Иран Россияга баллистикалык ракеталарды жөнөттү деген айыптоолорду четке какты

Иран Россияга баллистикалык ракеталарды жөнөттү деген айыптоолорду четке какты

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы  туруктуу өкүлчүлүгү X социалдык медиа платформасында Рейтер агенттигинин «Иран Россияга баллистикалык ракеталарды берип жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди. Иран Украинадагы согушта колдонуу үчүн Россияга баллистикалык ракеталарды жөнөттү деген айыптоолорду четке какты. Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы  туруктуу өкүлчүлүгү X социалдык медиа платформасында Рейтер агенттигинин «Иран Россияга баллистикалык ракеталарды берип жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди. Билдирүүдө : “Балистикалык ракеталарды сатууга байланыштуу эч бир мыйзамдуу чектөө болбогонуна карабастан   Иран Россия  –  Украина кагылышуусу  учурунда  согушту көкүтпөө үчүн курал –…

Прочитайте больше

Франция Арменияга абадан коргонуу системасын берет

Франция Арменияга абадан коргонуу системасын берет

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну расмий сапар менен барган Армениянын борбор шаары Ереванда премьер-министр Никол Пашинян жана Армениянын коргоо министри Сурен Папикян менен жолугушту. Франция Арменияга кыска, орто жана алыс аралыкка атуучу абадан коргонуу системаларын берет. Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну расмий сапар менен барган Армениянын борбор шаары Ереванда премьер-министр Никол Пашинян жана Армениянын коргоо министри Сурен Папикян менен жолугушту. Армения өкмөтүнүн YouTube баракчасында түз эфирде көрсөтүлгөн жолугушууда премьер-министр Пашинян Франция менен коргонуу тармагындагы кызматташтык мамилелерине…

Прочитайте больше

“Ирандагы жаратылыш газ кол салуусун Израиль уюштурду”

“Ирандагы жаратылыш газ кол салуусун Израиль уюштурду”

14 –  февралда Ирандын Чехармахал  –  Бахтияри жана Фарс провинцияларындагы жаратылыш газын бөлүштүрүүчү магистралдык куурлардын  эки пунктунда эртең менен катуу жарылуу болду. Ирандын мунай министри Жевад Овжи 14 –  февралда жаратылыш газынын негизги бөлүштүрүүчү куурларына жасалган кол салууларды Израилдин уюштургандыгын айтты. Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда мунай министри Овжи борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин басма сөзгө берген билдирүүсүндө : “Өлкөнүн газ куурларынын жардырылышы Израиль кутуму жана тоскоолдукка учурады”,- деди.  Кол салуудан кийин өлкөнүн эч бир жеринде жаратылыш газ үзгүлтүгүнүн болбогондугун…

Прочитайте больше

АКШ кайрадан Газадагы ок ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюцияга бөгөт койду. Эл аралык реакция

АКШ кайрадан Газадагы ок ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюцияга бөгөт койду. Эл аралык реакция

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газа тилкесинде ​​атышууну тез арада токтотууну талап кылган резолюция долбооруна кайрадан бөгөт койду. Документтин долбоорун Алжир сунуш кылган. Резолюцияда тез арада гуманитардык ок ​​атышууну токтотууну каралган, аны жаңжалга катышкан эки тарап тең сакташы керек. Ошондой эле текстте барымтадагылардын баарын токтоосуз же эч кандай шартсыз  бошотуу жана 2023-жылдын 7-октябрында Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал боюнча кабыл алынган 2712 жана 2720-резолюцияларын аткаруу талабы камтылган. Резолюцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинин 13 мүчөсү кол койсо, Улуу…

Прочитайте больше

Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израиль армиясы ХАМАСка каршы аскердик кысым саясатын “толук жеңишке чейин” улантарын өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Израилдин Рафахтагы операциясы 12-февралга караган түнү болуп, массалык аба соккулары менен коштолуп, анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгонун Al Mayadeen телеканалы билдирди.  Израиль Рафахта жүргүзгөн рейд учурунда ХАМАС кыймылы барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотконун билдирди. Тель-Авив бул аймакта чабуул жасоо операциясына даярдык көрүлүп жатканын өткөн аптада жарыялаган. ХАМАС Израилдин Рафахка жасаган соккусун палестиналыктарды геноцид…

Прочитайте больше

Morning Consult: Израиль дүйнө жүзү боюнча колдоосун жоготуп жатат

Morning Consult: Израиль дүйнө жүзү боюнча колдоосун жоготуп жатат

Газадагы согуш башталгандан бери Израилге дүйнөлүк колдоо көрсөтүү кыйла азайганын Morning Consult компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөттү. Сурамжылоо 2023-жылдын октябрынан декабрына чейин 6 континенттеги 43 өлкөдөн алынган 300дөн 6000ге чейин жооптордун негизинде жүргүзүлгөн. Кытай, Түштүк Африка, Бразилия жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндө Израилге карата көпчүлүктүн көз карашы «жагымдуудан» «жагымсызга» өзгөргөн. Израилге карата буга чейин “терс” көз карашта болгон Япония, Түштүк Корея жана Улуу Британияда да бул өлкөгө колдоо көрсөтүүнүн бир топ азайгандыгы байкалган. 2023-жылдын…

Прочитайте больше

Трамп НАТО тууралуу билдирүүлөрүн кайталады

Трамп НАТО тууралуу билдирүүлөрүн кайталады

Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барган Түштүк Каролина штатынын Түндүк Чарлстон аймагында НАТО тууралуу айткандарына байланыштуу билдирүү жасады. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы президенти Дональд Трамп “финансылык милдеттенмелерин аткарбаган НАТО союздаштарына Орусиянын кандайдыр бир кол салуусуна бөгөт койбойм” деген билдирүүсүнө бекем турганын айтты. Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барган Түштүк Каролина штатынын Түндүк Чарлстон аймагында НАТО тууралуу айткандарына байланыштуу билдирүү жасады. Бул билдирүүлөрүнүн артында турганын баса белгилеген Трамп: «Эгер (НАТО союздаштары) төлөбөсө, биз да аларды…

Прочитайте больше

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Түркия менен Иран Газа тилкесиндеги кризисти тынчтык жолу менен тез арада чечүүнү колдошот. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди. «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелерди, биринчи кезекте Газадагы кырдаалды кеңири талкууладык. Биз аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган кадамдардан качуунун маанилүүлүгүн макулдаштык. Израилдин адамгерчиликсиз чабуулдарын токтотуу  жана Газа боюнча адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын талкууладык», – деди Эрдоган….

Прочитайте больше

Песков: «Путин менен Пригожин 29-июнда жолугушту»

Песков: «Путин менен Пригожин 29-июнда жолугушту»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада билдирүү жасады. Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путиндин 29-июнда Кремлде Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана айрым Вагнер командирлери менен жолугушканын билдирди. Песков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, Вагнердин орус башкаруучулугуна каршы чыккан козголоңунан кийин 24-июнда Путин менен Пригожиндин Москвада жолугушуу өткөргөнүн белгилеп:«Путиндин ушундай жолугушуусу болгон. (Вагнердики) ротанын жетекчилигинен 35 киши чакырылган, анын ичинде бардык командирлер жана Пригожин бар. 29-июнда…

Прочитайте больше

Орбан : “Швеция тууралуу Түркия менен байланыштабыз”

Орбан : “Швеция тууралуу Түркия менен байланыштабыз”

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү темасында НАТО жана Түркия менен байланышта экендерин айтты. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча НАТО жана Түркия менен байланышта экендерин айтты. Австриянын борбор шаары Венада жолугушууларды өткөргөн Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди. Орбан : “Бул маселе боюнча НАТОнун баш катчысы (Йенс Столтенберг) жана Түркия менен үзгүлтүксүз байланыштабыз, бир нерсе кыла турган учурда  сүйлөшөбүз жана Венгрия чечимдерин кечиктирбейт”,- деди.  Венгрия өкмөтүнүн Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу оң…

Прочитайте больше

Эрдоган: Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу

Эрдоган: Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу деп билдирди. Эрдоган Зеленский менен кечээ, 7-июлда Стамбулдагы Вахдеттин сарайында жекеме-жеке жолугушту, сүйлөшүүлөр 2,5 сааттан ашык созулду. Эрдоган Түркия Украинадагы жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетин улантарын билдирди. Дан келишими Түрк лидери ошондой эле, Украинадан дан экспорттоо келишимин узартууга аракеттер көрүлүлүп жатканын белгиледи. Азыркы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. “Биз дан коридору боюнча аракеттерибизди улантабыз. Биз 17-июлдан кийин келишимди канчага узарта алабыз деп…

Прочитайте больше

Эксперт: Ирандын ШКУга кириши Жакынкы Чыгыштан тарта Борбор Азияга чейин туруктуулукту камсыздайт

Эксперт: Ирандын ШКУга кириши Жакынкы Чыгыштан тарта Борбор Азияга чейин туруктуулукту камсыздайт

Ирандын ШКУга кошулушу Жакынкы Чыгыштан тарта Борбордук Азияга чейинки ири мейкиндикте геосаясий кадамдарды шарттайт. Бул туурасында жана Ирандын уюмга мүчө болушу геосаясий масштабда кандай мааниге ээ экенин жана Кыргызстанга кандай таасир этерин саясат таануучу Марс Сариев Sputnik агенттигине айтып берди. 4-июль күнү Нью-Делиде ШКУнун 23-саммити өтүп, натыйжада Иран уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп калды. Өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси республиканын уюмга кириши анын коопсуздугун, суверенитетин бекемдөөгө жана экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи. “Айрым глобалдуу күчтөр, башкача айтканда, Ирандын контрөнөктөштөрү Орто Чыгышта…

Прочитайте больше

АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды берет

АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды берет

АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды бере турганын АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ак үйдөгү брифингде билдирди. Жума күнү АКШ жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады, ага биринчи жолу эл аралык конвенция тарабынан тыюу салынган кассеталык ок-дарылар – 155 мм DPICM артиллериялык снаряддары кирди. Администрациянын өкүлү мындай снаряддарды республиканын аймагында колдонуу жай тургундар үчүн коркунучтуу экенин моюнга алды. Ушундан улам АКШ аларды өткөрүп берүү чечимин кечеңдеткен. Дүйнөдө кассеталык ок-дарыларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген….

Прочитайте больше

Украина менен Орусия Запорожье АЭС боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат

Украина менен Орусия Запорожье АЭС боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат

Украинанын президенти Зеленский Орусия АЭСке коркунучтуу провокацияга даярданууда экенин айтса, Орусия Киев Запорожье АЭСине кол салууну пландап жатат деп божомолдоду. Украинанын президенти Зеленский Орусия Запорожье атомдук электр станциясына карата кооптуу провокацияга даярданып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, орус аскерлери АЭСтин айрым энергоблокторуна жардыргыч затка окшош нерселерди коюшкан. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги да АЭСте ыктымал жарылуу болгон учурда эмне кылуу керектиги боюнча сунуштарын берди. Орусиядан тескерисинче Украинага каршы айыптоо келди. Орусиянын «Росэнергоатом» атомдук энергетикалык компаниясынын башкы кеңешчиси…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнө улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүүнү сунуштады

Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнө улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүүнү сунуштады

 Шанхай Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрү биримдиктин алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү көбөйтүүсү керек. Бул тууралуу  Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги саммитинде билдирди. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммити Нью_делиде онлайн-форматта өтүп жатат. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда. “Уюмдун алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатка ылайыктуу…

Прочитайте больше
1 2 3 36