Бүгүн Катарда футбол боюнча Азия Кубогу-2023 башталат

Бүгүн, 12-январда Катарда футбол боюнча Азия Кубогу башталат. Ага 24 улуттук курама командалар катышат.

Мелдеш 2024-жылдын 10-февралына чейин болот. Оюндар 2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын оюндары өткөн 6 аренаны кошкондо, 8 стадиондо болот. Футболдук беттешүүлөр өлкөнүн беш шаарларында – борбор калаа  Доха, Эль-Хауре, Лусаиле, Эр-Райяне жана Эль-Вакреде өтөт.

Азия Кубогунда 24 курама командалар ойношот. Биринчи этапта алар төрт командадан алты топко бөлүнүшкөн.  1/8 финалгаар бир группадан экиден жеңген командалар, ошондой эле үчүнчү орунду ээлеген жана көп упай топтогон алты курама команданын төртөөсү чыгат.   Плей-офф 28-январда старт алат.

Мелдештин азыркы чемпиону – Катар – өз үйүндөгү мелдеште титулун коргоп, ачылыш мелдешинде Ливандын командасы менен ойнойт. Старттык мелдеш бүгүн, 12-январда Лусаилдеги Улуттук стадиондо өтөт.

Катар жана Ливан  «А» группасына кирип, анда  Тажикстан жана Кытай да бар.

«F» тайпасындагы орун алган биздин команданын атаандаштары Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамалары болот. Турнирдеги биздин команданын старттык беттеши 16-январда «Абдулла Бин Халифа» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да өтөт.

УТРК Спорт каналынынын санариптик түйүндөрүндө Азия биринчилигинин бардык оюндары Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлөт. Түз алып берүүлөр каналдын тиркемесинде жана сайтында да жеткиликтүү болот.

Башка группалардын курамы төмөндөгүдөй:

Группа В: Австралия, Өзбекстан, Сирия, Индия;

Группа С: Иран, БАЭ, Гонконг, Палестина;

Группа D: Япония, Индонезия, Ирак, Вьетнам;

Группа Е: Түштүк Корея, Малайзия, Иордания, Бахрейн;

Группа F: Сауд Аравия, Таиланд, Кыргызстан, Оман.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *