Трамп АКШ Израилди көзөмөлдөй аларын билдирди

Дональд Трамп АКШ Ливанга жаңы кол салуулар жасалбашы үчүн Израилди көзөмөлдөй алат деп ырастады.

Axios басылмасына берген маегинде америкалык лидерден: «Ливанга каршы кол салуулар болбошу учүн АКШ Израилди көзөмөлдөй алабы?» деген суроо берилген.

«Ооба, мен муну жасай алам. Бул таң калыштуу эмес: алар мени абдан сыйлашат жана менин айтканымды аткарышат», — деп жооп берген Трамп.

18-июнга караган түнү Иран менен АКШ согушту 60 күнгө токтотуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Документке ылайык, 28-февралда башталган аскердик жаңжал токтотулушу керек.

Ага АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аралыктан, электрондук түрдө кол коюшуп, ал дароо күчүнө кирди. Эки тарап тең келишимге кол коюлганын ырасташты.

АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун акыркы толук тексти жарыяланды. Ал 14 пункттан турат. Тынчтык жөнүндө документке «Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Исламабад өз ара түшүнүшүү меморандуму» деген аталыш берилип, тексти англис жана фарсы тилдеринде даярдалды.

Өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгын ачууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз блокадасын токтотууну камтыйт.

Мындан тышкары, Иран өзүнө өзөктүк куралга ээ болбоо милдеттенмесин алган. Ал эми Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселе өзүнчө келишим аркылуу жөнгө салынышы керек.

Эми тараптар 60 күндүн ичинде акыркы тынчтык келишимин даярдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.