Трамп Иран менен согушка чейинки мамилелерге кайтууну майрамдоодо

Ирандын Pars Today маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, америкалык The Washington Post гезити Иран менен АКШнын ортосундагы меморандум тууралуу макаласында Доналд Трмп азыр 28-февралга чейинки абалга кайтууну майрамдап жатканын жазды. Айрым эксперттер муну түз маанисинде артка чегинүү катары баалашууда.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Иран менен АКШнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү Трамп кымбатка түшкөн согушту токтотууга аракет кылып жаткан учурда калыптанууда. Макалада белгиленгендей, согуштун башындагы Ислам Республикасынын күчүн жок кылуу тууралуу катуу билдирүүлөргө карабастан, азыр анын негизги максаты Ормуз кысыгын кайра ачуу болуп калды.

Жекшемби күнү Трамп Иранга каршы кампаниясынын аяктаганын жарыялап:

«Дүйнөнүн бардык кемелери, кыймылдаткычтарыңарды иштеткиле! Мунай агып турсун!», — деген.

The Washington Post гезитинин баяндамачысынын айтымында, Трамп иш жүзүндө 28-февралга, башкача айтканда АКШ менен Израилдин Иранга каршы чабуулдарынан бир күн мурдагы кырдаалга кайтууну майрамдап жатат.

Баяндамада Ирандын акыркы айлардагы каршылыгынан улам Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер пайда болгону белгиленет. Макалада Трамп өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилөө учурунда журналисттердин алдында Нетаньяхуну катуу сынга алганы айтылат.

Макаланын дагы бир бөлүгүндө төмөнкүлөр белгиленет:

«Согушка чейинки риторикадан айырмаланып, АКШ президенти эми Ирандагы режимди алмаштыруу тууралуу сөз кылбай калды. Ал Тегеран менен сүйлөшүүлөргө көңүл буруп, тынчтыкка коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жаңы аскердик аракеттерден оолак болууга аракеттенүүдө. Мунун мисалы катары ал жекшемби күнү Нетаньяхуну Ливандын чет жакасына жасалган чабуул үчүн сынга алган».

The Washington Post ошондой эле Трамптын айрым эң ишенимдүү тарапташтары Иран менен түзүлгөн келишимге каршы чыгып жатканын белгиледи. Алардын арасында америкалык консервативдүү саясий баяндамачы жана радио алып баруучу Марк Левин бар. Ал келишимдин бардык деталдарын коомчулукка жарыялоого чакырган.

Трампка жакын саясатчылардын дагы бири, сенатор Линдси Грэм да Иранга каршы аскердик күч колдонууну жактаган саясатчы катары белгилүү. Ал Иран менен АКШнын ортосунда келишимге жетишилгени жарыялангандан кийин АКШнын вице-президенти Джей Жи Вэнсти «келишимдин архитектору» деп атаган. Ошондой эле ал келишимдин толук тексти АКШ Конгресси тарабынан жактырылышы керек экенин баса белгилеген.