ЖК депутаттары Кыргызстан – Иран кызматташтыгын талкуулашты

Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз-иран парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Гүлшаркан Култаева Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голям Хоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле, жолугушууга эл өкүлдөрү Винера Раимбачаева, Надира Нарматова жана Карим Ханджеза катышты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Гүлшаркан Култаева Голям Хоссейн Ядегарини Ирандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-иран мамилелерин чыңдоодо ийгиликтерди каалады.

“Эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык жана достук мамилелерге өзгөчө маани берип, кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошосуз деп ишеним артам. Биздин мамилелерибиз достуктун жана өз ара урматтоонун негизинде мындан ары да үзүрлүү улана беришине тилектешмин”,- деди депутат.

Ошондой эле, Култаева Кыргызстан Иран менен эки тараптуу кызматташтык өз ара түшүнүү, бири-биринин кызыкчылыктарын колдоо менен мүнөздөлүп жатканын ырастады. Андан тышкары, депутат эки өлкө ортосунда эч кандай келишпестиктер жок экенин баса белгилеп, Кыргызстан бардык маанилүү маселелер боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегине элчи Ядегари парламент депутаттарына ыраазычылыгын билдирип, элдин негизги түркүгү болгон парламент депутаттары менен жолугушуп жатканыма абдан кубанычта экенин белгиледи.

“Кыргызстанды демократиялуу, эркин өлкө катары тааныйбыз. Кыргыз парламентинин таасири чоң экени ар дайым байкалып турат. Бизде Иранда парламентти “элдин үйү” деп атайбыз. Ал эми мен элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында кыргыз-иран парламенттер аралык байланышын бекемдөөгө даярмын”,-деди элчи.

Белгилей кетсек, Ядегаринин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы быйыл июлда башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *