Ирандын ТИМ башчысы: Агрессорду жазалоо – зарылчылык

Ирандын ТИМ башчысы: Агрессорду жазалоо – зарылчылык

Иран Батыш Азиядагы жаңжалды кеңейтүүнү көздөбөйт, бирок Израилди тизгиндөөнү аймактагы коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн зарыл шарт деп эсептейт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан билдирди. “Eurasia Today” маалымдагандай, Абдоллахиан Австралия, Улуу Британия жана Германиянын ТИМ башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, анда аларды Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна кол салуусун айыптоодо так позицияны жарыялоого чакырганын Х соцтармактагы баракчасына жазды. Министр Израиль эл аралык мыйзамдарды жана Вена конвенцияларын бузуп, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин бузганын айтып, бул агрессорду жазалоону камтыган мыйзамдуу…

Прочитайте больше

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы гуманитардык кызматкерлердин өлүмү боюнча толук иликтөөнү талап кылды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы гуманитардык кызматкерлердин өлүмү боюнча толук иликтөөнү талап кылды

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Газадагы World Central Kitchen (WCK) гуманитардык уюмунун 7 кызматкеринин өлүмүнө алып келген Израилдин “үрөй учурган” чабуулуна “олуттуу тынчсызданууларын” билдиришип, бул окуя боюнча “толук, ачык-айкын жана ар тараптуу иликтөө” зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Израиль бийликтери курчоого алынган жана бомбаланган аймактарга жардам жеткирүүнү жакшыртуу үчүн дагы көп аракет кылышы керектигин белгилешти. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Газадагы кагылышуулардын адам курмандыктарына, катастрофалык гуманитардык кырдаалга жана ачарчылык коркунучуна терең тынчсызданууларын дагы бир…

Прочитайте больше

Москвада полиция КР дипломатынын үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. ТИМ нота жөнөттү

Москвада полиция КР дипломатынын үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. ТИМ нота жөнөттү

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Россиянын элчилигинин кеңешчи-консулу Андрей Бурьевой менен жолугушуу болуп өттү. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине өзүнүн тынчсыздануусун билдирди. “Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитациялан кызматкерлерине карата Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттер кабыл алынгыс болуп, кылдаттык териштирүүнү жана күнөөлүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартуу талап кылынды”,…

Прочитайте больше

Казакстандагы суу ташкын: акыркы сааттарга карата абал кандай?

Казакстандагы суу ташкын: акыркы сааттарга карата абал кандай?

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу каптаган аймактардагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат бергендигин Tengrinews.kz. маалымат агенттиги билдирди. Суу ташкын башталгандан бери жалпысынан 99 869 адам куткарылган, анын 36 591и балдар. Убактылуу жайгаштыруу пункттарында 6 586 адам жайгаштырылып, алардын 3 197си балдар. 9 миллион кубометр сел суусу сордурулуп, 1,6 миллион даана кап жана 1,2 миллион тонна инерттик материал суунун нугун тосуу үчүн орнотулган. Авариялык-куткаруу иштерине 34 272 адам жана 4 миң даана техника, 17 тик учак тартылган….

Прочитайте больше

Дүйнө жүзүндөгү Айт намазы. Сүрөттөр

Дүйнө жүзүндөгү Айт намазы. Сүрөттөр

Отуз күнгө созулган орозодон кийин дүйнөнүн булуң бурчундагы мусулмандар Орозо айтты белгилешти. Миллиондогон мусулмандар аянттарда жана мечиттерде Айт намазын окушту. Быйыл Кыргызстанда Айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулду. Муфтият мындай чечим дүйнөдө болуп жаткан кырдаал менен байланыштуу экендигин билдирген. Дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын айт намазын «Eurasia Today» даярдаган сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз. Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте айт намазга чогулган эл. Айт намазга президент Садыр Жапаров жана жогорку бийлик өкүлдөрү катышты. Ирандын Мешхед шаарындагы…

Прочитайте больше

Захарова чет элдик дипломатиялык борборлордун кызматкерлеринин иммунитетинин бузулушун сынга алды

Захарова чет элдик дипломатиялык борборлордун кызматкерлеринин иммунитетинин бузулушун сынга алды

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова чет элдик дипломатиялык борборлордун кызматкерлеринин иммунитетинин бузулушун сынга алды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги орус ЖМКларына шилтеме берип жазды. Захарова шаршемби күнү брифинг учурунда Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна жасаган чабуулуна токтолуп, мындай деди: “Кээ бир өлкөлөр чет өлкөлүк мекемелердин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине карата дипломатиялык жана консулдук иммунитет эмне экенин унутуп коюшканын көрдүк”. Эске салсак, 2-март күнү кечинде Израилдин аба күчтөрү Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун…

Прочитайте больше

Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат

Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат

Мындан ары Меккеге окуу жана зыярат үчүн барган кыргызстандыктар бекер жатаканада жашай алышат. Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат, деп билдирди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Анда окуу үчүн барган кыргызстандык студенттер жана зыяратчылар жашайт. Жатакана ачуу чечимин президент Садыр Жапаров дагы колдоого алган. Бүгүнкү күндө имарат бөлүндү.

Прочитайте больше

Россия Британиянын маморган жана IT тармагынын өкүлдөрүнө санкция киргизди

Россия Британиянын маморган жана IT тармагынын өкүлдөрүнө санкция киргизди

Россия Улуу Британиянын мамлекеттик бийлик органдарынын, IT тармагынын жана юридикалык кызматтар рыногунун 22 өкүлүн кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлиги билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. Текстте британ өкмөтү өзүнүн агрессивдүү антироссиялык курсун улантып, санкцияларды чектөө механизмин активдүү колдонуп жана диверсиялык маалыматтык-пропагандалык кампанияны жүргүзүп жатканы белгиленген. “Британиялык тараптын бул кастык аракеттерине жооп катары Улуу Британиянын мамлекеттик органдарынын, IT секторунун жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун бир катар өкүлдөрүн россиялык токтотуу-тизмесине киргизүү чечими кабыл алынды”, —…

Прочитайте больше

Талибан Иранда теракт пландоо шеги менен эки тажикстандык кармалганын билдирди

Талибан Иранда теракт пландоо шеги менен эки тажикстандык кармалганын билдирди

Ооганстандын Al Mirsaad басылмасы «ИМ» согушкерлери делген жана Пакистандагы террорчуларды даярдоочу аскердик лагерге барууну пландаган эки тажик жигиттин суракка алынган видеосун жарыялады. Сурак учурунда алар тажик жарандары экенин, Орусияда Телеграм аркылуу «ИМ» тобуна азгырылып, Ооганстанга жөнөтүлгөнүн айтышкан. Видеодо жаштардын бири өзүн 21 жаштагы Восе районунун тургуну Сирожиддин Давлатов, экинчиси кулябдык 21 жаштагы Самеджон Файзов деп тааныштырууда. Видеонун монтаждалганы байкалат. Сурак маалында онлайн-куратор аларга так көрсөтмө бергенин билдиришкен: Түркия жана Иран аркылуу Ооганстанга, ал жактан Пакистандын Белужистан провинциясынын борбору…

Прочитайте больше

Түркия Израилге ондогон товарларды экспорттоого чектөө киргизди

Түркия Израилге ондогон товарларды экспорттоого чектөө киргизди

Түркиянын Соода министрлиги 9-апрелден тарта Израилге “Газадагы согуштук аракеттер аяктаганга чейин жана анклавга гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн шарттар түзүлгөнгө чейин” 54 аталыштагы өнөр жай товарларын экспорттоого чектөө киргизүүнү чечти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Министрликтин жарыяланган чечиминде, атап айтканда, болот, алюминийден жасалган продукциялардын  түрлөрүнө, боёк, электр кабелдерин, авиациялык күйүүчү май, май, жер семирткич, өнөр жай жабдууларынын айрым түрлөрүнө чектөөлөр киргизилгени айтылат. Ошондой эле чектөөлөрдүн тизмесине цемент, темирден жана болоттон жасалган курулуш материалдарынын бардык түрлөрү,…

Прочитайте больше

Элчи Антонов: Украинанын НАТОго кириши Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет

Элчи Антонов: Украинанын НАТОго кириши Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет

Украинанын НАТОго кириши Россия үчүн таптакыр кабыл алынгыс, Москва Киевдин душмандык блокко катышуусун эч качан кабыл албайт, деп Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. “Украинанын НАТОго кириши кандай гана шартта болбосун биз үчүн кабыл алынгыс. Бул Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч. Россия Федерациясынын принципиалдуу позицияларын таптакыр түшүнбөгөн саясатчылар гана биз Киевдин бизге душман болгон блокко катышуусун кабыл алат деп күтө алышат», — деди Антонов. Анын айтымында, Вашингтондо Россия тараптын Украинанын Түндүк Атлантикалык альянска…

Прочитайте больше

Түркмөнстанда ахалтекин аттарынын эл аралык сулуулар конкурсу өтөт

Түркмөнстанда ахалтекин аттарынын эл аралык сулуулар конкурсу өтөт

Түркмөнстандын президенти  Сердар Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде Аркадаг шаарында ахалтекин тукумундагы аттардын эл аралык сулуулар конкурсун өткөрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу  Turkmenportal маалымат агенттиги билдирди. Конкурс түркмөн күлүктөрүнүн Улуттук майрамынын урматына өткөрүлөт. Ошондой эле бул майрамдын алкагында сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, килем токуучулардын, зергерлердин, фотографтардын, басма кызматкерлеринин, дизайнерлердин, ахалтекин жылкыларынын сулуулугунун көркөм көрүнүшүн сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство, басма продукциялары жана башка чыгармаларда  чагылдырган телеоператорлордун да конкурсу өткөрүлмөкчү. Түркмөн күлүктөрүнүн улуттук күнү 2011-жылдан тартып апрелдин акыркы жекшембисинде масштабдуу…

Прочитайте больше

Россияга түндө чабуул жасаган 53 дрон атып түшүрүлдү

Россияга түндө чабуул жасаган 53 дрон атып түшүрүлдү

Россиянын абадан коргонуу күчтөрү жумага караган түнү жана бүгүн эртең менен өлкөнүн беш аймагына чабуул жасаган Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 53 учкучсуз аппаратын атып түшүрдү, анын 44ү Ростов облусунда жок кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, абадан коргонуу күчтөрү Ростов облусунан 44, Саратовдон 1, Курсктан 1 жана Белгород облусунан 1 ошондой эле Краснодар аймагынан 6 учкучсуз аппаратты жок кылган. Буга чейин Ростов облусунун губернатору Василий Голубев абадан коргонуу күчтөрүнүн бөлүктөрү, алдын…

Прочитайте больше

«Достук ифтары»: Ирандын Кыргызстандагы элчилиги ооз ачыруу уюштурду — Сүрөт

«Достук ифтары»: Ирандын Кыргызстандагы элчилиги ооз ачыруу уюштурду — Сүрөт

Ирандын Бишкектеги дипломатиялык өкүлчүлүгү мусулмандар тарабынан Рамазан айынын акыркы жумасында белгиленүүчү Эл аралык “Аль-Кудс” күнүнүн алдында ооз ачыруу уюштурду. “Достук ифтары” дасторконуна Борбор Азия мамлекеттеринин, Азербайжан, Түркия, Катар жана Афганистандын элчилери (Талибан өкмөтүнүн өкүлү), Православ чиркөөсүнүн өкүлү жана КР муфтийинин орун басары, Кадыр Маликов, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу коомдук ишмерлер чогулушту. Конокторду Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хусейн Ядегари өзү тосуп алды. Чогулгандар жамаат намазын окуп, андан соң тамактанууга киришти. -+ Иран дипломаты коноктор менен саламдашып,…

Прочитайте больше

«Аль-Кудс» күнү: Иранда миңдеген адамдар палестиндерге тилектештик билдирди. Сүрөт

«Аль-Кудс» күнү: Иранда миңдеген адамдар палестиндерге тилектештик билдирди. Сүрөт

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары эзилген Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт. Быйылкы акция жылдагыдай эле Иран боюнча масштабдуу өткөрүлүүдө. Жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар колдоруна Иран менен Палестинаны желектерин, ошондой эле жакында эле Израилдин Сириядагы Иран консулдугунда жасаган…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 184