Палестина тарыхы: Сионисттик Израил жүргүзгөн 75 жылдык кыргын

Мындан 75 жыл мурун Израил деген өлкө картада жок эле. Азыр 10 миллионго чукул еврейлер жашаган Жакынкы Чыгышта, Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгинде Иерусалим деген мамлекетте мусулмандар кылымдар бою бактылуу жашап келишкен. Сионисттик Израилдин палестиналыктарга карата зомбулугу быйыл эле баштала калган жок. Палестиналыктар канча кылымдан бери жашап келген жерлеринен, үй-жайынан айрылып, 75 жылдан бери дүйнөнүн көз алдында зулумдукка дуушар болуп келишет. Бул материалдан сионисттер кантип Иерусалимди оккупациялап алгандыгын, миллиондогон палестиналыктардын тагдырын өзгөрткөн адилетсиздик кандайча башталгандыгын биле аласыз.

Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Палестина Осмон империясынын автономиясында гүлдөгөн мамлекет болчу. Иерусулимде мусулмандар, христиандар, еврейлер ынтымакта, бирдей жарандык укук менен жашашкан. Осмон империясы кулагандан кийин жеңүүчү державалар халифаттын жерлерин бөлүштүрүшкөн. А Палестина Улуу Британиянын оккупациясында калган. 1917-жылы британдыктар еврей эли үчүн Палестинада улуттук үй курууну убадалаган “Бальфур” декларациясын чыгарышкан. Бул убада кийин миллионго чукул палестиналыктардын мекенинен айдалышына себепчи болуп, сионисттик Израил менен болгон кагылышуунун катализаторуна айланган.

1919-жылдан тартып, Британиянын колдоосу менен Палестинада сионисттик иммиграция күчөгөн. 1922-36-жылдардын аралыгында еврей калкы 9 пайыздан 27 пайызга чейин өскөн. Бул көрүнүш жакшылыкка алып келбешин түшүнгөн сириялык лидер Изз ад-Дин аль-Кассам 1922-жылы сионисттерге жана Британияга каршы көтөрүлүшкө элди үндөй баштаган. Кассамдын аракети көпчүлүк палестиналыктарга дем-күч берип, Британиянын сионисттерди жайгаштырган колониалдык саясатына каршы болгон арабдар 1936-жылы көтөрүлүшкө чыгышкан. Британ бийлиги эркектердин 10%ын өлтүрүп, түрмөгө камап, сүргүнгө айдоо менен көтөрүлүштү күч менен баскан.

1947-жылы Британия Палестинада өзү түзгөн балээни БУУга өткөрүп берип, колониалдык долбоорун жыйынтыктагандыгын жарыялайт. Ушул эле жылдын 29-ноябрында БУУнун генералдык ассамблеясы Палестинаны еврей жана араб мамлекетине бөлүүнү сунуштаган резолюция кабыл алган.

Ал мезгилде Палестинадагы еврейлер калктын үчтөн бир бөлүгүн гана түзүп, алардын көбү Европадан жаңы гана көчүп келишкен. Еврейлер Палестинадагы жерлердин 5,5 %ына гана ээлик кылышчу. Бирок БУУнун резолюциясына ылайык, еврейлерге жерлердин 55%ы бөлүнүп, палестиналыктар айыл-чарбага жарактуу жерлеринен, деңиз портторунан айрылмак.

Палестиналыктар мындай адилетсиздикке каршы чыгышкан. Ошентип, палестиналыктар менен сионисттердин ортосунда согуш тутанган. Жакшы куралданган сионисттер чабуулга өтүп, Палестинанын көптөгөн жерлерин тартып алуу иш-аракетин башташкан. Израил бүгүнкү күнгө чейин палестиналыктар өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетти деген жалган идеяны жайылтып келишет. Бирок тарыхый маалыматтар сионисттер жергиликтүү калкты зордук-зомбулук менен сүрүп чыгаргандыгын айгинелейт.

1948-жылы сионисттик күчтөр жүздөгөн айыл-кыштактарды басып алып, миңдеген палестиналыктардын жерлерин тартып алган. План боюнча каршы чыккандар өлтүрүлүп, жергиликтүү калкты өлкөдөн алыс кууп чыгуу керек болчу. Анык этникалык тазалоо жүргүзүлгөн.

Британдык аскерлер чыгып кеткен күнү, 1948-жылдын 14-майында сионисттердин башчысы Дэвид Бен-Гурион Израил мамлекетинин түзүлгөндүгүн жарыялаган. Ошол замат алдынкы державалар: Советтер союзу жана АКШ Израилди мамлекет катары тааныган.

Ошентип, палестиналыктар жарандыгын жоготуп, дүйнөнүн көз алдында мамлекетинен айрылышкан. 1949-жылы 750 миңден ашуун палестиналык жер которуп, качкынга айланган. 15 миң палестиналык израил аскерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Палестиналыктар жашаган 530 айыл-кыштак сионисттерге күч менен өткөн.

Ошентип, тарыхый Палестинанын 78%ын сионисттер басып алган. Территориянын калган 22 пайызы азыркы оккупацияланган Батыш жээк жана курчоого алынган Газа тилкеси болуп саналат. Сионисттик кыймыл палестиналыктарды өз жеринен кууп чыкканы аз келгенсип, Палестинанын байыркы мурасын жана маданиятын жок кылууга аракет кылган. Алардын негизги максаты Палестинаны картадан өчүрүү эле.

Бул каргашалуу күндөрдү мусулмандар “Накба”, башкача айтканда “Кыйроо” деп аташат. Накба 1948-жылы эле бүтүп калган жок, ушул күнгө чейин Израил кылмыш иштерин улантып келе жаткандыгына күбө болуп келебиз.

Уландысы кийинки чыгарылышта…

Комментарий жиберүү