ЖМК: Түндүк Корея Түштүк Кореяга барчу жолго миналарды койду

Түндүк Корея Түштүк Корея экөөнү бөлүп турган демилитаризацияланган аймактагы жолго миналарды койду. Бул тууралуу түштүк кореялык “Yonhap” агенттиги түштүк кореялык аскерлер арасындагы булакка таянуу менен билдирди.

Аскердик аткаминердин айтымында, мина коюу корея аралык жолдорду жабуу боюнча бир катар чаралардын акыркы кадамы болду. Өткөн жылдын соңунда түштүк кореялык аскерлер алгачкы жолу Түндүк Корея демилитаризациялаган аймактын ичиндеги жолго миналарды коюп жатканын көрүшкөн.

Эки өлкө ортосундагы жол 2018-жылы түзүлгөн эки тараптуу аскердик макулдашуунун негизинде Түштүк менен Түндүктү бириктирүү үчүн курулган. Анда тараптар 1950-1953-жылдардагы Корей согушунда Arrowhead дөбөсүнүн жанында курман болгондордун сөөктөрүн издөө боюнча биргилешкен аракеттерди көрө баштаган. Ал жерде Бириккен Улуттардын Уюмунун аскерлери Кытайдын ыктыярдуу элдик армиясына каршы салгылашкан.

Өткөн жылдын аягынан бери Түндүк Корея эки Кореянын ортосундагы бардык жолдорго миналарды орноткон. Январь айында Түндүк Кореянын аскерлери эки корея аралык жолго – батыштагы Кёнги жолуна жана чыгыш жээктеги Тонхэ жолуна мина коюп жатканын көрүшкөн. Ошондой эле өткөн айда аскерлер Түндүк Корея эки жолдун боюндагы ондогон көчө чырактарын алып салганын аныкташкан.

Агенттик белгилегендей, мындай кадамдар Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен биригүү идеясынан баш тартууга жана эки өлкөнүн мамилесин «бири-бирине душман болгон эки мамлекеттин» мамилеси катары аныктоого чакыргандан кийин жасалган.

Январь айында Ким Чен Ын чек арадагы корейлер аралык байланыштын бардык каналдарын “кайтарылгыс деңгээлге” жабуу үчүн “катуу” чараларды көрүүнү буйруган.

Комментарий жиберүү