Ирандык депутаттар ондогон өлкөлөрдү  Израилге каршы санкция киргизүүгө чакырышты

Иран парламентинин юридикалык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү ондогон өлкөлөрдү Израилдин эл аралык нормаларды жана адам укуктарын системалуу бузгандыгы үчүн ага каршы санкция киргизүүгө чакырышты.

Бейшемби күнү 44 мамлекеттин парламентине жөнөтүлгөн катта ирандык мыйзам чыгаруучулар Израил менен АКШнын Иран Ислам Республикасына каршы өткөн айда жасаган мыйзамсыз агрессиясын айыптоону жана өз чечимдери тууралуу Эл аралык парламенттик союзду (ЭПС) кабардар кылууну суранышты.

Ошондой эле алар бул өлкөлөрдүн парламенттерин сионисттик режимге каршы чектөө чараларын кабыл алуу боюнча мыйзам чыгаруу процесстерин күн тартибине киргизүүгө чакырышты.

«Ушул эле таризде, юридикалык комитеттерге Израилдин кылмыштарын өз өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу органдары аркылуу териштирип, сионисттик режим менен АКШнын жазасыз калышына жол бербөө жана дүйнөдөгү Израилдин аскердик саясатын токтотуу сунушу берилди», — деп айтылат Иран парламентинин юридикалык комитетинин төрагасы Мохаммад Саргази кол койгон катта.

13-июнда Израил Иранга каршы эч нерсе менен негизделбеген чабуул жасаган, анын кесепетинен кеминде 1060 адам каза болгон, алардын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, ядролук илимпоздор жана карапайым жарандар болгон.

22-июнда АКШ да согушка аралашып, Ирандын үч ядролук объектисине абадан сокку урган. Бул окуя БУУ Уставын, эл аралык укукту жана Ядролук куралдарды таркатпоого багытталган келишимди (ДНЯО) одоно бузуу катары бааланат.

Жооп катары Ирандын куралдуу күчтөрү оккупацияланган аймактардагы стратегиялык объекттерге жана Катардагы АКШнын эң ири аскердик базасы болгон Аль-Удейд аба базасына сокку жасашкан.

24-июнда Иран Израил жана АКШга каршы ийгиликтүү жооп кайтарып, террордук чабуулду токтотууга жетишти.