Маймыл чечеги күч алды. Борбор Азия өлкөлөрү оорунун алдын алуу чараларын көрө баштады

Дүйнө жүзүндө маймыл чечек илдетинин жайылышы күч алууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады.

ДССУнун маалыматы боюнча, июнь айынын акырына карата 116 өлкөдө маймыл чечекке чалдыккан учурлар катталган. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Конго Демократиялык Республикасында ооруга чалдыккандардын саны 13 700дөн ашып, кеминде 500 адам каза болду.

Конгодон тышкары вирусту жуктурган учурлар Борбордук Африка Республикасында, Кенияда, Руандада жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.

15-августта Африкадан тышкары жерде маймыл чечегинин биринчи учуру Швецияда катталды. Бейтап ооруну Африкада жуктуруп алган.

Дүйнө жүзүндө күч ала баштаган илдетке байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрү оорунун алдын алуучу чараларды көрө баштады.

Кыргызстан

Кыргызстандын бийлиги вирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечек оорусуна байланыштуу айрым өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечек оорусунун келип чыгышын алдын алуу максатында иш-чараларды жүргүзө баштады.

“Бүгүнкү күндө аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара постордо маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пунктарда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө санитардык карантиндик пункттар дене табы көтөрүлгөн адамдарды өз убагында аныктоо үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган”,– деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстан

Казак бийлиги инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу үчүн аэропорттор менен чек ара бекеттеринде санитардык-карантиндик чараларды күчөткөнүн республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлиги инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрдү. Санитардык-карантиндик пункттарда, анын ичинде аэропорттордо жана чек ара бекеттеринде көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга көңүл бурулат», – деп айтылат маалыматта.

Мекеме Казакстанда бул оорунун бир дагы учуру катталбаганын, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгиледи.

Министрлик илдет жайылган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү, анын ичинде оорулуу адамдар жана жапайы жаныбарлар менен байланышуудан алыс болууну, ошондой эле исиркек жана дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер пайда болгондо дароо медициналык жардамга кайрылууну сунуштады.

Өзбекстан

Оорунун алдын алуу чараларын Өзбекстан да көрө баштады.

Республиканын Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин башчысы Рустамжон Икрамовдун айтымында, учурда Өзбекстанда маймыл чечек оорусунун киришин жана анын республика боюнча жайылышын алдын алууга багытталган белгилүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, вирусолог-адистер бул ооруга лабораториялык диагностика жүргүзүү үчүн кайра даярдоодон өтүп, оорууну аныктоочу зарыл болгон тест-системаларды ишке киргизүү боюнча иштер башталды.

Тажикстан

Тажикстан дагы башка өлкөлөр менен катар маймыл чечек оорусунун жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүп баштаганын республиканын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчисинин орун басары Навруз Жафаров билдирди.

Анын айтымында, оорунун Тажикстанга кирүү ыктымалдыгы өтө төмөн, бирок, буга карабастан өлкөдө калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маймыл чечеги эмне болгон оору жана канти жугат? 

Маймыл чечеги – вирустук жугуштуу оору. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Дарыгерлердин айтымында, оору бир адамдан экинчи адамга теридеги бүдүр, кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат.

Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездери шишип, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат. Көбүнчө адамдар бир нече аптада сакайып кетет, бирок айрым учурда аягы өлүм менен аяктайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *