Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Джо Байдендин сүйлөшүүлөрү мамилелердин турукташышынын башталышы болгон жок, ал жөн гана мамилелердин мындан ары начарлашынын алдын алды, деп билдирди Түштүк-Батыш университетинин Америка изилдөө борборунун илимдеринин доктору Цзяотун Цянь Ясюй РИА Новостиге.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн шаршемби күнү Сан-Франциского келди. Ал бейшемби күнү АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушту. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И белгилегендей, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу төрт саатка созулуп, сүйлөшүүлөр ар тараптуу жана терең болду. Анын айтымында, тараптар Палестина-Израиль чатагы, украин кризиси, климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллект сыяктуу эл аралык көйгөйлөрдү талкуулашты.
Эксперттин айтымында, Си Цзиньпин менен Байдендин жеке жолугушуусуАзия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинин башкы окуясы болуп, бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурду.
«Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча алып караганда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жасалма интеллект тармагында кызматташууга жетишүү зарылчылыгы, ошондой эле биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо жана кырдаалды жеңилдетүү боюнча иш алып баруу боюнча белгилүү макулдашууларга жетишилди, ошондой эле аскердик чөйрөдө диалогду кайра жандандыруу үмүтү пайда болду. Мунун баары позитивдүү сигнал болду», — деди Цзяотун Цянь Ясюй.
Ошол эле учурда, эксперттин айтымында, жалпысынан сүйлөшүүлөр мамилелердин турукташтырылышынын башталышын көрсөткөн жок.
«Эгер жолугушуунун акыркы жыйынтыгы канчалык маанилүү болгондугу жөнүндө айта турган болсок, менин оюмча, алдыга бир аз гана кадам жасалды. Бул жолугушуу — кытай-америкалык мамилелердин мындан ары начарлашынын алдын алды», — деди эксперт.
Жо Байден Кытайдын лидери менен өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин белгиледи.
«Түшүнбөстүктөр жана туура эмес кабылдоолорго орун калбашы үчүн бири-бирибизди түшүнгөнүбүз — эң маанилүү маселе. Биз атаандаштык чыр-чатакка айланбашынын алдын алышыбыз керек», — деди Байден.
Си Цзиньпин Жер планетасы эки державанын жетишкендиктери үчүн кенендик кыларын белгилеп, эки тараптуу мамиленин келечегине катуу ишенерин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Байден сүйлөшүүлөр «конструктивдүү жана жемиштүү» болгонун айтты.
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы менен Ак үйдүн учурдагы башчысынын сүйлөшүүлөрү Байден президенттик кызматка киришкен 2021-жылдын январынан берки жетинчи байланыш болуп саналат. Эки мамлекеттин башчылары экинчи жолу көзмө-көз жолугушуп жатышат (биринчи жолугушуу былтыр ноябрда Бали аралында болгон). Си Цзиньпин АКШга акыркы алты жылда биринчи жолу барды.