Түркияда узак аралыкка учуучу суу астындагы «акылдуу» мина жасалды. Видео

Дүйнөдөгү биринчи узак аралыкка учуучу суу астындагы «акылдуу» мина Түркияда жасалды. Ал «F-16» согуштук учактары жана «Akinci» жана «Aksungur» учкучсуз учуучу учактарынан бийиктиктен кое берилгендиктен төмөн жана орто бийиктиктеги абадан коргонуу системалары аны кармай албайт.

Бул тууралуу Star басылмасы жазды.

Жаңы снаряд Стамбулдагы Эл аралык коргоо өнөр жай көргөзмөсүндө көрсөтүлөт.

Мина Түркиянын Коргонуу өнөр жайын изилдөө институтуна кирген түркиялык машина куруу жана химиялык өнөр жай компаниясы, KOC Defense жана технология изилдөө кеңешинин консорциуму тарабынан жасалган.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, долбоордун максаты МК-84 жалпы багыттагы бомбаларды чабуул коюучу деңиз миналарына айландыруу. Бул үчүн адистер ага канаттуу комплект, бутаны аныктоочу система жана мина-кое берүүчү приборду орнотушкан.

Иштеп чыгуу процесси жакында аяктары жана сыноо ушул жылы башталышы күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *