Түштүк Америкадагы бул өлкөдө болгон жер титирөөлөрдөн 22 619 адам жабыркап, зыянга учураган 855 имараттын 189у толугу менен кыйраган.
24-июнда Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөлөрдөн кийин издөө-куткаруу иштери уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан 1 719 адам каза болду.
Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес өлкөдөгү учурдагы абал боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, жер титирөөлөрдөн 1 719 адам каза болуп, 5 034 адам жаракат алган.
Ошондой эле 22 619 адам кырсыктын кесепетинен жабыркаган.
Жалпысынан 855 имарат зыянга учурап, алардын 189у толугу менен урап калган.
Венесуэлада эки күчтүү жер титирөө болгон
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) билдиргендей, 24-июнда Венесуэлада 39 секунд аралык менен күчү 7,2 жана 7,5 магнитудасындагы эки жер титирөө катталган.
USGS маалыматына ылайык:
- 7,5 магнитудасындагы жер титирөө Яракуй штатындагы Юмаре шаарынан түштүк-чыгышка карай 23 чакырым аралыкта катталган;
- 7,2 магнитудасындагы жер титирөө ошол эле штаттагы Сан-Фелипе шаарынан түндүк-чыгышка карай 24 чакырым аралыкта болгон.
Юмаредеги жер титирөөнүн очогу 10 чакырым, ал эми Сан-Фелипедеги очогу 21,9 чакырым тереңдикте жайгашкан.
26-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жер титирөөлөрдөн түздөн-түз келтирилген материалдык чыгымды 6,7 миллиард АКШ долларына баалаган.
27-июнга карата жакындары тарабынан дайынсыз жоголду деп билдирилген адамдардын саны 68 миңден ашкан.
Өлкөдө издөө-куткаруу иштери дагы эле уланууда. Бийлик каза болгондор менен жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуу бар экенин билдирүүдө.