Pars Today агенттиги IRNA маалымат агенттигине шилтеме берүү менен билдиргендей, Ирандын Ислам кеңешинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф ислам өлкөлөрүнүн биримдиги зарыл жана сөзсүз керек экенин белгилеп: «Ислам өлкөлөрү акыркы согуштун тажрыйбасынан сабак алышы керек», — деп айтты.
Шаршемби күнү Азербайжан Республикасынын Улуттук жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова Ислам Кызматташтык Уюмунун парламенттик союзунун 20-сессиясынын алкагында Иран Ислам кеңешинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Галибаф ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындай деди:
«Бактыга жараша, акыркы айларда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өнүгүп жатат. Бул оң тенденция мындан ары да улана берет деп үмүттөнөм».
Ошондой эле ал айрым мамлекеттердин аймагы жана аба мейкиндиги Иран Ислам Республикасына каршы колдонулганын айтып:
«Бул согуштун тажрыйбасы азыр ар бирибиздин көз алдыбызда турат. Ар бир өлкө мындан тиешелүү сабак алышы керек», — деди.
Галибаф парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилеп, Азербайжан Республикасына Ислам Кызматташтык Уюмунун парламенттик союзунун конференциясын ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.
Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Улуттук жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова эки тараптуу долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды жана достук топторунун кызматташтыгын кеңейтүүгө чакырды.
Ал ошондой эле мындай деп баса белгиледи:
«Биз Азербайжан Республикасынын аймагынын коңшу мамлекеттерге, айрыкча Иранга каршы колдонулушуна жол бербейбиз».