Россиянын 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги аскердик чыгымдары рекорддук чекке жетти

2026-жылдын биринчи чейрегинде Орусиянын мамлекеттик бюджетинен согушка жумшалган каражат жаңы рекорд коюп, 5,9 триллион рублга жетти. Мындай жыйынтыкка Германиянын Эл аралык коопсуздук маселелери институтунун илимий кызматкери, экономист Янис Клюге Россиянын Каржы министрлигинин маалыматтарын талдоонун негизинде келген.

Клюгенин айтымында, бул сумма өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30%га көп. 2025-жылдын биринчи чейрегинде Россиянын аскердик чыгымдары болжол менен 4,5 триллион рубль болсо, азыр бул көрсөткүч 5,908 триллион рублга жеткен.

Чыгымдардын өсүшү негизинен жашыруун бюджеттик чыгашалардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт. Алардын көлөмү 3,4 триллион рублдан 4,9 триллион рублга чейин өскөн.

2018-жылдан 2026-жылга чейинки биринчи чейректердеги аскердик чыгымдардын графигинде боз түс менен жашыруун чыгымдар көрсөтүлгөн.

2026-жылдын биринчи чейрегинде федералдык бюджеттин жалпы чыгымдары 12,8 триллион рубльду түзгөн. Демек, бардык бюджеттик чыгымдардын болжол менен 38%ы жашыруун болуп саналат. Аналитик белгилегендей, бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык, жашыруун чыгымдардын 85%ы аскердик муктаждыктарга туура келет.

Согушка кеткен чыгымдар жалпы мамлекеттик чыгымдардын болжол менен 46%ын түзгөн. Башкача айтканда, бюджеттен сарпталган ар бир экинчи рубль аскердик максаттарга жумшалууда.

Эгер бул сумманы биринчи чейректеги 90 күнгө бөлсөк, анда Россиянын бийлиги күн сайын аскердик муктаждыктарга орточо эсеп менен 65 миллиард рубль коротуп жатканын көрүүгө болот.

Клюге ошондой эле 2026-жылы аскердик чыгымдар өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору болот деп болжолдойт. Бул расмий бюджеттик пландарга каршы келет. Орусиянын бийлиги 2026-жылы улуттук коргонууга кеткен чыгымдар ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 6,2%ына чейин кыскарат деп эсептейт. Өткөн жылы бул көрсөткүч 7,8%ды түзгөн.

Экономисттин пикиринде, мындай максатка жетүү кыйын. Анткени биринчи чейректин өзүндө эле аскердик чыгымдар Россиянын быйылкы жылга болжолдонгон жалпы ИДӨсүнүн 2,5%ына барабар болуп калган.

Ошол эле учурда аналитик чыгымдардын өсүшү «бухгалтердик акробатика» менен да байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгилейт. Тактап айтканда, 2025-жылдын аягындагы айрым чыгымдар бюджеттин пландалган тартыштыгын ашырып жибербөө үчүн 2026-жылдын башына жылдырылган болушу мүмкүн.

Клюгенин айтымында, азырынча чыгымдардын өсүшүнүн так себебин аныктоо кыйын. Бул боюнча так жыйынтыкты 2026-жылдын экинчи чейрегинин финансылык отчеттору жарыялангандан кийин гана чыгарууга болот.