АКШ чет элдик 123 компанияны кара тизмеге киргизди

АКШнын Соода министрлиги чет элдик 123 компанияны кара тизмеге киргизди, анын ичинде 64 орусиялык, анын бири Крымда катталган, 42 кытайлык жана 11 ирандык компания бар.

Бул тууралуу Америка өкмөтүнүн расмий документтердин жыйнагы болгон Федералдык реестрде жарыяланган билдирүүдө айтылат.

АКШнын Соода министрлигинин бир бөлүгү болгон Өнөр жай жана коопсуздук бюросунун отчетуна ылайык, кара тизмеге кирген 48 орусиялык юридикалык жак Орусия менен Беларустун “аскердик продукциянын акыркы керектөөчүлөрү” деп айтылган.

Алты орусиялык юридикалык жак тизмеге “орусиялык учкучсуз учактарды өндүрүү программасынын алкагында байланыш, жеткирүү же кызматташуу” үчүн киргизилген.

Мындан тышкары, Россия Федерациясынын бир нече компаниялары “Орусияга Америкадан чыккан сезимтал технологияларды жеткиргендиги” үчүн АКШнын Соода министрлиги тарабынан кара тизмеге киргизилген.

Тизмеге Крымдан бир компания да киргизилген.

Кытайлык компаниялар да Орусияга америкалык технологияларды жана башка “сезимтал өнүмдөрдү” жеткирүүгө катышканы үчүн кара тизмеге киргизилген.

АКШнын Соода министрлиги ошондой эле Канада, Казакстан, Кыргызстан, БАЭ, Кипр жана Украинадан бир юридикалык жакты кара тизмеге киргизди. Санкцияланган компаниялардын сегизи Түркияда катталган.

Документте белгиленгендей,  кара тизмеге кирген уюмдар АКШ өкмөтү тарабынан АКШнын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясий кызыкчылыктарына каршы аракеттенген деп аныкталган.

Буга чейин 24-июнда Евробиримдик Орусияга каршы 14-санкция пакетин жактырган. Анда орусиялык суюлтулган газдын Европа порттору аркылуу өтүүсүнө чектөөлөр кирет. Тыюу импортко таасирин тийгизбейт, ЕБ аркылуу үчүнчү өлкөлөргө реэкспортко гана тиешелүү. Ошондой эле Орусиянын 116 жеке жана юридикалык жактарына да санкциялар киргизилген.

24-августта кыргызстандык маалымат каражаттары АКШнын санкциясына кыргызстандык “Акфорта” ЖЧК компаниясы туш болгонун жазышкан.

Эске салсак, Кошмо Штаттар буга чейин да кыргызстандык  компанияларга Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү деген негизде санкция салган.

7-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.

Август айында президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *