Азербайжан жана Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр Казакстанда өтөт

Казак тараптын сунушу боюнча Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери жакынкы мезгилде Алматыда тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жолугушушат. 

Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашылгандыгын азербайжан президентинин пресс-кызматы маалымдады.

Армения ТИМнин пресс-катчысы  Ани Бадалян азербайжан тарап менен Алматыда жолугушуу тууралуу макулдашууну тастыктаган менен ал качан болорунун мөөнөтүн тастыктаган жок.

Ал эми Казакстан ТИМнин расмий өкүлү  Айбек Смадияров жолугушууну уюштурууда республиканын бийлиги ортомчулук милдетти аткарбай тургандыгын белгиледи.

«Биз азыр Азербайжан жана Армениядагы кесиптештерибиз менен байланыштабыз. Алдыдагы сүйлөшүүлөр  тараптардын ортосунда гана өткөрүлөт. Астананын ортомчулугу тууралуу сөз жок экендигин баса белгилегим келет, биз болгону  good offices деп аталган ак ниеттик кызматын көрсөтөбүз», – деди Смадияров.

Казакстан Армения менен Азербайжандын ортосунда сүйлөшүүлөр үчүн аянт берүүгө даяр экендигин республиканын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-апрелде Ереванга барган иш сапарында билдирген.

Комментарий жиберүү