Израилдин маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газа секторундагы, Ливандагы, Сириядагы жана Ирандагы аскердик аракеттеринен келип чыккан каржылык чыгымдар 700 миллиард шекелге, башкача айтканда болжол менен 205 миллиард АКШ долларына жакындады.
Бул көрсөткүч Нир Голдберг тарабынан даярдалып, Zman Yisrael сайтында жарыяланган баяндамада кеңири талданган. Баяндамада бул аскердик аракеттердин мамлекеттик каржыга, өндүрүшкө жана АКШ тарабынан көрсөтүлгөн аскердик жардамга тийгизген экономикалык таасири бааланган.
Баяндамада келтирилген Израиль банкынын маалыматына ылайык, согуштарга байланыштуу чыгымдар 118 миллиард доллардан ашкан.
Анын ичинен:
- Аскердик чыгымдар – болжол менен 71,2 миллиард доллар;
- Компенсациялык төлөмдөр – 9,6 миллиард доллар;
- Ар кандай жарандык чыгымдар – 16,7 миллиард доллар;
- Мамлекеттик карыздын өсүшүнө байланыштуу пайыздык чыгымдар – 5,5 миллиард долларды түзгөн.
Баяндамага ылайык, АКШ тарабынан Израилге берилген курал-жарактардын, ок-дарылардын жана аскердик техниканын жалпы баасы болжол менен 26 миллиард долларды түзгөн.
Изилдөө көрсөткөндөй, экономикалык кесепеттер мамлекеттик чыгымдар менен эле чектелбейт. Эксперттердин эсебинде, 2023-жылдын октябрынан 2025-жылдын аягына чейин Израил экономикасынын өндүрүштүк жоготуулары 51,9 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
2026-жылга карата бул көрсөткүч 58,6 миллиард доллардан ашышы мүмкүн деп болжолдонууда.
Баяндамада мамлекеттик чыгымдарды, АКШнын жардамын жана өндүрүштүк жоготууларды кошкондо, согуштардын жалпы экономикалык жүгү дээрлик 205 миллиард доллар деп бааланганы белгиленген.
Бул эсепке Израиль бийлиги тарабынан компенсацияланбаган жеке жоготуулар жана жеке сектордун бардык чыгымдары киргизилген эмес. Докладда аскердик аракеттер улана турган болсо, бул жүк дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылат.
Мындан тышкары, мамлекеттик чыгымдардын өсүшү салыктардын көбөйүшүнө алып келип, жашоо наркынын кымбатташына, өзгөчө чакан жана орто бизнеске кошумча оорчулук жараткандыгы белгиленет.
Баяндаманын авторунун айтымында, 2023-жылдын 7-октябрынан кийинки мезгил Израилдин тарыхындагы каржылык жактан эң оор мезгил болуп калды жана анын кесепеттери дагы көп жылдар бою сезилет.
Ошол эле учурда, Газа секторундагы жана Ливандагы согуштун адамдык жоготуулары да өтө чоң бойдон калууда.
Документтер менен тастыкталган маалыматтарга ылайык, Газа секторунда аскердик аракеттердин натыйжасында болжол менен 73 миң палестиналык каза болуп, 173 миңден ашуун адам жаракат алган.
Согуш аялдар менен балдарга өзгөчө оор таасир тийгизген. 2025-жылдын аягына карата каза болгондордун арасында кеминде 18 592 бала жана 12 400 аял болгон. Дагы 11 миңге жакын адам дайынсыз жоголгон деп эсептелет.
Ал эми Ливанда март айынын башында күчөгөн акыркы кагылышуулардан бери 4 миңден ашуун адам каза болуп, 11 миңден ашуун адам жаракат алган.
Зомбулуктун айынан Ливанда 1,2 миллиондон ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Өлкөнүн түштүгүндөгү көптөгөн калктуу конуштар урандыга айланып, бул абал аймактагы миллиондогон адамдар үчүн гуманитардык кризисти дагы да тереңдетүүдө.