Пакистандын түнкү аба соккуларынын натыйжасында 30дан ашуун адам каза болуп, дагы 163 адам жаракат алды.
Бул тууралуу Ооганстандын өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн орун басары Хамдулла Фитрат билдирди.
Ал X социалдык тармагындагы баракчасына төмөнкүлөрдү жазды:
«Өткөн түнү Пакистан тарабынан жасалган чабуулдардын кесепетинен 36 жайкын тургун, анын ичинде аялдар жана балдар каза болду. Дагы 163 адам ар кандай жаракаттарды алды», — деди ал.
Фитраттын айтымында, Пакистандын Куралдуу күчтөрү түн ичинде Пактия, Пактика жана Кунар провинцияларындагы айылдарга абадан сокку урган.
Эң көп жоготуу өлкөнүн чыгышындагы Пактия провинциясындагы бир айылга жасалган соккудан катталган.
Мындан тышкары, аба соккуларынын натыйжасында мал кырылып, үч турак жай толугу менен кыйраган.
10:44
Жекшемби күнү кечинде Пакистандын Аскер-аба күчтөрү Ооганстандын бир катар провинцияларына аба соккуларын жасаган. Анын кесепетинен жайкын тургундар арасында курмандыктар болгону маалымдалды.
Бул тууралуу Ооганстандын жогорку лидери Забиулла Мужахиддин басма сөз катчысы социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Ал мындай деп жазды:
«Өткөн түнү Пакистан Пактика провинциясынын Гиян районуна, Пактия провинциясынын Цамкани районуна жана Кунар провинциясынын Маравар районуна бомбалык сокку урду. Бул чабуулдардын натыйжасында ондогон жайкын тургундар, анын ичинде аялдар жана балдар каза болуп, жаракат алышты», — деп билдирди Мужахид.