Т. Карлсон: Трамп Иран боюнча келишим маселесинде Израиль менен кеңешкен эмес

Америкалык журналист Tакер Карлсон АКШ президенти Доналд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдө алдыга жылуу үчүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун позициясынын таасирин азайтуу керектигин түшүнөрүн жана бул маселе боюнча Израиль менен кеңешпегенин айтты.

YouTube платформасында жарыяланган подкастта Карлсон АКШ менен Ирандын ортосундагы мүмкүн болгон келишимге карата Израилдин көз карашын талдаган.

Анын пикиринде, мындай келишимге эң чоң коркунуч АКШ Конгрессинен эмес, Израиль тарабынан жаралышы мүмкүн.

«Трамп алдыга жылыш үчүн Нетаньяхунун гана эмес, АКШдагы Израиль мамлекетинин моралдык легитимдүүлүгүнүн да таасирин азайтуу керек экенин билет. Таң калычтуусу, ал муну жасады», — деген Карлсон.

Журналисттин айтымында, Трампты жакшы тааныган бир адам 15 жыл мурда ага мындай деген:

«Трамп адамдардын көңүлүн калтырышы мүмкүн. Азыр ошол көңүл калууну сезүү кезеги Нетаньяхуга келген окшойт».

Карлсон ошондой эле Трамптын Иран боюнча келишимге байланыштуу Израиль менен кеңешпегенин белгилеп, муну президенттин Израилге карата: «Бул жерде чоңдор сүйлөшүп жатат» деген белги катары баалаган.

Трамп Карлсонду сынга алган

АКШ президенти Трамп 10-апрелдеги билдирүүсүндө өзүн сындаган белгилүү подкаст алып баруучуларын жана саясий баяндамачыларды, алардын ичинде Карлсонду да, кескин сынга алып, аларды «акылынан адашкандар» деп атаган.

Трамп Такер Карлсонго жана Мегин Келлиге «жакшы психиатрга кайрылышы керек» деп билдирген.

Трамп Нетаньяхуну Ливандагы аракеттери үчүн сындады

17-июндагы билдирүүсүндө Трамп Нетаньяхунун өкмөтүн Ливанга жасалган чабуулдар үчүн сынга алып, бул маселеде анын позициясын туура деп эсептебей турганын айткан.

Трамп Нетаньяхуну «чындыгында жакшы адам» деп мүнөздөп, бирок төмөнкүлөрдү кошумчалаган:

«Кээде ал өтө эле эмоцияга алдырат. Ливан боюнча ортобузда айрым пикир келишпестиктер бар. Мен ага: “Биби, бир аз жумшагыраак мамиле кылсаң болмок”, — деп айтам. “Хезболланын”бир мүчөсү имаратка кирди  деп эле ар бир жолу бүтүндөй имаратты кыйратуунун кереги жок».

Трамп АКШны «ири өнөктөш», ал эми Израилди «өтө кичинекей өнөктөш» деп мүнөздөгөн.