Кнессет Кызыл Крест Комитетинин палестиналык туткундарга баруусуна тыюу салган мыйзам долбоорун четке какты

Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир ШАС партиясынын лидери Арье Дерини мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнү бойкоттогону үчүн сынга алды.

Израилдин Кнессети (парламент) Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) өкүлдөрүнүн палестиналык туткундарга баруусуна тыюу салган мыйзам долбоорун четке какты.

The Times of Israel гезитинин маалыматы боюнча, Кызыл Крест өкүлдөрүнүн палестиналык туткундарга баруусуна тыюу салган мыйзам долбоору парламентке сунушталды.

Ултра-ортодоксалдык (Хареди) партиялардын өкүлдөрү бойкот кылган добуш берүүдө 36 мүчө “макул” деп, 41и “каршы” деп добуш беришти. Натыйжада, мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.

Бул мыйзам долбоорун кийинки алты айдын ичинде кайрадан добушка коюуга мүмкүн эмес дегенди билдирет. Ошондуктан, мыйзам долбоору октябрь айынын аягынан кечиктирилбестен өткөрүлө турган жалпы шайлоолорго чейин кайра каралбайт деп күтүлүүдө.

Палестиналык туткундарга карата катаал позициясы менен белгилүү болгон Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир добуш берүүнү бойкоттогон ультра-ортодоксалдуу ШАС партиясын кескин сынга алып, мыйзам долбоорунун ишке ашпай калышы үчүн анын лидери Арье Дерини күнөөлөдү.

“Рахмат, Арье. Сиздин аркаңызда Кызыл Крест түрмөлөрдү кыдырат. Эми түнкүсүн кантип тынч уктайсыз?”, – деп жазган Бен-Гвир америкалык X компаниясынын социалдык медиа баракчасына.

ШАС өз кезегинде министрдин сынына “Израилдиктер коопсуздукту Твиттерде эмес, көчөлөрдө каалашат”,- деп жооп берди.