Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 30-декабрына карата Кытай Эл Республикасына (КЭР) баруучулар үчүн маалыматтык билдирүү таратты.
Анда КЭРге келүүнүн карантиндик эрежелериндеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат билдирүү 27-жылдын 2022-декабрындагы Кытай бийлигинин расмий маалыматына ылайык, Кытай бийлиги 2023-жылдын 8-январынан тартып Кытайга келүү боюнча карантиндик эрежелерин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган, алар төмөнкүлөр:
1. 2023-жылдын 8-январынан баштап Кытайга келүү үчүн КЭРдин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен атайын ден соолук QR-кодун алуу боюнча талаптар жокко чыгарылат.
Кытайга сапар алган жарандар кетээрден мурда 48 саат ичинде жасалган CОVID-19 ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек.
Ушуну менен бирге, бардык жүргүнчүлөр учакка түшкөн учурдан тартып жана Кытайга учуу учурунда беткап кийүүгө милдеттүү болот.
2. Ошондой эле Кытайга келгендердин бардыгы үчүн ПЦР-тестирлөөдөн жана жамааттык обсервациядан милдеттүү түрдө өтүү боюнча талаптар жокко чыгарылат.
Бардык жүргүнчүлөр ден-соолугу жөнүндө бажы декларациясын толтуруу учурунда тесттин жыйынтыгы жөнүндө маалымат бериши керек.
Декларацияда ден-соолугу начар экендигин көрсөткөн же эти ысыган белгилери бар жарандар бажы органдарында антиген тестин тапшырышат. Эгерде оң натыйжа чыкса, анда ден-соолугуна жараша, айыкканга чейин үйдө карантин же ооруканада дарылануу сунушталат.