ЖМК: “Крокустагы” террорчулар Борбор Азия өлкөлөрүндө да теракт даярдап жатышкан

ЖМК: “Крокустагы” террорчулар Борбор Азия өлкөлөрүндө да теракт даярдап жатышкан

“Крокус Сити Холлдогу” теракттын уюштуруучулары бир эле убакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде дагы бир теракт даярдап жатышкан, бирок анын алды алынган. Бул туурасында россиялык “Известия” басылмасына маалымдар булак билдирди. Басылманын маектеши теракт даярдалып жаткан өлкөнүн атын атаган жок, бирок ал “Крокус Сити Холлдогу” чабуул менен бир убакта болмок экенин белгиледи. Булак ошондой эле Москвадагы терактка даярдыктын мурда белгисиз болгон чоо-жайын айтты. Анын айтымында, кылмышкерлер концерттик залды кадимки бензин менен өрттөшкөн. «Крокуска бараткан жолдо май куюучу…

Прочитайте больше

Газадагы геноцидке 170 күн: өлгөндөрдүн саны 32 миңден ашты

Газадагы геноцидке 170 күн: өлгөндөрдүн саны 32 миңден ашты

Израилдин Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы геноциддик согушуна 170 күн болду. Акыркы 24 саатта эле Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарындагы турак жайларга жасаган соккуларынын натыйжасында кеминде 27 палестиналык набыт болгонун палестиналык WAFA маалымат агенттиги билдирди. Анын маалыматына караганда, беш үй бомбаланган. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар. Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинын акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы операциясы башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 32,2 миңден ашып, 74,5 миңден ашуун адам жаракат алды. Жекшембиде Газадагы мамлекеттик маалымат кызматы…

Прочитайте больше

В. Путин Э. Рахмон менен эмнени сүйлөштү?

В. Путин Э. Рахмон менен эмнени сүйлөштү?

Тажикстандын президенти  Эмомали Рахмон 24-мартта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу тажик президентинин пресс-кызматы билдирди.  Сүйлөшүү учурунда тажик лидери Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» комплексиндеги ырайымсыз кандуу террордук актыны чечкиндүү түрдө айыптады. Ал «террорчулардын улуту, мекени жана дини да болбой тургандыгын» баса белгиледи. Тажикстандын президенти үрөй учурган трагедияда каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтты. «Россия Федерациясындагы жалпы улуттук аза күтүү саатында Эмомали Рахмон Тажикстандын баардык жарандарынын бир тууган…

Прочитайте больше

Орусиянын муфтийи Р. Гайнутдин 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Исламды сыйлыкка көрсөттү

Орусиянын муфтийи Р. Гайнутдин 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Исламды сыйлыкка көрсөттү

Москванын Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” комплексинде болгон терракт учурунда 100 жакын  элди куткарган Ислам Халиловду Россиянын муфтийи тарабынан сыйлыкка көрсөтүлөт. “Крокус Ситиде” 100дөн ашуун адамды куткарып калган кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халиловду Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыкка көрсөттү. Орус басылмаларынын билдирүүсу боюнча, муфтий Ислам Халиловдун өзүнө жана атасына жеке чакыруу жөнөткөн. Келе жаткан жүма күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылары кабарланган. Ислам Халилов “Крокус Сити Холлдун” концерттик залындагы гардеробдо сабактан кийин кошумча акча таап иштеген….

Прочитайте больше

“Крокус сити холлдогу” теракты жасагандарга канча акча убада кылынган?

“Крокус сити холлдогу” теракты жасагандарга канча акча убада кылынган?

Москванын четиндеги Красногорск шаарында жайгашкан “Крокус Сити Холл” концерттик залына кол салган террорчулар ар бири эмес, баардыгы 500 миң рубль алышы керек болчу. Бул тууралуу  россиялык  “Известия” басылмасы билдирди. Мындан мурда шектүү катары кармалгандардын бири Шамсидин Фаридуни белгисиз бирөөлөр ага теркт жасагандыгы үчүн 500 миң рубль берүүнү убада кылып, ал акчанын жарымын банк картасына которгондугун, калган сумманы ала электигин ошол замат суракка алынган учурда айткан. Сыягы, анын сөзү коомчулукта туура эмес чечмеленип,  бул акчаны ар бир кылмышкерге…

Прочитайте больше

Школьник спас 100 человек в «Крокусе». Ислам заслуживает звания Героя России

Школьник спас 100 человек в «Крокусе». Ислам заслуживает звания Героя России

15-летний подросток, подрабатывающий в гардеробе концертного зала — настоящий герой нашего времени. Лучше бы всего того ужаса, который накануне произошёл в подмосковном «Крокус Сити Холле», не было, а все люди вели свою устоявшуюся размеренную жизнь. Но на каждую белую или бесцветную полосу обязательно найдётся чёрная, а порой ещё чего хуже. Если случилось горе, то в моменты, когда нужно проявлять волю, терпение и мужество, не часто находятся люди, способные мыслить здраво. Но особенно впечатляет, что такому…

Прочитайте больше

А. Жапаров М. Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү

А. Жапаров М. Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү. «Крокус Сити Холлдо көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө кошулууга даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм», – деп айтылат…

Прочитайте больше

“Крокустагы” терактка эл аралык коомчулуктун реакциясы

“Крокустагы” терактка эл аралык коомчулуктун реакциясы

22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында кандуу кол салуу болду. Анын кесепетинен 60 адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди. Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 115 адам ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө балдар экенин билдирди. Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуяга күбө болгон РИА Новости агенттигинин кабарчысынын айтымында, залга кеминде камуфляжчан, беткапсыз үч адам кирип келип, элге ок чыгарып, күйүүчү шашкаларлы ыргытышкан. Натыйжада өрт…

Прочитайте больше

Москвадагы теракт. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Москвадагы теракт. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы террактка байланыштуу телеграмма жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. “Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта «КРОКУС СИТИ ХОЛЛдо» көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм. ​Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Раиси Нооруз – бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи. “Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана…

Прочитайте больше

БУУда Нооруз майрамы кандай белгиленди? Сүрөт

БУУда Нооруз майрамы кандай белгиленди? Сүрөт

20-март күнү Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун залында Нооруз салтанаты өттү. Иш чара Ирандын демилгеси жана салттуу түрдө бул майрамды белгилеген өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Ага Нооруз майрамын белгилеген 12 өлкөнүн элчилери жана дипломаттары, башка өлкөлөрдүн дипломаттары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын төрагасы катышты. Ноорузду салттуу түрдө Кыргызстан, Иран, Азербайжан, Афганистан, Индия, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан белгилейт. Эл аралык Нооруз күнүн майрамдоо быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Камкордук боюнча…

Прочитайте больше

Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Ирандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген руханий жана маданий мурасы. “Нооруз” сөзү перс тилинен «жаңы күн» деген маанини берип, жаңы жылдын келишин билдирет. Нооруз майрамы белгиленген 21-март Иранда расмий түрдө кабыл алынган күн календары боюнча жаздын биринчи күнү болуп саналат.

Прочитайте больше

Иранда 2024-жыл өндүрүш жылы деп жарыяланды

Иранда 2024-жыл өндүрүш жылы деп жарыяланды

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Нооруз майрамы алдында өлкө элине майрамдык куттуктоо менен кайрылып, келе жаткан жылды «Өндүрүштүн секирик жылы» деп жарыялады. Иранда Нооруз жаңы жылдын башталышын билдирет. Иран календары боюнча 2024-жылдын 21-марты  1403-жыл 1-бахман (Хижрий жыл санагы) болот. Ал ирандыктарды, айрыкча согуш ардагерлеринин үй-бүлөлөрүн, ошондой эле өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү жана жер бетиндеги тынчтык үчүн ар дайым жанын аябаган шейиттердин үй-бүлөлөрүн берекелүү Рамазан айына туш келген Нооруз майрамы менен куттуктады. Хаменеи өткөн жыл (1402) башка…

Прочитайте больше

АКШ Жогорку соту Техастын миграциялык мыйзамын калыбына келтирди

АКШ Жогорку соту Техастын миграциялык мыйзамын калыбына келтирди

АКШнын Жогорку соту Мексика менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө каршы аракет көрүү тууралуу Техас штатынын мыйзамын калыбына келтирүүнү чечти.  Ага ылайык, АКШ Жогорку соту бул чечими менен аталган мыйзамды бөгөттөө тууралуу президент Жо Байдендин администрациясынын сунушун четке какты. “Америка авазы” кабарлагандай, Жогорку соттогу алты консерватор-судья мыйзамды калыбына келтирүүнү колдосо, үч либерал-судья каршы добуш берди. Алар бул чечимге нааразы экенин айтып, мыйзам “өлкөнүн иммиграциялык саясатын түп-тамырынан өзгөртөрүн” билдиришти. Январда Юстиция министрлиги демилгени бөгөттөө өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган….

Прочитайте больше

Путин Иран элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Путин Иран элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Иран элин келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Путин Ирандын президенти Имбрахим Раиси менен телефондо сүйлөшүп, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин дарегине жакшы каалоо-тилектерди жолдоду. «Владимир Путин Ирандын жогорку лидери Сейед Али Хаменеинин дарегине жакшы каалоо-тилектерин жолдоп, бүткүл Иран элин мусулмандардын ыйык Рамазан айы жана жазгы Нооруз майрамынын башталышы менен куттуктады», — деп айтылат маалыматта. Раиси Россиянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен…

Прочитайте больше
1 2 3 180