Пакистанда поезд рельстен чыгып, кеминде 30 киши каза болду. Видео

 Пакистандын Синд провинциясында жүргүнчү ташыган поезддин он вагону рельстен чыгып, кеминде 30 адам каза болуп, 80ден ашууну жаракат алды.

Бул тууралуу РИА Новости Geo телеканалына шилтеме берип жазды.

Hazara Express поездинин 5тен 10го чейин вагону Карачиден 275 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Навабшах шаарындагы Сахара темир жол станциясына жакын жерде рельстен чыгып, оодарылып кеткен.

Полиция кырсыктын себептерин азырынча айта элек.

Кырсыктын кесепетинен Синд провинциясында поезддердин кыймылы токтотулган. Темир жол жетекчилиги калыбына келтирүү иштери 18 саатка чейин созулушу мүмкүн деп билдирген.

Пакистандын мамлекеттик телеканалы өлкө армиясы менен рейнджерлер поезд кыйраган жерде дароо жардам операцияларын баштаганын жана ал жерге кошумча күчтөр дагы тартылганын кабарлады. Куткаруу иштерине армиянын авиациялык тик учактары да жөнөтүлгөнү маалымдалды.Куткаруучулар кыйраган урандылардын астынан адамдарды чыгарууга аракет кылууда.Эске салсак, былтыр Пакистандын Синд провинциясында жүргүнчү ташыган эки поезд кагылышып, кеминде 36 жүргүнчү каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алган.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ