55 жыл Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин кайтарган осмон жоокеринин баяны

Бул – болгон окуя. Аны окуган адам көзүнө жаш алып, өзүнүн ислам баалуулуктарынын алдындагы жоопкерчилигин сезери шексиз. Баянды кунт коюп окууга чакырабыз.

1-дүйнөлүк согуштан жеңилүүгө дуушар болгон Осмон дөөлөтү карамагындагы жерлерден, анын ичинде Иерусалимден да чегинүүгө мажбур болот. Анткени эми аларга ээликти согуштан жеңип чыккан тарап жүргүзүшү керек эле. Бирок ошол кездеги эл аралык эреже, салт боюнча, бошотулган жерлерге жеңген тараптын аскерлери келгенге чейин шаардагы тартипти көзөмөлдөп турууга жеңилген тараптын аскерлери дайындалчу. Бул баянда Иерусалимде Аль-Акса мечитин кайтарууга жооптуу калган акыркы осмон жоокери тууралуу баяндалат.

1972-жылы Илхан Бардакчы аттуу түрк журналист досу менен биргеликте Иерусалимге жана андагы Аль-Акса мечитине зыяратка барышат. Алар мечитти кыдырып жүрүшүп, бою 2 метрге жеткен, арыктап сөөгү эле калган, эзелки, эскирген кийимчен, кардай аппак сакалдуу, жүзүн сансыз бырыш баскан карыган адамды көрүшөт. Бул адам колдору менен мылтыгын өзүнө бекем кыса кармап, кайгылуу көздөрү менен айланага көз чаптырып турган эле.

“Биринчи эле кезекте менин көңүлүмдү анын күнгө күйүп, оңуп кеткен үстүңкү кийими бурду”,-деп эскерет түркиялык журналист.

Биз ага жакыныраак барып, кунт коюп караганда жүрөгүм ордунан атырылып чыгып кете жаздады. Анын үстүндөгү кийими осмон заманындагы аскер формасы экенин тааныдым. Жанымдагы досум да аны таң кала карап, жаныбызда коштоп жүргөн адамдан сурады.

– Бул эмне болгон киши?

– Мен да билбейм. Бирок бул жерде ал илгертен бери эле жүрөт. Күн сайын ушул жерде таштай катып турат. Мээсинен айныган бирөө болсо керек.

“Жүрөгүм анын жанына барып сүйлөшүүгө тартып турду. Бардым да, “Ассаламу алейкум, ата” дедим. Менин үнүмөн ал башка бир дүйнөдөн келгендей, бир селт этти да, көпкө чейин мени нурлуу, бирок ошол эле учурда кайгылуу көздөрү менен карап: “Валейкум ассалам, балам”,- деди.

Ооба, ал менин түркчө сүйлөгөнүмдү түшүндү. Мен буга нес болуп катып туруп калдым. Жакын бардым да, алдына бөк түшүп, мылтыгын бекем кармаган бырыш баскан колдорун өөп кирдим.

“Ата, сиз кимсиз? Эмнеге бул жерде турасыз”,

-деп сурадым.

Ал өзүн тааныштырып, адеп, “20-дивизиянын 36-аскерий бөлүгүнүн 8-отрядынын 11- курал жарактуу мылтыгы бар он башы сержант Хасанмын”, – деди.

%article_title%

Андан соң: “Мен бул жакка Осмон аскер бөлүгүнөн калтырылган акыркы сакчымын. Согуштан кийин бардык фронтторго Осмон армиясынын чегингендиги тууралуу кабар жеткен соң ротабыздын капитаны Стамбулга кайтууга мажбур болгон. Бирок ал бизге ыйык мечитти күзөтүүнү улантууну буйруду. “Эгерде биз биринчи кыбылабызды таштап кете турган болсок, бул душмандарга кадимки майрам болот!”- деген ал. Ошентип, биз ушул жерде калдык. Мени менен калган башка аскерлер өз кызматын аткаруу учурунда набыт кетишсе, башкалары карылыктан улам көз жумду. Мен ошолордун акыркысымын. Аллах жолунда өз кызматымды колуман келишинче аткарып келе жатам”, -деди.

Буларды айтып бүтүп эле карыя мага өтүнүчү бар экенин билдирди:

– Балам, менин сага өтүнүчүм бар. Эгер колуңдан келсе, аткарууңду өтүнөм. Бул менин мойнума жүктөлгөн аманат. Аны сен бир адамга жеткиришиң керек.

– Албетте, айтыңыз. Мен сиздин аманатыңызды аткарганга бүткүл аракетимди жумшайм.

– Балам, сен Түркияга кайтканыңда Токатка барып, Мустафа деген мырзаны издеп тап. Эгер ал дале тирүү болгон болсо, анда, биринчиден, менин атымдан анын колун өп. Анткени, ал – менин командирим. Андан соң ага 20-дивизиянын 36-аскерий бөлүгүнүн 8-отрядынын сержанты Хасан ошол күндөн ушул күнгө чейин өзүнүн күзөт жайында, мага жүктөлгөн милдетти абийирдүүлүк менен аткарып келе жатканымды билдир.

Сержант Хасан сөздөрүн айтып бүттү да, кайра тик карап туруп калды”,- деди журналист Илхан Бардакчы.

%article_title%

Бардакчы анын өтүнүчүн аткарып, Токатка барып, командир Мустафа эбак эле оо дүйнөгө сапар алганын билет. Ал эми 10 жылдан соң, 1982-жылы “Аль-Акса мечитин күзөткөн акыркы Осмон жоокери бүгүн өз кызматында туруп жан берди”, -деген билдирүүнү алат.

Сержант Хасан 93 жаш курагында өзүнүн постунда туруп, жан берген.

Иерусалимди таштап, Түркияга кетүүсү тууралуу ага берилген буйруктан эмне үчүн баш тарткандыгын сержант Хасан мындай деп түшүндүргөн:

“Кандай гана буйрук болбосун, ал ким тарабынан гана берилбесин, Иерусалим бул буйруктардын баарынан өйдө турат. Мен бул жерде кызматымды өлгөнгө чейин, же мени өлтүрүп салышканга чейин аткарам деп өзүмө өзүм сөз бердим”,- деген ал.

Бул жоокер Ата Мекенин, сүйүүсүн узакта таштап, кызматын соңуна дейре өтөө үчүн бүт күчүн чогултуп, болуп көрбөгөндөй берилгендиктин, чыдамкайлыктын жана туруктуулуктун үлгүсүн көрсөттү.

Бул таң калычтуу окуяны 2017-жылы 16-декабрда Бишкекте өткөн “Иерусалим-мусулман дүйнөсүнүн кайгысы” аталышындагы тегерек столдо сөз сүйлөгөн түркиялык тарыхчы, коомдук ишмер, жазуучу Озер Реваноглу айтып берген.

Ал сөзүнүн соңунда: “Бул таң калычтуу окуя. Осмон дөөлөтүнөн калган акыркы аскер жарым кылымдан ашык убакыт кызматында турду. Хасан сержант өз кызматын чоң берилгендик, жоопкерчилик менен аткарып, “Мени таштап, унутуп кетишти. Курсагым ач, кийимим эски” дебей милдетин аягына чейин, Аллахтын жана Ата Мекенин алдындагы жоопкерчилигин сезип, 55 жыл бою ордунан жылбай аткарды. Биз мындан кандай сабак алышыбыз керек? Эч качан үмүтсүздүккө түшпөйлү, мусулман бир туугандар. Иерусалим шаарынын, Аль-Акса мечитинин исламдагы чоң ордун билели жана аны эч качан жүрөгүбүздөн чыгарбайлы. Ислам баалуулуктарынын алдындагы жоопкерчилигибизди унутпайлы!”,- деди.

Комментарий жиберүү