Amnesty International: Байден Израилге курал-жарак берүүнү токтотушу керек

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму жаңы баяндамасында Израиль Газага каршы чабуулдарында АКШда жасалган курал-жарактарды колдонуп жатканын билдирди.

Уюмдун баяндамасында Израиль эл аралык мыйзамдарды бузуу менен палестиналык жарандарга каршы АКШ берген курал-жарактарды колдонуп жаткандыгы, бул АКШнын Батыш Азиядагы эң жакын союздашына болгон колдоону азайтышы керекпи же жокпу деген кызуу талкууну күчөтөрү айтылат.

Уюм Израилдин армиясы Газада мыйзамсыз кол салууларды жасоо же карапайым калкты өлтүрүү үчүн АКШда жасалган куралдарды, анын ичинде JDAM авиациялык бомбаларын SDBs бомбаларын колдонгонун айтып, муну аскердик кылмыш катары иликтөө керек деп эсептейт.

Amnesty International Байден Израилге курал-жарак берүүнү токтотуусу керек дейт.

“АКШнын өкмөтү эл аралык гуманитардык жана адам укуктары боюнча мыйзамдар сакталмайын Израилдин кабинетине бардык курал-жарактарды жана башка буюмдарды берүүнү токтоосуз токтотушу керек”, – деп айтылат докладда.

Өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израиль Газаны тынымсыз бомбалап, кургактан операция жүргүзүп келе жатат. Андан бери 34 миңден ашуун палестиналык набыт болду. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар.

Атын атагысы келбеген Израилдин министрлер кабинетинин жогорку даражалуу аткаминери Тель-Авив куралдуу кагылышуулардын мыйзамдарын сактайт деп ырастоодо.

АКШ көп жылдардан бери Израилдин негизги аскерий колдоочусу болуп, ага жыл сайын 3 миллиард доллардан ашык коопсуздук жардамын берип келет.

Amnesty International декабрь жана январь айларында Рафахтагы турак жайларга жасалган кол салууларда АКШда жасалган куралдарды колдонулганын белгилейт. Ал чабуулда кеминде 95 киши, анын ичинде 40тан ашуун палестиналык бала набыт болгон.  Аталган уюм кийинчерээк кол салуудан калган куралдардын сыныктарын талдоо үчүн ошол чабуулдар болгон жерлерге барган.

Эл аралык  уюм Израилдин министрлер кабинетин согуш маалында карапайым калкты коргоо убадасын аткарбай жатат деп айыптады.

Буга чейин The Wall Street Journal басылмасы америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Израилге 1 миллиард доллардан ашык суммага курал-жарак берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын, бул Израилдин Газадагы операциясы башталгандан берки эң кымбат жардам болорун жазган.

24-апрелде Ак үйдүн башчысы Украинага, Израилге жана Тайванга жалпы суммасы 95 миллиард долларды түзгөн чет элдик аскерий жардам боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.

Комментарий жиберүү