Рамазанга чейин 5 карыздан кутулуңуз

Рамазанга чейин 5 карыздан кутулуңуз

Бир жылда бир келчү Ыйык Рамазан айына 1 айга жетпеген убакыт калды. Бул айда сансыз күнөөлөр кечирилип, амалдардын сообу бир канча эсеге көбөйтүлөт. Ар бир мусулман бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кармап калууга аракет кылат. Бул берекелүү айды жакшы даярдык менен тосуп алуу үчүн эмне кылуу керек? Албетте, биринчиден, карыздардан кутулуудан баштоо зарыл. Эскерте кетсек, карыздардан Рамазан айына чейин кутулуп, даярдык көргөн жакшы, а эгер мындай кыла албай калса, ал күнөө катары эсептелбейт. 1 – карыз. Күнөөлөрдүн…

Прочитайте больше

Турмушка чыгып жаткан кыздарга үлгүлүү эненин он насааты

Турмушка чыгып жаткан кыздарга үлгүлүү эненин он насааты

Үлгүлүү эне кызын турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен: ”Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушун керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз. Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уядан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көнүлүндү алуу учун колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсе айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга…

Прочитайте больше

Туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова багымдатка жеңил ойгонуунун сырлары менен бөлүштү

Туура уйку боюнча адис Назгүл Сулайманова багымдатка жеңил ойгонуунун сырлары менен бөлүштү

Багымдат намазына уктап калбай сергек ойгонуу үчүн эмне кылуу керек? Уйкунун сапаттуу жана организмибизге пайдалуу болушуна кандай факторлор таасир этет? Бул суроолорго туура уйку боюнча адис жана аялдарды өнүктүрүү жаатында тренер Назгүл Сулайманова жооп берди. – Ассалам алейкум, Назгүл айым. Маегибиздин негизги темасы – багымдат намазына кантип жеңил ойгонсо болот. Бирок алгач уйку тууралуу сөз кылсак… – Валейкум ассалам. Туура айтасыз, багымдат намазына жеңил ойгонуу үчүн уйку режимин жөнгө салып, калыбына келтирүү керек. Уйку- бул…

Прочитайте больше

Муса алейхиссалам

Муса алейхиссалам

Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Пайгамбарлар арасында үстөмдүктөрү болгон жана «улу’л-азм» деп аталган алты пайгамбардын үчүнчүсү. Аллаху таала менен сүйлөшкөндүгү үчүн «Калимуллах» делген. Бани Исраилге келген. Якуб алейхиссаламдын урпагынан чыккан. Харун алейхиссаламдын бир тууганы. Атасынын аты Имран. Энесинин аты Нужайб же Нажия же Юхабил. Хазрети Юсуфтан кийин Мысырда Исраил уулдары абдан көбөйүштү. Булар Хазрети Якуб жана Хазрети Юсуф билдирген динге ишенишип, буйруктарын орундап жашашчу эле. Мысырдын жергиликтүү эли Кыбти коому болсо жылдыздарга, буттарга сыйынышчу жана Исраил…

Прочитайте больше

Адам алейхиссалам

Адам алейхиссалам

Жер бетинде жаратылган алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар, бүткүл адамзаттын атасы. Адам алейхиссалам жаратылуудан мурда бүткүл ааламдар жана ал ааламдардагы нерселер “Алам-и малакут” делген бүткүл рухтар, “Алам-и мүлк” делген материалдык ааламында да Арш азам, курси, Жаннат, Жаханнам, жети кабат асман жана башка барлыктар, периштелер жана жиндер жаратылган эле. Аллаху таала периштелерине асманды, жиндерге болсо жер жүзүн мекен кылды. Жиндер жер бетинде көп убакыттар жашашты (бир риваят боюнча алтымыш миң жыл). Кийин араларында көралбастык жана азгындоо…

Прочитайте больше

Эне-атага кызмат

Эне-атага кызмат

Ыймандан кийинки биринчи вазыйпабыз – эне-атанын көңүлүн оорутпоо. Алар канчалык жаман болсо дагы бардык нерсенин үстүндө акылары бар. Алардын көңүлүн ооруткан адамдын ибадаты кабыл болбойт. Мусулман болуп туулуубузга жана мусулман болуп чоңойуубузга себепчи болгон эне-атабыздын көңүлүн оорутсак Жаннатка кирүүнү ойлой алабызбы? Мусулман эне-атабыз бизден ыраазы болмоюнча Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуубуз өтө кыйын. Жакшылык кылып, алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек! Аллаху таала: «Эне-атага жакшылык кылгыла», – деп буюрууда. (Ниса 36, Энам 151, Анкебут 8) Хадиси шарифтерде дагы буюрулду:  «Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү…

Прочитайте больше

Жактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар

Жактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар

Суроо: Жакындарыбыздан бири кайтыш болсо башыбызга каза келет. Сабыр кылбоо күнөөбүү? ЖООП Дүнүйө кыйынчылыктардын үстүнө курулган. Сабыр кылуудан башка чарасы жок. Үч сабыр өтө сүйүктүү: күнөө кылбоого сабыр, азап жана кайгыларга сабыр. Баласынын өлүүсү, мал-мүлкүнүн колунан чыгуусу жана көз, кулак сыяктуу органдардын көрбөөсү жана укпоосу сыяктуу адамдын каалоосу менен башланышы болбогон кайгыларга сабыр кылуудан да жогору сабыр жок. Азаптарга сабыр кылуу – бул сыддыктардын даражасы. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле: “Йа, Рабби, азаптар…

Прочитайте больше

Орозо айынын болжолдуу датасы белгилүү болду

Орозо айынын болжолдуу датасы белгилүү болду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мусулмандардын Орозо күнүнүн болжолдуу башталыш күнүн аныктады.  Бул тууралуу Kaktus Media порталы КМДБнын басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, быйыл ыйык Рамазан айы 13-14-апрелде башталат.КМДБ ошондой эле болжолдонгон күн өзгөрүшү мүмкүн деп белгиледи. Акыркы чечим дин кызматкерлери айдын жаңыруу абалын белгилегенден кийин кабыл алынат.Рамазан – мусулмандар үчүн ыйык орозо айы жана исламдын беш түркүгүнүн бири. Орозодо күндүзү орозо кармагандар жегенден, суу ичкенден жана башка суусундуктардан, тамеки жана жыныстык жакындык…

Прочитайте больше

Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар

Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар

Биздин замандын 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с) керемет түнкү саякатка чыккан. Пайгамбарыбыз Меккеден Иерусалимге (Аль-Кудс) алып келинип, андан ары жогору көтөрүлгөн. Бүгүн, 10-марттан 11-мартка караган түнү “Аль-Исра валь-Мираж” деген ат менен белгилүү дал ушул керемет түнкү саякат орун алган. Ыйык Куранда бул тууралуу “Исра” сүрөсүнүн 1-аятында мындай деп айтылат:“Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал – Угуучу, Көрүүчү!”…

Прочитайте больше

Мираж түнү

Мираж түнү

Ражаб айынын 27-түнү. Мираж “тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн. Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле. Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашта болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыят айтып, ыйманга чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаралап, азап көрсөтүшөт. Өздөрүнө Аллахтан…

Прочитайте больше

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Коомдо көпчүлүгү “жихад” десе “согушуу”, “согушка аттануу” дегенди түшүнүшөт. А чындыгында, “жихад” – өтө терең маанини камтыган түшүнүк. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен жихад тууралуу так жана кенен маалымат ала аласыздар. “Жихад” араб тилинен которгондо “күч-аракет” деген маанини билдирет, исламда Аллахтын жолундагы күч-аракетти түшүндүрөт. Ал эми араб тилинде “жихад” сөзү ар кандай күч-аракетти, жумуштагы, окуудагы, жана башка ушул сыяктуу иштердеги күч-аракеттерди түшүндүрөт. Адатта “жихад” сөзү коомдо массалык маалымат каражаттарынын айынан…

Прочитайте больше

Шабан айы

Шабан айы

Динибиз тарабынан билдирилген ыйык айлардын экинчиси – Шабан айы. Аллаху таала кулдарына өтө мээримдүүлүк кылгандыгы үчүн, жада калса, эненин баласына деген мээриминен да артык мээримдүү болгондугу үчүн кээ бир күндөр менен кээ бир айларды касиеттүү кылган. Бул ыйык айлар менен күндөрдөгү ибадаттарга, жакшылыктарга өтө көп сооп бере тургандыгын билдирген. Ошондуктан, бул күндөрү тообо кылып, истигфар айтуу керек, дуба кылып, жалбаруу керек, бул күндөрдү чоң мүмкүнчүлүк деп билүү керек. Биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон касиеттүү айлардын…

Прочитайте больше

Бүгүнкү күнү кылынып жаткан бидаттар

Бүгүнкү күнү кылынып жаткан бидаттар

Суроо: Бүгүнкү күндө кылынып жаткан бидаттар эмнелер? ЖООП Ибадаттарга бир нерсе кошуу – бидат. Динибиз кемчиликтүү эмес. Аллаху таала жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам динде бир нерсени кем таштап койгонсуп мындан да жакшысын биз кылышыбыз керекпи? Ибадатка бидат аралаштыруу Аллаху тааланын дининде кемчилик издөө, койгон өкүмдөрүн жактырбагандык жана динди өзгөрткөндүк болот. Мисалы, шам намазынын 3 рекет фарзынын ордуна дагы көбүрөөк ибадат кылуу үчүн 4 рекет кылуу – бидат, намаз кабыл болбойт. Таспих тартууда 33 ордуна сооп болсун деп 40 же андан көп тартуу бидат болот. Ал…

Прочитайте больше

Касиеттүү үч айлар

Касиеттүү үч айлар

Бул касиеттүү айлар – Ражаб, Шабан жана Рамазан айы. Касиеттүү айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн алыстоо жана ибадаттарды орундоо менен болот. Бул касиеттүү айларда убада кылынган соопторго жетүү үчүн баарынан мурда итикадды (ишенимди) түздөө керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүп, жашообузду мына ушуларга шайкеш абалга келтиришибиз керек. Көп тообо жана истигфар кылып, казага калган намаздардын казаларын дароо окуп баштоо керек. Ражаб айынын биринчи Жума түнү – Рагаиб түнү. Бул түнгө урмат кылгандар кечирилет. Ражаб айынын ар түнү кадырлуу. Ар Жума…

Прочитайте больше

Рагаиб түнү

Рагаиб түнү

Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…

Прочитайте больше
1 8 9 10 11