнасы бар театр да болорун убада кылышууда. Чыныгы Титаниктен айырмаланып, бул кеме Цицзян дарыясындагы суу сактагычта…

Прочитайте больше

Канга боёлгон Палестина: Газа тилкесиндеги абадан урулган соккулардын курмандыктары (ФОТО)

Канга боёлгон Палестина: Газа тилкесиндеги абадан урулган соккулардын курмандыктары (ФОТО)

Согуштун үрөй учурарлыгын түшүнүү жана сезүү үчүн – курман болгондордун, жаракат алгандардын же ата-энесиз калган балдардын жана кайгыга баткан адамдардын сүрөттөрүн көрүү жетиштүү болот. Бүгүн бири-бирине абадан сокку уруп жаткан Израиль менен Палестинанын жаңжалында бир гана имараттар жана инфраструктуралар талкаланган жок, ошол эле учурда эки тарапта тең жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылууда. Газанын түндүгүндөгү суу тазалоочу жайлардын талкаланышынан улам 250 миң адам ичүүчү суусуз калышты. Акыркы маалыматтар боюнча эскалация башталгандан бери Газа секторуна жасалган чабуулдарда 237…

Прочитайте больше

Фарс тили жумалыгынын алкагында мектеп директорлору сыйланышты (фото)

Фарс тили жумалыгынын алкагында мектеп директорлору сыйланышты (фото)

Бишкек шаарында Иран Ислам Республикасынын Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өтүп жаткан “Фарс тили аптасы” деп аталган тегерек стол Ирандын элчилигинде уюштурулду. 14-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Ирандын Бишкектеги Элчилиги менен Маданий өкүлчүлүгү фарс тилин үйрөтүүдө салым кошкон жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен мектеп директорлорун жана окутуучуларды “Фарс тили аптасы” тегерек столуна жана ооз ачууга чакырып сыйлады. Тегерек столго Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укутуу Элчиси, Маданий өкүлү, Бишкек Мамлекеттик Университетинин деканы, № 1 гимназияныны директору,…

Прочитайте больше

Жапаровдун Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапары сүрөттөрдө

Жапаровдун Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапары сүрөттөрдө

Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Мамлекет башчысы катары Орусия Федерациясында биринчи чет элдик иш сапары менен болду. Жапаров иш сапарын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле мамлекет башчысы Москва шаарында мекендештер жана Орусия жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Мындан тышкары, ал Татарстандын Президенти Рустам Минниханов, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин,…

Прочитайте больше

Сахара чөлүндө кар жаады (фото)

Сахара чөлүндө кар жаады (фото)

Сахара чөлүндө абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаады. Аба-ырайынын өзгөчө кубулушун фотограф Карим Бучетата тарып алып, Инстаграммдагы баракчасына жарыялады. “The Sun” басылмасы белгилегендей, ысык мезгилде чөлдө температура + 50C чейин көтөрүлүшү мүмкүн, бирок ушул айда температура нөлдөнтөмөн түштү. Сахара чөлүнө биринчи жолу кар 1979-жылы 18-февралда жааган. Экинчи жолу Сахарага кар 2016-жылдын аягында – 2017-жылдын башында жааган. Анда кар Алжирдин Айн-Сефра шаарына түшкөн. Үчүнчү жолу 2018-жылдын 7-январында жааган.

Прочитайте больше
1 2