ЖМК: Йемен куралдуу күчтөрүнүн деңиз операциясы Израилдин кылмыштарын токтотууга багытталган

Йемендин улуттук куткаруу өкмөтүнүн тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү дүйшөмбү күнү кечинде бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн деңиз операциясы Израилдин Газадагы кылмыштарын токтотууга багытталганын билдирди.

Al-Masira маалымдагандай, ал деңиз операциясынын Йемен кризисинин чечилишине эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Ал Йемендеги тынчтыкка жана Газадагы кылмыштуу өлтүрүүлөрдү токтотууга АКШ тоскоол болуп жатканын белгиледи.

Йемендик аткаминер АКШдагы алдыңкы университеттердин студенттеринин Израилге каршы нааразычылык акциялары учурунда камоолорго да токтолду.

“Америка эли Байден өкмөтүнүн Израилдин Газа калкына каршы кылмыштарына катышуусуна каршы болсо да, бул талаптарды чечүүнүн ордуна, студенттерди ырайымсыздык менен басып жатышат, бул АКШнын демократия жөнүндөгү ураандарынын жалган экенин көрсөтүүдө”, – деди ал.

Акыркы айларда Йемен армиясы Газадагы Палестина улутунун каршылыгын колдоо максатында Кызыл деңиз жана Баб ал-Мандаб кысыгында басып алынган жерлерге багыт алган бир нече америкалык, британиялык жана израилдк кемелерди бутага алууда.

Алар Израиль Газага чабуулун токтотмоюн Кызыл деңиздеги бул режимдин же ага тиешелүү кемелерди бутага алууга убада беришкен.

Комментарий жиберүү