Хазрети Алинин даражасы

Хазрети Алинин даражасы

Бир күнү Сахабалар Хазрети Алинин мартабасын билүү үчүн Пайгамбарыбыздан мындай деп сурашты: – Йа, Расулаллах! Хазрети Алини ушунчалык жакшы көрүүңүздүн себебин айтасызбы? Пайгамбарыбыз: – Андай болсо Алини чакыргыла! – деди. Бирөө Хазрети Алини чакырууга кетти. Калгандарынан Пайгамбарыбыз мындай деп сурады: – Бир адамга жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар? – Жакшылык менен жооп беребиз. – Кайра жамандык кылса дагы жакшылык кыласыңарбы? – Ооба, жакшылык кылабыз. – Силерге үчүнчү жолу…

Прочитайте больше

Кээ бир хикматтар

Кээ бир хикматтар

Узун бир хадиси шарифтин бир бөлүмү мындай: Эң бекем кулп – келиме-и шахадат. Эң баалуу сөз – Аллахты зикир кылуу. Эң жакшы илим – пайдаланылган илим. Эң жакшы байлык – көңүл байлыгы. Эң жакшы азык – такыбаа. Эң жакшы иш – парз болгон амалдарды орундоо. Эң кадырлуу өлүм – шейит болуп өлүү. Эң жаман нерсе – бидат. Эң жаман кечирим – өлүм учурундагы кечирим. Эң жаман өкүнүү – кыяматтагы өкүнүү. Эң жаман табыш – пайыздан…

Прочитайте больше

Мухаммед алейхиссалам

Мухаммед алейхиссалам

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) 571-жылы Чын куран айынын жыйырмасына дал келген Рабиул аввал айынын он экисинде, Дүйшөнбү күнү таңга маал Мекке-и Мукаррама шаарында дүйнөгө келген. Дүйнөнүн бардык түпкүрүндөгү мусулмандар жыл сайын ушул түндү мавлид түнү катары белгилеп келишет. Атасы Абдуллах эрте кайтыш болгон. Энесинин аты Амина, чоң атасынын аты Абдулмутталиб болгон. Курайш уруусунун Хашим уулдарынан чыккан. Алты жашында энеси, сегиз жашында чоң атасы Абдулмутталиб кайтыш болгон. Абдулмутталиб Курайш уруусунун башчысы эле. Анын он эки уулу, алты кызы болгон. Пайгамбарыбыз…

Прочитайте больше

Адамдын ыйманы көбүнесе карыздын (аманаттын бир түрү) кайтарылышы менен аныкталат.

Адамдын ыйманы көбүнесе карыздын (аманаттын бир түрү) кайтарылышы менен аныкталат.

Ислам – адам жана коом мамилелеринин дини (аль ислам – динуль муъамаля). Тилекке каршы, учурда карызды кайтаруу жана сактоого берилген бирөөнүн мүлкүнө (аманатка) жасалган мамилеге байланыштуу жагымсыз жагдайларга көп дуушар болуудабыз. Диндеги бир туугандарыбыздын кылык-жоругу боюнча суроолор, арыз-даттануулар, нааразылыктар көп келет. Айрыкча, беш убак намаз окуган, ыйык Рамазанда орозо туткан, диний келбети бар (сүннөт боюнча сакал койгон, топу кийген, тесме көтөргөн), финансылык мүмкүнчүлүккө ээ болуп туруп, карызды төлөбөй жүргөндөр, аманатты кайтарбагандар кездешет. Ислам – бул…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү боюнча суу ичүүнү үйрөнөбүз

Сууну туура эмес ичүү ден соолугубузга зыян келтирерин баарыбыз эле биле бербесек керек. Бул макалабыз пайгамбарыбыздын ﷺ суу ичүү сүннөттөрү тууралуу болмокчу. Жашообузга бул эрежелерди киргизсек, өз саламаттыгыбызга кам көрөбүз жана Аллахтын сүйүүсүнө жетебиз. 1) Сууну шашпай, үч ууртам менен ичүү керек Ибн Аббас (р.а) Аллахтын элчисинин ﷺ мындай дегенин кабарлайт: “Төө сымал (идишке жармашып алып, шимирип) бир ичкенде эле баарын ичип албагыла. Эки-үч ууртап ичкиле жана (ар бир ууртамды ичерде) “Аллахтын ысымы менен” [Бисмиллахи]…

Прочитайте больше

Жоолук

Жоолук

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын Тасаттур – сөздүк маниси «оронуу», «жамынуу»; «өзү менен башкалардын ортосуна перде коюу», «бир нерсенин ичинде же аркасында жашынуу» деген маанилерге келет. Ал эми терминдик мааниси талаптары жана өлчөмдөрү диний жактан белгиленген жамынуу милдеттүүлүгү деп түшүнсөк болот.[1] Оронуунун синоними катары хижаб (хиджаб), жоолук, оромрол, паранжы сыяктуу сөздөр аралаш колдонулса, антоними – жылаңачтык. Тагыраагы, исламда табарружга – көңүл бурдуруу жана өзүн көрсөтүүгө тыюу салынган. Биз макалабызда оронуу деп жалпылап колдонууну эп…

Прочитайте больше

Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Суроо: Динибизде бак отургузуунун маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мөмөлүү, мөмөсүз бактардын жана токойлордун адамдарга болгон пайдалары чексиз. Адамдарга бул сыяктуу бир кызмат кылуунун динибизде маанилүүлүгү чоң. Бул тууралуу билдирилген хадиси шарифтердин айрымдары төмөндөгүдөй: “Отургузулган бактан алына турган мөмөнүн саны канча болсо ошончо сооп аны отургузган адамга берилет.” [И. Ахмед] “Бир адам бир мөмө бак отургузса, ал бакты жемиш бергенге чейин коргоп караса бул бактан төгүлгөн ар бир мөмө Аллахтын алдында ал адам үчүн бир садага болот.” [И. Ахмед] “Бир…

Прочитайте больше

Бардык дарттын дабасы бар

Бардык дарттын дабасы бар

Суроо: Кээде башыбыз катып кетет. Башыбызга кыйынчылык түшүп же бир нерседен коркуп же карызыбызды төлөй албай кыйналабыз. Булардан кутулуу үчүн кандайдыр бир дуба барбы? ЖООП Ар бир дарттын дабасы бар. Аллаху таала чарасыз дарт жараткан эмес. Жашоо, мал-мүлк ээси болуу сыяктуу дүнүйөлүк нематтардын бардыгы үчүн себептерди жараткан. Себептерине жармашкан адам ушул нематтардан албетте куру калбайт. Акырет нематтарына жетүү да ушундай. Мисалы, жалкоолуктун дарысы намаз окуу. Адам башына түшкөн жагымсыз жагдайларда гафил болбостон (уктабастан) чарасына кароо…

Прочитайте больше

Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат

Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат

Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак – ырашкерликте, достук – боордоштук жашоого үгүттөйт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  мындай деген: «Баарыңар Адам Атанын урпагысыңар. Адам болсо топурактан жаралган. Эч ким ата – бабаларынын кыйындыгына мактанбасын. Кимде – ким бул айтылгандын тескерисин жасаса, Аллахтын алдында кадыр – баркы өтө төмөн болот». Момун мусулмандардын бардыгы эч бир улут, урууга карабастан бир тууган болгондон кийин, ар бир мусулман менен өзүңдүн боордош бир тууганыңдай мамиле кылуубуз керек. Ынтымакта, тынчтыкта…

Прочитайте больше

Алланын бар экенинин далилдери

Алланын бар экенинин далилдери

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын Өткөн кылымдагы 70 жылдык атеисттик саясат жана учурдагы кээ бир дүйнөлүк күчтөр тарабынан ырааттуу жүргүзүлүп жаткан исламофобия тенденциясы кыргыз коомунун кудай жөнүндөгү дүйнө таанымын олку-солку кылып, айрым адамдар тарабынан «кудай барбы?» деген суроо уламдан-улам коюлууда. Ырасында бул собол миң жылдардан бери келе жаткан эзелки суроо. Дал ушул суроонун үстүндө улуу даанышмандар, ойчулдар, философтор кызыл чеке болуп талашып келген. Кыргыз эли кан төгүүсүз кабыл алган жана миң жылдар бою…

Прочитайте больше

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүү пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү болуп эсептелет. Аллахтын элчиси ﷺ бири-бирине болгон сүйүүнү күчөтүү жана Жараткандын ыраазычылыгына жетүү үчүн белек берүүнү буюрган. Ибн Умардын айтканы боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:“Алла үчүн силерден сураганга бергиле, силерди чакыргандарга баргыла, силерге белек бергенге белек бергиле. Бергенге эч нерсе таппасаңар, ал адам үчүн дуба кылгыла”.Дагы бир хадисте мындай деп келет:“Белек алышып-беришкиле. Себеби белек көңүлдөгү кекти жоготот”. Исламда белек берүүнүн, алуунун этикети жана эрежелери бар: 1. Белек берүүнүн чыныгы максаты…

Прочитайте больше

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Пайгамбарыбыз ﷺ төгөрөгү төп келишкен, мээримдүү, түшүнүктүү, ырайымдуу жана сабырдуу күйөө болгон. Ар бир мусулман кызы Аллахтын элчисиндей ﷺ сыпаттары бар, же ошондой болууга умтулган күчтүү адамга турмушка чыкканга тырышат.Жар тандоо – ар бир адамдын жашоосундагы олуттуу кадам. Дүйнө жана акыреттеги бактылуулук ошол тандаган адамыңдан көз каранды. Ошондуктан, чечим чыгарууда жакшылап ойлонуп, терең талдоо зарыл. Ислам аалымдары, эл акылмандар түгөй тандап жатканда буларга көңүл буруу маанилүү экендигин айтышат: Адамгерчилик Көп убакта адамдар жактырууну сүйүү менен…

Прочитайте больше

Канткенде балаңыз өз алдынча тапшырма аткарып баштайт?

Канткенде балаңыз өз алдынча тапшырма аткарып баштайт?

Окуу жылынын башталганына аз гана болду. Ата-энелер эс алып көнгөн балдарына сабак окутууда айрым кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Тапшырма аткаруу – окуучу үчүн да, ата-эне үчүн да чоң сыноо. Бардык эле балдар көңүлдөнүп, өз каалоосу менен сабак окубайт. Баланы кызыктыруу жана бара-бара өз алдынча тапшырма аткаруусуна үйрөтүү ата-энеден көз каранды. Бала окутуу көйгөйгө айланбашы үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул макаладан айрым кеңештерди таба аласыз. Ата-энелерге балага тапшырма аткартуу боюнча кеңештер 1) Жардам берүүгө даяр болуңуз. Баланын…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо сыйкыр жана кара дуба тууралуу, бул иштердин канчалык күнөө экендиги жөнүндө келди. Кадыр ажы Маликов: Руханий боштук, айланабызды курчаган туруксуздук, коркунучтар түрдүү психикалык ооруларга жана массалык депрессияга алып келүүдө. Буга байланыштуу калк арасындагы психикалык оорулардын өсүү тенденциясы адам үрөйүн учурат. Көрө албастык, жек көрүү жана түркөйлүк диндеги адекваттуу адамдарды да кээде каапырлык жана Аллага…

Прочитайте больше

Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси

Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси

Суроо: Күлүмсүрөөнүн жана таттуу тилдин мааниси тууралуу маалымат бересизби? ЖООП Даанышман заттар айтышкан: Мусулман адамдын жүзү жылмайган болот, мунафык адамдын кабагы түйүлгөн болот. Күлүмсүрөө бекер, алган адамды бактылуу кылат, берген адамды капа кылбайт. Тынчтыктын, ырахаттыктын ачкычы – күлүмсүрөө. Күлүмсүрөй албаган адам алсыз адам. Күлүмсүрөөнүн отунда ээрибеген темир жок. Күлүмсүрөөнү билүү эки дүнүйөдө бакытка себеп болот. Исламият – сүйүү, күлүмсүрөө, таттуу сөз, чынчылдык жана жакшылык дини. Досторго чындыкты айтып, душмандарга күлүмсүрөө жана таттуу тил менен мамиле кылуу…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 11