Израилдик министр АКШны Иран менен болгон макулдашуулар үчүн сынга алды

АКШ жакынкы келечекте Израиль менен сөзсүз түрдө карама-каршылыкка жана мамилелерди тактоого туш болот, деп билдирди Израилдин маданият жана спорт министри.

Израилдин маданият жана спорт министри Мики Зоар АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген макулдашууларды сынга алды.

Израилдин Yedioth Ahronoth гезитинин маалыматына ылайык, Зоар Тель-Авивдеги иш-чарада сүйлөп жатып, АКШнын президенти Доналд Трамп жүргүзүп жаткан Иранга карата саясатты сынга алган.

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы макулдашуулар тууралуу пикирин билдирген министр АКШнын азыркы мамилеси туура эмес экенин айтты.

«АКШнын Иран маселеси боюнча азыркы позициясы туура эмес. Алар ким менен иш жүргүзүп жатканын толук түшүнө элек. Жакынкы келечекте АКШ Израиль менен сөзсүз карама-каршылыкка жана мамилелерди тактоого туш болот. Биздин АКШга болгон жообубуз сөзсүз баш ийүү болбойт», — деди ал.

Зоар ошондой эле Израиль өзүнүн коопсуздук кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, аскердик кадамдарды жасай турганын билдирди.

«Менин оюмча, АКШнын келишими өзөктүк курал маселесин чечпейт жана согуш адамдар ойлогондон алда канча эрте кайтып келет», — деп белгиледи министр.

АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашуулардан кийин Израилдин саясий чөйрөсүндө Трампка карата нааразычылык күчөгөнү айтылууда. Сын-пикирлер президент менен эле чектелбестен, буга чейин Тель-Авивге карата катуу билдирүүлөрдү жасаган АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин дарегине да багытталган.

Израилдин улутчул багыттагы улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир  өлкө «толук жеңишке абдан жакындаганын» айтып, премьер-министр Биньямина Нетаньяху АКШ менен Ирандын, анын ичинде Ливанга да тиешелүү болгон макулдашууларын четке кагууга чакырды.

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-июнда америкалык Axios порталына берген маегинде Вашингтон менен Израилдин мамилелери тууралуу сөз кылып жатып: «Эгер менин аракеттерим болбогондо, Израиль жер жүзүнөн жок болмок», — деп билдирген.

Өз кезегинде Жей Ди Вэнс АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууларга каршы чыккан Израил өкмөтүнүн мүчөлөрүн кескин сынга алды. Ал «Израилди коргоп жаткан куралдардын үчтөн экиси АКШда өндүрүлөт жана америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражатынын эсебинен каржыланат»,- деп белгиледи.