Колумбия Газадагы жаңжалды токтотуу үчүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнө кысым көрсөтүү максатында бул өлкөгө көмүр экспорттоону токтотту.
Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Густаво Петро кол койду.
“Израиль мамлекетине көмүр экспорттоого тыюу салынат”, – деп айтылат жарлыкта.
Жарлык 19-августтан тарта күчүнө кирди.
Палестиналык ХАМАС кыймылы Колумбиянын бул чечимин кубаттап, сионисттик баскынчы режим менен алакаларды үзүүдөгү кайраттуу позициясын жогору баалаганын “Al Jazeera” телеканалы жазды.
ХАМАС бардык өлкөлөрдү Израиль режими менен байланыштарды үзүүгө, санкцияларды киргизүүгө, Тель-Авивди изоляциялоого, анын лидерлерин жазалоого жана согуш кылмышкерлери катары соттоого чакырды.
Колумбия Израилге күйүүчү майдын бул түрүн эң ири жеткирүүчү болуп саналат.
Колумбия Израилге эң ири көмүр жеткирүүчү болуп саналат. Муну эске алганда, бул чечим Колумбия менен Израилдин ортосундагы соода мамилелерине олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.
Президент Густаво Петро июнь айында Колумбия Израилге көмүр экспортун токтото турганын билдирген.
Колумбия Израиль менен дипломатиялык мамилесин 2-майда үзгөн. Көп өтпөй бул режимдин элчиси Гали Даган Колумбиядан чыгып кеткен.
Петро Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерине бир нече ирет каршы болуп, аларды геноцид деп атаган. Буга жооп катары Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац Колумбиянын лидерин антисемит деген.
Колумбия буга чейин Израилден бардык курал-жарак сатып алууну токтоткон.
Ошол эле учурда Колумбиянын лидери ок атууну токтотууну орнотуу үчүн Газада кармалып турган барымтадагыларды тез арада бошотууга чакырган 18 өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүнө кол койгон.