Трамп менен Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрү мурдагыдай достук маанайда эмес

АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү мурдагыдай жылуу жана достук маанайда өтпөй калды.

The Wall Street Journal (WSJ) басылмасынын маалыматына караганда, АКШ экономикасына оорчулук жараткан АКШ–Израиль–Иран согушун токтотууга умтулган Трамп Нетаньяхуга карата кээде каршы сөздөрдү айта баштады. Анын пикиринде, Израилдин өкмөт башчысы аны бул жаңжалга көбүрөөк аралашууга түртүп жатат.

Маалыматтарга ылайык, акыркы телефон сүйлөшүүлөрүнүн биринде Трамп Нетаньяхудан: «Эмне үчүн америкалык аскерлер Ливандагы имараттарды жардырып жатышат?» деп сурап, мындай аракеттерди токтотууну талап кылган.

Дагы бир сүйлөшүүдө Трамп согуштан улам келип чыккан дүйнөлүк экономикалык төмөндөө анын ысымын 1930-жылдардагы Улуу депрессия жана президент Герберт Гувер менен байланыштыруусу мүмкүн экенине нааразы болгон.

Макалада келтирилген булактардын бири билдиргендей, өзөктүк курал боюнча жоболор талкууланып жаткан учурда Нетаньяху Трамптан: «Дональд, муну кантип текшересиң?» деп сураган. Башка сүйлөшүүлөрдө болсо ал өткөн окуяларды мисал келтирип, ирандыктарга ишенбөөгө чакырган.

АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, сүйлөшүүлөрдө Израилдин премьер-министри кошумча аскердик операцияларды жүргүзүүнү талап кылып келген жана Трамп мындан чарчай баштаган.

«Биби (Нетаньяху) президентке эмне үчүн дагы бир нерсени жардыруу керек экенин жана Израилдин чалгын кызматы муну кантип жана качан жасоону билерин түшүндүрөт. Президент угат. Көпчүлүк сүйлөшүүлөр дээрлик бир эле сценарий менен өтөт», — деген чиновник.

Бул маалыматтар боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө Израилдин премьер-министринин басма сөз кызматы жооп берген эмес.

Ал эми Ак үйдүн расмий өкүлү «Трамптын Нетаньяху жана Израиль менен эң сонун өнөктөштүк мамилеси бар» экенин белгилеп, ошол эле учурда «эч бир өлкө же лидер президент Трампка кандайдыр бир чечимди таңуулай албайт» деп билдирген.

Трамп Нетаньяхунун билдирүүлөрүнө күмөн санай баштады

Окуяларды жакындан көзөмөлдөп жаткан булактардын айтымында, АКШ президенти Иранга каршы согушка өзүнүн көпчүлүк кеңешчилеринен жана Израиль тарап күткөндөн да көбүрөөк даяр болгон. Нетаньяху Иранга каршы чабуулдардын деталдуу пландарын даярдап, аларды Трампка сунуштаган.

Булактардын маалыматына ылайык, жаңжалдын башында Трамп бутага так тийген соккуларды, өлтүрүлгөн ирандык жетекчилердин санын жана кийинки бомбалоо пландарын Нетаньяху менен кызыгуу талкуулаган. Бирок согуш узакка созулган сайын Трамп Нетаньяхунун айрым билдирүүлөрүнө ишенбей баштаган жана Ирандын өкмөтүн кулатуу үчүн өлкө аймагына куралдуу топторду киргизүү планын четке каккан.

Булактар белгилегендей, Трампты эң көп кыжырданткан нерсе — ок атышууну токтотуу боюнча келишимге карабастан Израилдин Ливанды бомбалоону улантканы болгон. Маалыматтарга караганда, бир учурда ал Израиль менен Ливандын өкүлдөрүн Ак үйдөгү Овалдык кабинетке чакырып, келишимге жетишүүгө жеке өзү ортомчу болууну да сунуштаган.