Эрдоган кайрадан Нетаньяхуну Гитлерге салыштырды

Эрдоган кайрадан Нетаньяхуну Гитлерге салыштырды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дагы бир жолу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Адольф Гитлерге салыштырып, Анкара анын жасаган кылмыштары тууралуу дүйнөгө маалымат берүүнү уланта берерин айтты. “Биз Израилдин кылмыштары боюнча далилдерди Эл аралык сотуна көрсөтүүнү буга чейин жасагандай эле улантабыз. Биз чындыкты ачып, Израиль тарабынан жасалган киши өлтүрүүлөрдү айтууну улантабыз. Нетаньяху биздин замандын Гитлери экенин баары түшүнсүн жана анын шериктери жоопкерчиликтен кутула алышпайт. Эртеби-кечпи, адилеттүүлүк соттун алдында болбосо да, тарыхтын алдында жеңет», – деген Эрдогандын сөзүн…

Прочитайте больше

Израилге каршы нааразычылыктар АКШнын ири университеттерин каптады: кагылышуулар жана камоолор

Израилге каршы нааразычылыктар АКШнын ири университеттерин каптады: кагылышуулар жана камоолор

Американын алдынкы университеттеринин кампустарында Израилге каршы демонстрациялар уланып жатат. Бир нече жума мурун кырдаал көзөмөлдөнүп тургандай сезилген, бирок азыр кээ бир колледждерде митингдер кагылышуулар жана камоолор менен коштолуп жатат. Учурда Палестинаны колдоо жана Израилге каршы нааразычылык акциялары 23 университетте жана колледжде уланууда, алардын көпчүлүгү өлкөнүн элиталык окуу жайларынын катарына кирет: Массачусетс технологиялык институту, Колумбия университети, Гарвард, Йел, Принстон (акыркы төртөө атактуу Плюща лигасына кирет), Мичиган университети, Беркли ж.б. Студенттер чатыр лагерлерин куруп, митингдерди өткөрүшүүдө. Алар…

Прочитайте больше

Бакуда Кыргызстан жана Азербайжан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин экинчи жыйыны болду

Бакуда Кыргызстан жана Азербайжан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин экинчи жыйыны болду

Кыргызстан жана Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин (ЖМАК) Экинчи жыйынын өткөрүштү. Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, мамлекеттик сапардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн жана элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелерди мындан ары бекемдей турганына ишеним билдирди. Азербайжандын Президенти кызматташтыкты өз ара аракеттенүүнүн эки жактуу жана көп тараптуу форматтарында өнүктүрүүгө карата эки өлкөнүн мамилесинде толук бирдейлик байкаларын баса…

Прочитайте больше

Газада палестиндердин массалык түрдө көмүлгөн жайы табылды

Газада палестиндердин массалык түрдө көмүлгөн жайы табылды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Газа тилкесинде израилдик аскерлер тарабынан жасалган 140тан ашуун массалык көрүстөндөр аныкталганын билдирди. Уюмдун баяндамасында Израиль аскерлери талаада өлүм жазасына тартылган палестиналыктарды бул мүрзөлөргө массалык түрдө көмүшкөнү айтылат. Буга чейин палестиналык ЖМКлар Хан Юнистеги “Насер” ооруканасынын аймагында табылган массалык көрүстөндөрдөн чыгарылган сөөктөрдүн саны 310го жеткенин маалымдашкан. Бул маалымат каражаттары палестин бийликтерине шилтеме жасап, бул мүрзөлөрдө дагы жүздөгөн дайынсыз жоголгон адамдардын сөөгү чыгышы мүмкүн экенин билдиришүүдө. Буга чейин Палестинанын…

Прочитайте больше

Быйыл ажылык сапарга Ирандан 90 миң киши барат

Быйыл ажылык сапарга Ирандан 90 миң киши барат

Ирандын ажылык жана зыярат уюму менен Сауд Арабиянын Ислам иштери боюнча министрлигинин ортосунда жетишилген келишимге ылайык, быйылкы ажылыкка Ирандын 90 миң жараны катышат. Бул тууралуу Ирандын Сауд Аравиядагы элчиси Алиреза Энаяти билдиргенин “Eurasia Today” маалымдайт. Али Реза Энаяти ирандык зыяратчылардын бир нече жылдык тыныгуудан кийин Сауд Арабияга умра сапарлары башталганына токтолуп, бул аракеттер былтыр март айында Пекинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосунда жетишилген макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ал Al-Arabiya телеканалына берген маегинде…

Прочитайте больше

Иран президенти Израилге катуу эскертүү берди

Иран президенти Израилге катуу эскертүү берди

Израиль дагы бир ката кетирсе, андан эч нерсе калбайт, деди Ирандын президенти Ибрахим Раиси Пакистанда Лахор университетинин студенттеринин алдында сүйлөп жатып. “Эгерде сионисттик режим дагы бир ката кетирип, Ирандын ыйык жерине кол салса, анда ал такыр башка кесепеттерге дуушар болот жана Израилден бир нерсе калабы же жокпу белгисиз”, – деп билдирди Раиси. Белгилей кетсек, Иран президенти азыркы тапта расмий сапар менен Пакистанда жүрөт. Анын сапары үч күнгө созулат. Израиль-Иран чыры Апрель айынын башында Израиль Ирандын Дамасктагы башкы консулдугуна…

Прочитайте больше

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Пекин АКШны Тайванды куралдандырууну жана Кытайдын ички саясатына кийлигишүүсүн токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдында брифингде билдирди. “(АКШны – ред.) Тайванды куралдандырууну токтотууга, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга жана Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүн колдоону баштоого чакырабыз”, – деген дипломаттын сөзүн Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү келтирди. Ал ошондой эле Тайвань маселеси Кытай-АКШ мамилелериндеги негизги кызыл сызык экенин, аны басып өтүүгө…

Прочитайте больше

Эксперт: АКШ Грузиядагы бийликти кулатууну көздөйт

Эксперт: АКШ Грузиядагы бийликти кулатууну көздөйт

АКШ Грузиянын азыркы өкмөтүн кулатууга жана Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин жактоочуларын бийликке алып келүүгө кызыкдар. Мындай пикирин “Валдай” клубунун эксперти Дмитрий Суслов ТАССтын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, дал АКШ менен Батыштын колу Грузиядагы чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга каршы нааразылык акцияларынын жагдайында жараяндарды уюштуруп, аныктап жатат. «Грузин парламентинде талкууланып жаткан жана азыркы өкмөт тарабынан демилгеленген чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам Грузиядагы америкалык жана батыштык клиентелага, башкача айтканда, батыштан каржыланган, Сорос Фонду жана башка…

Прочитайте больше

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Пекин АКШны Тайванды куралдандырууну жана Кытайдын ички саясатына кийлигишүүсүн токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдындагы брифингде билдирди. “(АКШны – ред.) Тайванды куралдандырууну токтотууга, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга жана Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүн колдоону баштоого чакырабыз”, – деген дипломаттын сөзүн Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү келтирди. Ал ошондой эле Тайвань маселеси Кытай-АКШ мамилелериндеги негизги кызыл сызык экенин, аны басып өтүүгө…

Прочитайте больше

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Санкт-Петербургдагы коопсуздук форумуна катышат

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Санкт-Петербургдагы коопсуздук форумуна катышат

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян Санкт-Петербургда өтө турган коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөрдүн XII эл аралык жыйынына катышат. Ахмадиян иш-чарага ирандык делегациянын башында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин чакыруусу менен келет. Санкт-Петербургда Ахмадиян ошондой эле Россия, Бразилия, Түштүк Африка, Кытай, Индия жана Ирактагы кесиптештери менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөт. Жыйын 23-25-апрелде өтүп, ага коопсуздук кеңештеринин катчылары, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер, вице-премьер-министрлер, күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Күн…

Прочитайте больше

Казакстандын суу каптаган аймактарында кырдаал оор бойдон калууда

Казакстандын суу каптаган аймактарында кырдаал оор бойдон калууда

Орусиянын Ириклин суу сактагычындагы суу Жайык (Урал) дарыясына кое берилгенден кийин Казакстандын батышындагы суу ташкынына байланышкан кырдаал оорлоду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 23-апрелде жарыяланган баяндамасында айтылат. Ага ылайык, Атырау, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарында суу ташкындын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Абай, Улытау, Павлодар, Караганда, Акмоло жана Костанай облустарында абал туруктуу, жергиликтүү дарыялардагы суунун деңгээли төмөндөп жатат. Калктуу конуштарды суу каптоо коркунучу жок. Учурда куткаруучулар бул аймактарга таза суу жеткирүү, электр энергиясын…

Прочитайте больше

Ереван жана Баку биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти

Ереван жана Баку биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти

Армения Азербайжанга төрт көзөмөлүндөгү айылды өткөрүп берди.  Армения жана Азербайжан биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Армениянын ТИМи жана Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев билдирди. Билдирүүлөрдө айтылгандай, тараптар «Советтик Союздун алкагында бул өлкө кулаганга чейинки мезгилде күчүндө болгон чек арага ылайык» төрт калктуу конуштун  «айрым чек ара линиясын алдын ала макулдашышты» деп билдирет  Медуза. Жүргүзүлгөн делимитация иш жүзүндө Азербайжан ССРинин курамында болгон, ал эми 1990-жылдардан тартып Армениянын көзөмөлүнө өткөн төрт селонун иш…

Прочитайте больше

Иран президентинин Пакистанга сапары. Тегеран менен Исламабаддын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо аракети

Иран президентинин Пакистанга сапары. Тегеран менен Исламабаддын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо аракети

Ирандын президенти Ибрахим Раиси бүгүн, 22-апрелде Пакистанга үч күндүк расмий сапар менен барды. Раисини бул сапарында жогорку даражалуу делегация, анын ичинде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан жана башка өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле бизнес өкүлдөрү коштоп барды. Сапардын алкагында Иран президенти Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана премьер-министр Шахбаз Шариф менен жолугушат. Иран президенти ошондой эле Лахор жана Карачи шаарларына да барат. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө иран-пакистан алакаларын чыңдоо жана соода, коммуникация,…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ палестиналык балдардын өлтүрүлүшүн токтотууга чакырды

ЮНИСЕФ палестиналык балдардын өлтүрүлүшүн токтотууга чакырды

21-апрелге караган түнү Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жасаган соккусунан 18 адам, анын ичинде 14 бала набыт болгон. Буга байланыштуу БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ билдирүү жасап, Рафахтагы согушту жана бейкүнөө балдардын өлтүрүлүшүн тез арада токтотууга чакырды. ЮНИСЕФ Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Тулкарм шаарындагы операциясында үч палестиналык баланын шейит болгонун да билдирди. Израиль Газанын 2,3 миллион калкынын жарымынан көбү башка жерлердеги согуштук аракеттерден баш калкалаган Рафахка дээрлик күн сайын абадан чабуул жасап келет….

Прочитайте больше

Лавров: Ирандын өзөктүк куралы жок жана ал эскалацияны каалабайт

Лавров: Ирандын өзөктүк куралы жок жана ал эскалацияны каалабайт

Иран Ислам Республикасынын өзөктүк куралы жок, муну Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) да тастыктайт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров россиялык үч ири радиостанцияга (“Комсомольская правда”, Sputnik жана  “Говорит Москва”) маек куруп жатып билдирди. Ал Иран Израилдин коркунучтарынан улам өзөктүк саясатын кайра карап чыгышы мүмкүн деген билдирүүлөргө токтолуп, мындай билдирүүлөр Израилдин маалымат каражаттарында жана Батышта таркатылып жатканын айтып, алардын максаты дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларынан Иранга коркунуч катары буруу деп белгиледи….

Прочитайте больше
1 2 3 203