Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин бүткүл дүйнөнүн көз алдында жасалып жаткан ачык геноцид деп атады.
«Эгер Израилдин бул кылмыштары улана берсе дүйнө мусулмандарынын жана каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн сабыры түгөнөт, анда аларды эч ким токтото албайт», — деди Хаменеи.
Аятолла Израилдин азыркы аракеттерин геноцид деп атап, ал бүткүл дүйнөнүн көз алдында болуп жатканын белгилеп, Израилди айыптоого чакырды. Ирандын Жогорку лидери ошондой эле акыркы күндөрү Израилдин саясаты АКШ тарабынан жөнгө салынып жатканын баса белгилеп, Газаны бомбалоону тез арада токтотууну талап кылды.
Ал сионисттик режим акыркы бир нече күндүн ичинде миңдей аялдарды, балдарды, кары-жаштарды өлтүрүп, жарандык объекттерди бомбалоо менен дүйнө элинин алдында кылмыш жасап жатканын айтты.
Хаменеи узурпациялык сионисттик режим бул кылмыштары үчүн сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек экенине басым жасап, бул режимдин саясаттары үчүн АКШ бийлиги жоопкер деди.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду.
ХАМАС бул чабуулду Израиль бийлигинин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине каршы аракеттерине жооп катары баалашты. Израиль Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялап, Газага жана Ливан менен Сириянын айрым аймактарына да сокку ура баштады. Газада 2800дөн ашуун палестиналык набыт болуп, жарадар болгондор 10 миңден ашты. Израил тараптан 1,5 миңге жакын адам кагылышуунун курмандыгы болуп, дээрлик 4 миңи жарадар болду.
Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүүдө. Израиль армиясы 13-октябрда бир миллиондон ашык жай тургунга Газанын түштүк тарабына эвакуацияланууга убакыт берген. БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги (UNRWA) Израилдин аткылоосунан улам Газа тилкесиндеги 1 миллиондон ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун маалымдаган.
Ирандын улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча парламенттик комиссиясынын биринчи орун басары Эбрахим Азизи Израилдин Газа тилкесинде кургактагы операциясын башташы Иран үчүн “кызыл сызык” болорун айтып, бул “жаңы фронттордун ачылышына” алып келерин эскерткен.