Эмгектенүү ибадат

Эмгектенүү ибадат

Суроо: Эмгектенүү ибадатпы? ЖООП Момундун эмгек кылуусу ибадат болуп саналат. Бирок, ыймансыз болсо ал адамдын эмгектенүүсү ибадат болбойт. Мен намаз окубайм, бирок, эмгектенип жатам, бул дагы ибадат деп айтуу жаңылыш. Намаз окубаган адамдын дагы эмгектенүүсү ибадат болбойт. Эч кимге муктаж болбоо үчүн эмгектенүү өтө жакшы. Пайгамбарыбыз Хазрети Муаз менен мусафаха кылган (кол алышкан) кезде буюрду: -Йа, Муаз, колдоруң жооруп калыптыр. -Ооба, йа Расулаллах, жер казыр иштейм, ушинтип бала-чакамдын нафакасын таап жатам. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”…

Прочитайте больше

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Жума күнү “Аль-Кахф” сүрөсүн окуу – сүннөт. Бул сүрө эмне жөнүндө?

Мен Бруней-Даруссалам султандыгында жашап жүргөн кезимде бейшемби күндөрү кимдир-бирөөнү көчөгө алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Качан болбосун бардыгы : “Бүгүн жума түнү, үй-бүлөбүз менен бирге “Кахф” сүрөсүн окуйбуз”,- деп жооп беришет эле. Жума күнү Ыйык Курандын он сегизинчи сүрөсүн окуу сүннөт болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, исламга ылайык, Шам намазынан кийин жаңы күн башталат. Ошондуктан, бейшемби күнкү кечти – “Кахф” сүрөсүн окууга арноо керек. “Кахф” сүрөсү сегиз бөлүккө бөлүнгөн, аларга көз салып көрөлү. Жума күндөрү “Кахф”…

Прочитайте больше

Тарыхка чоң из калтырган Мухаммед аттуу 5 улуу инсан

Тарыхка чоң из калтырган Мухаммед аттуу 5 улуу инсан

Мухаммед деген ысымды укканда алгач эле оюңузга ким келет? Албетте, көпчүлүгү сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедди ﷺ эстешет, андан кийин белгилүү боксчу, өз доорунун легендасы Мухаммед Али эске түшөт. Бирок ушул асыл ысымга ээ дагы башка инсандарды билебизби? Сиздерге Мухаммед деген ысымды алып жүргөн 5 улуу адамдын кыскача өмүр таржымалын сунуштайбыз. 1) Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми Алардын алгачкылары – алгебранын атасы катары таанымал Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми. Бул инсан 780-850- жылдары жашап өткөн. Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми…

Прочитайте больше

Исламга каршы “Динде реформа” кыймылы жана анын өкүлдөрү

Исламга каршы “Динде реформа” кыймылы жана анын өкүлдөрү

Табиин жана кийинки доорлордо Хазрети Пайгамбардын мурасчылары болгон Мужтахид аалымдар Ислам дининин өзгөчө Акаид жана Фыкыхка байланыштуу рукун жана негиздерин аныктап, түшүндүрүшкөн. Бирок, түрдүү себептер менен бул негиздерди кабыл кылбаган же буларга терс түшкөн фырка жана уюшмалар пайда болгон. Хадиси шарифтерде баяндалгандай булардын Исламды жаңылыш түшүнгөн, бузган жана накыл кылган кишилер менен топтор экендиги белгилүү. Ахли сүннөт аалымдары хадистерге таянып «бидат жана далалат» топтор деп сыпаттаган бул «акыйда жана амал жагынан адашкан топтор» заманыбызда түркүн аттар менен мусулмандардын ыйман жана ибадаттарын…

Прочитайте больше

Кээ бир дубалардын маанилери

Кээ бир дубалардын маанилери

Таңда жана кечте 100 жолу окулса бардык күнөөлөр кечириле турчу таспих: (Субханаллахи ва би-хамдихи, субханаллахил азим) Мааниси: Кемал сыфаттар менен сыпаттанган жана кемчилик сыпаттардан бери болгон Аллахты хамд менен таспих кылам. Намазда таспихтерди тарткандан кийин дуага колдорду көтөрүп жатканда окулганда күнөөлөр кечириле турган дуа: (Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шерике лех лахулмулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шейин кадир) Мааниси: Аллахтан башка илах жок. Ибадатка ылайык жалгыз Аллах, Ал бир, ортогу жок, аалам Анын…

Прочитайте больше

Салам берүү

Салам берүү

Суроо: Салам берип жатканда эл арасында: «Салавалейким» – деп жатабыз. Бир-эки адам болсо: «Салавалейкимдер» дей салабыз. Ушул сөз туурабы? Мааниси кандай? ЖООП: Салам бергенде “Ассаламу алейкум” деп айтылат. Саламды алганда “Ва алейкум ассалам” деп айтылат. “Салавалейким” деген сөздүн эч кандай мааниси жок бош сөз. Артына көптүк түрдүн мүчөсүн улоо да туура болбойт. Көп адамга да, бир адамга да “Ассаламу алейкум” деп салам берилет. Салам берүү сүннөт, ал эми саламды алик алуу парз. Салам берээрде саламдын сүннөт экендигин ойлонуу керек жана ал адамга…

Прочитайте больше

Сүйлөө адеби

Сүйлөө адеби

Сүйлөө адептеринин биринчиси – көп сүйлөбөө. «Көп сөз жалгансыз болбойт, көп мал арамсыз болбойт» деген сөз бар. Көп сүйлөө – зээндин кемчилигинин жана акылдын аздыгынын белгиси. Адамдын урматын, кадырын кетирет. Хазрети Айша энебиз мындай деген: «Эч бир сөзү бош болбогон Расулуллах алейхиссалам аз жана орундуу, так-даана сүйлөчү. Бир мажилисте сөз сүйлөсө мубарек оозунан чыккан сөздөрүн саноого болор эле.» Бирөө сага карап сүйлөсө ал сөзүн бүтүрө электе жооп берүүнү баштаба. Акылдуу киши суроону көңүл коюп угат, суроо коюлуп…

Прочитайте больше

Ибрахим алейхиссалам

Ибрахим алейхиссалам

Курани каримде ысымы билдирилген пайгамбарлардан, улулазм аты берилген алты пайгамбардан бири болуп, Калдани коомуна жиберилген. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан кийин пайгамбарлардын жана адамдардын эң үстөмү. Аллаху таала аны Халилим (досум) дегендиги үчүн Халилуллах же Халилуррахман болуп таанылат. Атасы момун болгон Тарух, энеси Амила. Ибрахим алейхиссалам Пайгамбарыбыздын аталарынан болуп саналат. Себеби, биринчи уулу Исмаил алейхиссалам араптардын, экинчи уулу Исхак алейхиссалам болсо исраилуулдарынын ата-бабасы болуп саналат. Калдани мамлекети болгон Бабилдин (Вавилондун) чыгыш тарабында жана Тигр менен Ефрат дарыяларынын…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын сүйүктүү кызы, бейиштеги аялдардын ханышасы Фатима

Пайгамбарыбыздын сүйүктүү кызы, бейиштеги аялдардын ханышасы Фатима

Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) көзүнүн нуру, сүйүктүү кызы Фатима тууралуу эмне билебиз? Ата менен кыздын ортосундагы ынак мамиле, чоң сүйүү төмөнкү макалада. Фатима – пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Хадижа энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) төрөлгөн кичүү кызы. Ал өзүнүн ыйманын, адеп-ахлагын жогорку чекке жеткире алган. Фатима (Аллах андан ыраазы болсун) үй-бүлөдө 5-наристе болуп, анын Касым аттуу байкеси, Зайнаб, Рукайа, Умм Кульсум аттуу эжелери жана Ибрахим аттуу иниси болгон. Бирок алардын баары Пайгамбарыбыздын көзү…

Прочитайте больше

Христиандык деген эмне

Христиандык деген эмне

Суроо: Христиандык тууралуу маалымат бересизби? ЖООП Инжилде Аллахтын бир экендигин, Хазрети Исанын Аллахтын кулу жана Расулу экендиги жазылган эле. Хазрети Исанын Хак болгон дини аз убакыттан кийин Яхудилер тарабынан тымызын өзгөртүлдү. Яхуди Болюс (Павлос) Исави болуп көрүнүп, чыныгы Инжилди жок кылды. Саны белгисиз Инжилдердин жазылуусуна себепчи болду. Улуу Константин бардык Инжилдерди бириктирүү үчүн милади 325-жылы Изникте 319 попту жыйнап, өзү жаздырган жаңы Инжилге эски дини болгон бутпарастыктан да көп нерселерди киргиздирип, жаңы бир Христиандык динин курган…

Прочитайте больше

Илим үйрөнүүдө ниет

Илим үйрөнүүдө ниет

Суроо: Дин маалыматтарын үйрөнүш үчүн, диний билим алыш үчүн кантип ниет кылыш керек, кандай ниет менен буларды үйрөнүш керек? ЖООП: Буга байланыштуу Фатавайи Хиндиййа китебинде мындай делген: «Илимди Аллах ыраазылыгы үчүн, Ислам динине жана мусулмандарга кызмат кылыш үчүн үйрөнүш керек. Байлык-бийлик табуу, текебердик жана атак-даңкка жетүү үчүн үйрөнбөө керек. Устаз акысы эне-ата акысынан мурда турат. Илимди Ахли сүннөт аалымдарынан же алар жазган китептерден үйрөнүш керек жана салих адамдарга үйрөтүш керек. Илимди жакшы адамдардан аябаш керек. Салих…

Прочитайте больше

Ооруган кишиге окулчу дубалар

Ооруган кишиге окулчу дубалар

Оорулуу кишини зыяратта Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) окуган дубалары хадис китептеринде жазылган. Алар мына булар; «Асалуллахэл-азыим. Раббел-аршил-азыим ан йашфийака» (Арш-и Азимдин Рабби болгон Аллаху Азимушшандан сага шыпаларды ихсан кылуусун тилеймин.) Үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири ооруп калган учурда Пайгамбарыбыз мубарек колдорун оорулуунун чекесине коюп мындай деп дуба кылган учурлары болор эле: «Аллахумма Раббана. Азхибил-баса, шифаэн ла йугадиру сакамен.» (Аллахым, сен бүткүл адамдардын Раббисиң… Бул оорлуунун ыздырабын кетире көр жана шыпаа бере көр. Шыпааны берген бир гана Сенсиң. Сенден…

Прочитайте больше

Тамактан мурун жана кийин дуба кылуу

Тамактан мурун жана кийин дуба кылуу

Суроо: Тамактан мурун дуба кылуу жаизби? Жооп: Ооба, тамактан мурун дагы дуба кылуу жаиз. Бисмиллах айтуу жана жакшылык-береке үчүн дуба кылуу да жеп-ичүүнүн сүннөттөрүнөн. Ибни Аббас хазреттери Расулуллах алейхиссаламдын: “Тамакты баштаганыңарда Аллахумма барик лана фихи ва атимна хайран минху деп айткыла”, – дегенин риваят кылган. Анъам сүрөсүнүн “Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле!” маанисиндеги 121-аятты Бисмиллахсыз союлган айбандардын өлүмтүк (тарп) боло тургандыгын жана жегенге болбой тургандыгын билдирүүдө. Кээ бир аалымдар “Башка азыктарды жеп жатканда дагы Бисмиллахты айткыла” деген маанинин да бар экенин билдиришкен. Бул…

Прочитайте больше

Намаз окуунун берекеси

Намаз окуунун берекеси

Даанышман заттар айтышат: “Ичкилик ичүү чоң күнөө, ичкилик ичкен адам намаз окубасын”, –деп айтылууда. Бул туура эмес. Намаз бөлөк, ичкилик бөлөк. Көп чоң күнөөлөр кылынган болсо дагы намазды эч качан таштабаш керек. Аалымдарыбыз: “Намаздын берекеси менен башка күнөөлөрдөн да тыйылуу оңой болот”, – деп билдиришкен. Салих бир заттын соода менен алектенген кошунасы базардан үйүнө келгенде дайым ичкилик ичилген оюн-зоок уюштуруп, түнү бою тынчтыкты алчу. Салих зат кошунасынын ызы-чуусунан тынчсызданып, башка бир үйгө көчүп кетет. Бир канча күндөн…

Прочитайте больше

2021-жылдагы мусулман майрамдарынын даталары белгилүү болду

2021-жылдагы мусулман майрамдарынын даталары белгилүү болду

Россиянын Татарстан Республикасынын Мусулмандар Руханий Башкармалыгы келерки жылдагы негизги мусулман майрамдарынын даталарын атады. Islam Today маалымат порталы Татарстан Республикасынын Мусулмандарынын Руханий Башкармалыгы 1442-1443-хижрий же 2021-жылдагы мусулмандар календарынын маанилүү даталарын жарыялаганын жазды.Белгилей кетсек, 2021-жыл 1442-жылдын ортосуна жана аягына, 1443-хижранын башына жана ортосуна туура келет. Хижрий календарында 12 ай бар жана жаңы жыл Мухаррам айынан башталат.Мусулман календарынын айларынын башталышын жана аяктоосун аныктоодо ТР МРБ Уламалар Кеңеши жергиликтүү географиялык өзгөчөлүктөргө жана астрономиялык маалыматтарга таянат.Ошентип, 2021-жылы Ыйык Рамазан айы 13-апрелде…

Прочитайте больше
1 2 3 8